"Кремлге так сигнал: жетишет!". Европа орус газынан баш тартууну чечти

Алексей Калмыков, Би-Би-Си

Путин

Сүрөттүн булагы, Bloomberg

Орусиянын Украинага каршы согуш ачканына төрт жылга аяк басканда гана Евробиримдик маанилүү чечим кабыл алып, орус газынан толук баш тартканы жатат. Бул аркылуу уюм Кремлдин ЕБ өлкөлөрүнө басым көрсөтүшүнө бөгөт коюуну көздөйт. Эгерде план ишке ашса, 2027-жылдын аягына чейин Европа Орусиядан куур аркылуу да, суюлтулган түрдө да газ сатып албай калат.

Бул кырдаалдан эң чоң пайда көрө турган тарап – АКШ. Ал дүйнөдөгү эң ири мунай, газ өндүргөн жана Европага энергия ресурстарын жеткирген негизги өлкө.

Бул жагдайдан уттургандар — Орусия президенти Владимир Путинге ыктаган Европадагы саясатчылар, атап айтканда Венгрия менен Словакия бийлиги. Алар арзан орус газынан баш тартууга ашыкпай, Украинадагы согуш үчүн Орусияга каршы Евробиримдик киргизген санкцияларга бөгөт коюп жатышат.

Ошондуктан Европа башка жолду тандады.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Европа Биримдиги орус мунайы менен көмүрүн сатып алууну токтоткон. Бирок газдан дароо баш тартуу оңой болгон жок. Согуш баштала электе эле Путин Германияны жана башка бир катар ЕБ өлкөлөрүн орус газына көз каранды кылып, газ аркылуу көзөмөл жүргүзүүнү күчөткөн. Украинага кол салардан бир жыл мурда эле ал Европага каршы газ согушун баштап, энергетикалык кризисти атайылап жаратып койгон.

Мындай шарттарда Евробиримдик орус газына каршы санкцияларды киргизүүгө батынган жок. Кийинчерээк башка булактардан газ ташып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндө, санкция процессин Венгрия менен Словакия жайлатып, тоскоолдук жаратып жаткан. Аларга "Газпромдун" башкы эки негизги кардары – Австрия менен Италия да тымызын тилектеш болгон.

Санкциялар үчүн Евробиримдиктин бардык 27 өлкөсүнүн макулдугу талап кылынат. Алардын ар бири вето укугуна ээ жана санкцияны алты ай сайын узартып туруш керек.

Шейшембиде сунушталган план бул тоскоолдукту айланып өтүп, көпчүлүк добуш менен орус газынын импортуна чектөө киргизүүгө жол ачат.

"Орусия бизди бир нече ирет шантаж кылууга аракет кылып, энергия ресурстарын кысым көрсөтүүнүн куралы катары колдонду. Биз бул кранды толук жаап, Европада орус күйүүчү майынын дооруна чекит койгон чечкиндүү кадамдарды жасадык", — деди Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссиянын сунушун Европарламент менен бирге шаркетке мүчө өлкөлөрдүн квалификациялуу көпчүлүгү жактырышы керек.

Орусиянын "Түндүк агымы" газ кууруна каршы Берлиндеги демонстрация, 2022-жылдын январы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын "Түндүк агымы" газ кууруна каршы Берлиндеги демонстрация, 2022-жылдын январы

Венгрия кайрадан каршы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Евробиримдик мурда эле 2027-жылдын аягына чейин орус энергия булактарынан толук баш тартууну максат кылып койгон. Бирок аны ишке ашыруунун жолун таппай келген. Себеби европалык компаниялар узак мөөнөттүү келишимдерден бир тараптуу баш тарткан учурда "Газпромго" айып төлөп калат. Евробиримдик бул жагдайды форс-мажор катары негиздеп, кун төлөбөй кутулуунун жолун билбей жаткан.

Мунун эң жөнөкөй жолу — мунай менен көмүргө карата колдонулгандай эле, орус газынын импортуна да санкция киргизүү болчу. Бирок бул боюнча бардык өлкөлөрдүн макулдугун алуу мүмкүн болгон жок.

Жаңы сунушталган план болсо, Евробиримдиктин энергетикалык коопсуздугун коргоо максатында орус газына карата соода чектөөлөрүн акырындык менен киргизүүнү карайт.

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта жаңы келишимдер боюнча газ сатып алууга тыюу салынат. Кыска мөөнөттүү азыркы келишимдер 2026-жылдын 17-июнунан тарта токтотулат. Ал эми узак мөөнөттүү келишимдерден 2027-жылдын аягына чейин толук баш тартуу пландалууда. Ошол эле маалда Орусиядан суюлтулган газды сатып алуу да токтотулат.

Венгрия менен Словакия үчүн өзүнчө жеңилдик каралган: бул эки өлкө 2027-жылдын аягына чейин кыска мөөнөттүү келишимдердин негизинде газ импортун уланта алышат. Бирок бул жеңилдикке карабастан, алар нааразы болуп, Евробиримдикке кысым көрсөтүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышат.

Мисалы, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Украинаны электр энергиясы менен камсыздоону токтотобуз деп коркутту. Учурда Украина ЕБ өлкөлөрүнөн электр энергиясын алат. Анын 40% Венгрия аркылуу жеткирилет.

"Еврокомиссиянын орус энергия булактарына тыюу салууну көздөгөн саясий мүдөө менен сунушталган бул планы – олуттуу ката. Бул сунуш энергетикалык коопсуздукту тобокелге салып, баанын өсүшүнө алып келет жана биздин эгемендигибизге доо кетирет", – деп жазды Венгриянын тышкы иштер министри Х коомдук сайтына.

Газ кууру

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Мындан ары чыдоого болбойт"

Евробиримдик бул саясий маселе экенин жашырбайт. Жаңы сунушталган план экономикалык пайданы көздөбөйт. Ал Украинага колдоо көрсөтүү жана Европаны Кремлдин энергетикалык шантажынан, "газ дипломатиясынан" коргоо үчүн жазылган.

Еврокомиссар Дэн Йоргенсен май айында Евробиримдиктин орус мунай-газына болгон көз карандылыгынан кутулуу планын сунуштаган:

"Евробиримдик Орусияга так жана ачык белги берип жатат, жетишет! Биз мындан ары Орусияга энергетикалык ресурстар аркылуу кысым көрсөтүүгө жол бербейбиз. Евробиримдиктин өлкөлөрүн шантаж кылууга мүмкүндүк бербейбиз. Кремлге согушту улантуу үчүн акча табууга көмөктөшпөйбүз".

Буга чейин эле Евробиримдик орус көмүрүн, мунайын жана мунай өнүмдөрүн сатып алууга тыюу салган. Согуш баштала электе Европага көмүрдүн дээрлик 50% жана мунайдын 27% Орусиядан келип турган. Азыр болсо бул көрсөткүч дээрлик нөлгө түшүп калды.

Газдын импорту да кескин кыскарды, бирок анын себеби башка: Кремль өз алдынча газ агымын токтотуп, Европага кетчү негизги куур — "Түндүк агым" жарылып, Украина аркылуу транзит үзгүлтүккө учураган.

Еврокомиссиянын маалыматына ылайык, согушка чейин Европадагы газ импортунда Орусиянын үлүшү 45% болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 13 пайызга чейин төмөндөгөн.

Ошентсе да Кремль евро табууну улантып жатат: 2024-жылы Евробиримдик Орусиядан суюлтулган газ сатып алууну көбөйтүп, жалпы жонунан энергия ресурстары үчүн 23 миллиард евро төлөгөн. Бул тууралуу еврокомиссар Дэн Йоргенсен билдирген.

Америка даяр турат

Европа орус газынан баш тартуу менен АКШга чоң пайда алып келет. Бул Евробиримдик менен Дональд Трамп жарыялаган соода согушу маалында жүрүп жаткан татаал сүйлөшүүлөрдө кошумча көзүр болуп калышы да мүмкүн.

Кремль газ крандарын жаап салууга бел байлаган соң АКШ Катар менен бирге Европага газ жеткирген негизги өлкөгө айланды. Азыр АКШ дүйнөдөгү эң чоң газ рыногу болгон Европада өз ордун мындан дагы бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алды.

Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, учурда Европадагы газ импортунун 20% АКШнын суюлтулган жаратылыш газы түзөт. Трамптын администрациясы кийинки беш жыл ичинде экспортту эки эсе көбөйтүүнү көздөп жатат. Ал эми Евробиримдик биринчи кардар.

АКШ соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдө өзүнүн энергия ресурстарын көбүрөөк сатууга далбас урууда. Бул жагдайда Евробиримдикке курулай убада бергенге болбойт. ЕБга чындап эле кошумча газ керек. Ошондуктан АКШ Евробиримдиктин 17-июнда жарыялаган планына тыкыр көз салып жатат.

S&P Global агенттигинин маалыматына ылайык, Европа 2027-жылга карата орус газынан толук баш тартса, АКШда жылына 45,5 миллион тонна суюлтулган газ өндүрүү долбоорлору даяр турат.

Эгерде согуш токтосо же тынчтык келишими менен Евробиримдик Орусиядан газ сатып алууну кайра баштоону чечсе, анда АКШнын экономикасы бул долбоорлор үчүн пландалган 120 миллиард доллар инвестициядан кур калат. (АА)