Израил Катарда ХАМАС жетекчилигине сокку урду. Негизги бута кимдер болгон?

Сүрөттүн булагы, Ibraheem Abu Mustafa/Reuters
Израил ХАМАС жетекчилигине багыттап, Катардын борбору Дохага бир нече жолу абадан сокку урду. Катар муну эл аралык мыйзамдарды бузуу деп атады. Бул Израил Катар аймагына жасаган тарыхтагы биринчи сокку болуп калды.
Палестиналык радикал уюм анын беш мүчөсү набыт болгонун билдирди. Курман болгондордун арасында Газадагы ХАМАС жетекчиси Халиль аль-Хайянын уулу да бар. Бирок уюмдун жетекчилиги жабыркаган эмес. Ошол эле учурда ХАМАСтын лидерлери азырынча расмий билдирүү жасай элек.
Катар АКШнын Жакынкы Чыгыштагы маанилүү өнөктөшү. Ошол эле учурда 10 жылдан ашуун убакыттан бери ХАМАСтын саясий жетекчилигине башпаанек берип, Вашингтон менен бирге Газадагы согушту тынчтык жолу менен чечүү аракетинде ортомчулук ролду ойноп келет.
Эмне болду?
Шейшембиде Катардын борбору Дохада бир нече жардыруулар угулуп, адамдар асманды каптаган түтүнгө күбө болушкан.
Израилдин Коргоо күчтөрү 7-октябрдагы Израилге кол салуулар үчүн түздөн-түз жооптуу ХАМАС жетекчилигине сокку урганын билдирди. Операция Израилдин коопсуздук жана контрчалгын кызматы ШАБАК менен биргеликте жүргүзүлгөн.
"Соккуга чейин жарандарга келтирилген зыянды азайтуу үчүн чаралар көрүлдү. Жогорку тактыктагы курал колдонулуп, кошумча чалгын маалыматтары пайдаланылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Кийинчерээк Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Дохага жасалган соккуну ырастап, аны Израилдин "өз алдынча операциясы" деп атады.
"Бүгүнкү иш-чара ХАМАС террордук уюмунун лидерлерине каршы толугу менен Израилдин өз алдынча операциясы болду. Аны Израил демилгелеп, Израил ишке ашырды жана Израил толугу менен жоопкерчиликти өзүнө алат", - деди Нетаньяху.
Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Израил сокку тууралуу Катарга да, АКШга да кабарлаган. Израилдин 12-каналы билдиргендей, Трамп операцияга макулдугун берген. Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү болсо өлкөгө алдын ала эскертүү берилбегенин билдирди.
ХАМАСтын жогорку даражалуу булагы Аль-Жазирага билдиргендей, кыймылдын лидерлери Дохада АКШ президенти Дональд Трамптын Газада ок атышууну токтотуу сунушун талкуулап жаткан маалда кол салуу болгон. Эки күн мурун Трамп топко "соңку ирет эскертүү" берген.
"Мен ХАМАСка (келишимден) баш тартуунун кесепеттери тууралуу эскерттим. Бул менин соңку эскертүүм, башка болбойт", - деп жазган Трамп өзүнүн Truth Social платформасына.

Израил операциясында негизги бута кимдер болгон?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ХАМАС лидерлеринин тагдыры азырынча белгисиз. Израилдик ЖМКлардын маалыматына караганда, топтун өлтүрүлгөн лидерлеринин арасында кыймылдын чет элдик канатынын башчысы Халед Мешаал да бар. Аны Израил 1997-жылы Иорданияда көзүн тазалоого аракет кылган.
Times of Israel басылмасы араб медиасына таянып жазгандай, соккуга дуушар болгон ХАМАСтын штаб-квартирасында топтун Газадагы лидери Халил аль-Хайя да болгон. Ал ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышып келген. Ал арада Reuters агенттигине ХАМАС тобундагы булактары сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү аман калганын кабарлаган.
Мындан тышкары штаб-квартирада уюмдун Батыш жээктеги боюнча жетекчиси Захер Жабарин жана ХАМАС Шурасынын (кеңеши) башчысы Мухаммад Дарвиш да болгон.
ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Сухайль аль-Хинди Al Jazeera телеканалына берген маегинде Халиль аль-Хайя тирүү экенин, бирок анын уулу Хумам, жакын жардамчысы жана балким үч күзөтчүсү курман болгонун айтты. Ал ХАМАСтын Израил бутага алган лидерлери аман-эсен экенин бир нече ирет кайталады.
Трамп бул ишке тиешеси жок экенин айтууда
АКШ президенти Дональд Трамп, Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө, Дохадагы Хамастын жетекчилигине сокку уруу чечимин Израил өз алдынча кабыл алганын жана бул тууралуу ал Американын аскер күчтөрүнөн укканын билдирди.
"Бул чечимди премьер-министр Нетаньяху кабыл алды, менин чечимим эмес", — деп жазган Трамп.
АКШ президентинин айтымында, ал алдыда боло турган сокку тууралуу билгенден кийин, дароо чабарманы Стив Уиткоффко катарлыктарга кабарлоону тапшырган - "бирок соккуну токтотууга өтө кеч болуп калган".
"Эгемендүү мамлекет жана АКШнын жакын өнөктөшү Катарга, тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук кылып, чоң тобокелдикке барганына карабай, жасалган бир тараптуу сокку Израилдин да, АКШнын да кызыкчылыктарына туура келбейт",- деди Трамп.
"Ошол эле учурда Газа калктын азап-тозогунан кыянаттык менен пайдаланып жаткан ХАМАСты жок кылуу - татыктуу максат",- деп кошумчалады президент.
Трамп Катардын эмири жана премьер-министри менен байланышып, кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын аймагында мындай окуя кайталанбайт деп ишендиргенин жазды.
Мусулман өлкөлөрү соккуга нааразы, АКШ жакын өнөктөшүн жоготуп алышы ыктымал
Катардын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулун айыптады.
"Катар мамлекети Израилдин ХАМАСтын саясий бюросунун Дохадагы бир нече мүчөсү жашаган турак-жайларды бутага алган коркок чабуулун катуу айыптайт",- деди Катардын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мажед аль-Ансари.
Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы жана иш жүзүндө башкаруучу Мухаммед бин Салман Катардын эмири Мухаммед бин Таниге телефон чалып, "боордош Катар мамлекетин толук колдой турганын" билдирди.
Ал Израилдин соккусун "ачык" кылмыштуу аракет жана эл аралык мыйзамдар менен нормаларды одоно бузуу деп атады.
Сауд Арабиясы Катарга колдоо көрсөтүү үчүн бардык ресурстарын жумшай турганын, өлкөнүн коопсуздугун коргоо, суверенитетин сактоо боюнча көрүлүп жаткан бардык чараларды колдой турганын убада кылды.
Палестин автономиясынын башчысынын орун басары Хусейн аль-Шейх Израилдин соккусун "аймактагы стабилдүүлүккө коркунуч жаратуу менен бирге эл аралык укукту жана Катардын эгемендигин олуттуу бузуу" деп атады.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин аракеттери тынчтыкка жетишүүгө кызыкдар эмес экенин жана согушту улантуу ниетин көрсөтүп жатат деп билдирди.
"Бул жагдай Израил экспансионисттик саясатты жана терроризмди мамлекеттик стратегиясынын бир бөлүгү кылып алганынын ачык далили", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Кувейттин Тышкы иштер министрлиги кол салуу менен Израил "бардык эл аралык мыйзамдарды жана нормаларды" бузганын белгилеп: "Биз дагы бир жолу Коопсуздук Кеңешин эл аралык коопсуздукту сактоо жоопкерчилигин өзүнө алууга чакырабыз",- деп кошумчалады.
Иордания Израилдин агрессиясын "Катар элинин коопсуздугуна олуттуу коркунуч" деп эсептей турганын билдирди.
"Биз Катардагы боордошторубуз менен биргебиз жана бул агрессияга каршы ар кандай иш-аракеттерди толугу менен колдойбуз",-деп айтылат билдирүүдө.
Ирактын Тышкы иштер министрлиги да соккуну айыптап, аны "коркоктук" деп атады жана ар кандай агрессияга каршы турууда Катарга "толук колдоосун" билдирди.
Мальдив республикасынын президенти Мохамед Муиззу Израилдин "коркок" чабуулун кескин айыптап, аны "эл аралык укукту одоно бузуу жана көз карандысыз мамлекеттин эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө кол салуу" деп атады.
Ошондой эле Оман, Ливан, Алжир жана Казакстан да Израилдин аракеттерин сындады.
"Президент Касым-Жомарт Токаев Израил бийлигинин Катардын Доха шаарында жасаган аскерий аракеттерин айыптады. Себеби кандай болбосун, Израилдин Катардагы соккулары кабыл алынгыс болуп эсептелет. Алар Катар мамлекетинин суверенитетин бузуп, эл аралык укуктун принциптерине каршы иш жасап жатат", — деп билдирди Казакстан президентинин басма сөз кызматы.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да Израилдин соккусун катуу сынга алды.
"Ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу аракетинде абдан чоң роль ойноп жаткан Катарга Израилдин кол салуулары тууралуу кабар алдык. Муну Катардын эгемендигин жана аймагынын бүтүндүгүн одоно бузуу аракети деп баалайм",- деди Гутерриш маалымат жыйында.
Европа лидерлеринин арасынан Франция президенти да билдирүү жасады.
"Бүгүнкү Израилдин Катарга жасаган соккулары себеби кандай болбосун, кабыл алынгыс. Катар жана анын эмири шейх Тамим Аль Таниге тилектештигимди билдирем. Согуш эч кандай шартта аймакка жайылбашы керек", - деп жазды ал X социалдык тармагына.
Рим папасы Лео да кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.
"Израилдин Катардагы ХАМАС лидерлерине жасаган соккулары тууралуу олуттуу кабарлар алдык. Кырдаал абдан тынчсыздандырат" — деди понтифик.

Сүрөттүн булагы, Ibraheem Abu Mustafa/Reuters
Дохадагы сүйлөшүүлөрдүн келечеги
Би-Би-Би кабарчысы Франк Гарднер белгилегендей, бул окуя келечектеги тынчтык сүйлөшүүлөр жана дипломатиялык демилгелер үчүн кооптуу прецедент болуп калды:
"Азыр бир нече маанилүү суроолорго жооп алуу зарыл. Сокку тууралуу АКШнын алдын ала маалыматы бар беле? Эгер болгон болсо эгемен Катар мамлекетине кол салуу болгонун эске алганда, Аль-Удейдеги АКШнын ири авиабазасынын тагдыры кандай болот? Окуя Американын Перс булуңундагы бардык араб союздаштары менен болгон мамилесине кандай таасир тийгизет? 2021-жылга чейин АКШ менен Талибандын сүйлөшүүлөрү өткөн Катар дагы кооптуу болуп калса, анда коопсуз аймак кайда?"
Кийинчерээк Ак үйдүн басма сөз катчысы Би-Би-Сиге Израил АКШга боло турган сокку тууралуу эскерткенин кабарлады.

Сүрөттүн булагы, Ibraheem Abu Mustafa/Reuter

Чабуулдар Израил армиясынын башкы штабынын башчысы ХАМАСтын чет өлкөлөрдөгү лидерлерин бутага аларын убада кылгандан кийин эки жумага жетпеген убакыт аралыгында жасалды.
"Хамастын жетекчилигинин көпчүлүгү чет өлкөдө, биз аларга жетебиз", - деген эле генерал-лейтенант Эяль Замир 31-августта.











