"Баарын тоноп кетишти": Казакстандагы нааразылык акцияларынын чыгымы
Абдужалил Абдурасулов
BBC News, Алматы

Андрей Михайлович Казакстандын эң ири шаары Алматынын четиндеги тонолгон соода борборуна киргенде сынган айнектин үнү жаңырды. Бош кутулар, телефондордун сырты, бут кийимдер жана башка товарлардын калдыктары ар жерде чачылып жатты.
Михайлович уулу менен соода борборунда кийим дүкөнүн иштетет. Ал 4-январда Алматыда тополоң башталгандан бери ага биринчи жолу барды. Кыйроону көрүп, үн-сөзгө келе албай туруп калды.
"Алар баарын тоноп кетишиптир. Үч күндүн ичинде алар товарды алып чыгып, бардыгын уурдап кетишкен. Биздин жоготууларыбыз абдан чоң. Көптөгөн адамдар оокат-жайысыз калышты»,-деди ал.
Биз токтоп калган эскалаторго жетейин деп калганда, бир нече ок атылды. Биз токтоп калдык. Көрсө, аскерлер соода борборунан чоочундарды кууп жатышкан экен. Мындан ары талап-тоноого жол бербөө үчүн аскерлер аймакты кайтарууда.
Бирок коргой турган деле көп нерсе жок.
Жергиликтүү тургун Едил кагылыш болгон алгачкы түндөрдү «Мародерлор айнекти сындырып, имаратка кирип, банкоматтарды талкалап кетишкен», - деп эскерет.
Ал досуна дүкөнүн жана товарларын коргоп калууга жардам берүү үчүн келген.
«Албетте, корктук. Алар бизге ок чыгарышты. Соода борборунун күзөтчүлөрү шланг менен коргоого аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан жок", - деди Едил.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мародерлор имаратты бир нече жерден өрттөшкөн.
«Бул жерди түтүн каптап турган. Биз өрттү өчүргөнгө аракет кылдык. Өрт өчүргүчтөрдү чакыралы дедик, бирок телефон линиялары үзүлүп калган болчу», - деп эскерет Едил.
Алматынын башкы аянтына барганда унаалардан үч адамдын сөөгүн көрдүм.
Алар балким учак кырсыгында каза болушкан же атып өлтүрүлүшкөн. Бир унаа даракты сүзсө, экинчиси капталындагы арыкта жаткан. Алар бир нерседен качмакчы болуп, капысынан башкаруусун жоготушкан окшойт.
Атышуулар болуп жатканда Алматынын башкы аянтына жакын жердеги мейманканадан жардыруулардын, мылтыктын жана автоматтардын үнүн угуп турдум.
Мен асмандын кулак тундуруучу гранаталардан жаркылдап күйүп жатканын көрүп, Казакстандагы башка адамдардай эле зордук-зомбулуктун канчалык тез жайылып кеткенине таң калып жаттым.
Күч органдарына туш болгондор кимдер болгон? Алар чын эле митингчилер болгонбу?
Өкмөт аларды бандит жана террорист деп, алардын куралданганын деп айтып жатат.
Алардын айрымдары куралдарын алып алабыз деген үмүт менен милиция бөлүмдөрүнө жана аскер бөлүктөрүнө чабуул жасоого аракет кылышкан. Кээ бир учурларда ал аракеттер ийгиликтүү болду. Ошондой эле алар ок атуучу куралдардын бир нече дүкөнүнө кирип, тоноп кетишкен.
Кыймыл башталган Батыш Казакстандагы демонстранттар нааразылык акциясы тынч өтүп жатканын жана агрессияны колдобой турганын айтышууда. Алар бийликти зордук-зомбулукка түрткөн деп айыпташууда.
Алматылык саясат талдоочу Досым Сатпаев күч органдарына кол салган жана имараттарды басып алган зомбулуктун өзөгүн демонстрацияларды басып алган жакыр үй-бүлөлөрдүн жумушсуз жаштары түзөт деп эсептейт.
«Эгерде сиз Казакстандын чоң шаарларын карасаңыз, анда көптөгөн жумушсуз жаштарды табасыз, бул потенциалдуу агрессивдүү масса», - дейт ал.
Эми бул адамдар Алматыдагы окуяларды өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылышты», - деди Сатпаев.

Экономикалык нааразычылыктар Казакстандагы нааразылыктарды күчөткөн негизги факторлордун бири болду.
Калктын жашоо сапатын жакшырта албаган авторитардык системага нааразылык акыркы жылдары күчөп баратат.
2019-жылы Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 30 жыл бийликте отургандан кийин отставкага кетерин жарыялаганда, эл өзгөрүү болоруна ынанган.
Бирок Назарбаевдин мураскору Касым-Жомарт Токаев бийликке келгенде, бул элдин нааразычылыгын гана арттырып, ал эми январь айында күйүүчү майдын кымбатташы массалык каршылык акцияларынын чыгышына алып келди.
Бирок айрым серепчилер бул каршылык акцияларында мынчалык зордук-зомбулуктун көп болушун коомчулуктун нааразычылыгы менен гана түшүндүрүүгө болбойт деп эсептешет.
Алар кагылышуу азыркы жана мурдагы президенттердин бийлик талашуусунан улам келип чыккан деп эсептешет. Назарбаев мырза саясий сахнада ушундай күчтүү таасирин улантып турганда, Токаев бийликти толук пайдалана албайт.
Атайын кызматтын мурдагы башчысы, Назарбаевдин жакын адамы Карим Масимовдун жакында камакка алынышын да көпчүлүк ушул бийлик үчүн күрөштүн мисалы катары баалап жатышат.
Сатпаев элитадагы бийлик үчүн атаандаштык Казакстандын стабилдүүлүгүнө олуттуу коркунуч келтирет деп эсептейт.
«Бирок бийлик үчүн күрөш сөзсүз түрдө эки лидердин ортосунда эмес, балким, алардын “ички чөйрөсүнө” киргендердин ортосунда болушу мүмкүн»,- дейт ал. (MD)








