Путин армиянын "баатырларын" даңктап, батышты эскертти
Стив Розенберг, Би-Би-Си редактору, Орусия, Москва

Сүрөттүн булагы, ЮРИЙ КОЧЕТКОВ/EPA-EFE/REX/Shutterstock
Кызыл аянтта жыл сайын өтүүчү аскердик парад бул жолу башкача көрүндү.
Жаздын күнү кар жаап жибергенден гана эмес.
Аянтта 9000 ашык аскер параддан өттү. Көп көрүнөт. Бирок мурунку жылдары - Россия Украинага басып киргенге чейин бул сандар мындан да жогору болгон.
Бүгүн аскердик техника дагы аз болду. Бир гана Т-34 танкы чыкты.
Эмне көп айтылды, бул Украинадагы согуш темасы болду. Парадга катышкандар арасында Украинада согушуп жаткан жоокерлер да болду.
Президент Владимир Путин Кызыл Аянттагы кайрылуусунда:" биз жеңиш күнүн атайын аскердик операция өткөрүп жаткан учурда белгилеп жатабыз", - деди. "Фронтто жүргөндөр биздин баатырлар".
Акыркы күндөрү Орусия Батыш өлкөлөрүн, анын ичинде Британия менен Францияны Орусияга коркунуч туудуруп жатат деп айыптоодо.
Бүгүн Владимир Путин Батышка эскертүү берди.
"Россия глобалдык тирешүүнү болтурбоо үчүн бардыгын жасайт", — деди Кремлдин лидери. "Бирок, ошол эле учурда, бизди коркутууга эч кимге жол бербейбиз. Биздин стратегиялык күчтөр ар дайым даяр турушат".

Сүрөттүн булагы, Sputnik/Рамиль Ситдиков/Кремль через REUTERS
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Владимир Путиндин тушунда Жеңиш күнү Россиянын эң маанилүү майрамы болуп калды.
Бул советтик фашисттик Германияны талкалоонун гана эмес, бул жеңиштин эбегейсиз адамдык баасын эскерүү күнү - Улуу Ата Мекендик согушта 27 миллиондон ашык советтик жаран курман болгон.
Бирок Жеңиш Күнүндө сөз басымдуу түрдө өткөн согуш эмес, азыркы Россия жөнүндө болууда.
Эгерде бул өлкөдө бүгүнкү күндө кандайдыр бир улуттук идея болсо, анда бул жеңиш идеясы. Орустарга тарыхта алардын өлкөсүнө Наполеон жана Гитлер сыяктуу чет душмандар басып кирип келип, жеңилип качканы дайыма айтылып келет.
Бүгүнкү Россияда бийлик өткөндү жөн гана эстеп эскербейт. Алар муну азыркы учурду актоого аракет кылып, курал катары колдонууда.
Алар орус калкы Украинадагы согушту Экинчи дүйнөлүк согуштун уландысы катары көрүшүн каалайт, ошондуктан тышкы күчтөр Россияны жок кылуу үчүн кайрадан баш көтөрдү деп ишендирүүдө. Бүгүнкү душмандар Украина жана Батыш.
Чынында Орусия 2014-жылы Украинадан Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасска аскерин киргизди. Ал эми 2022-жылы Путин Украинага масштабдуу түрдө кол салууга буйрук берди.

Сүрөттүн булагы, Сейфа Каракан/Анадолу через Getty Images
Украинадагы согуштун натыйжасында Россияда экстраординардуу жана кооптуу өзгөрүүлөр болуп жатат.
Экинчи дүйнөлүк согуштун үрөй учурган кесепетинен кийин орустар ондогон жылдар бою: "биз кандай гана кыйынчылык болбосун чыдай алабыз. Бир гана согуш болбосун" деп келишти.
"Согуш болбосун". Сиз бул сөздү гигант өлкөнүн кай жагында жүрбөңүз, бардык шаарлары менен айылдарында угасыз.
Эсимде, мурдагы советтик лидер Михаил Горбачев "согуш эми болбойт" деп көзүнө жаш алып сүйлөгөнүн. Ал советтик лидер катары өлкөнү кыдырып жүргөн учурда да ушул сөз көп айтылар эле.
Азыр болсо риторика өзгөрдү.
Бейшемби күнү Москванын четиндеги чакан шаарда мен согуш мемориалынын ачылышына күбө болдум. Ал Ооганстандагы советтик согушта, Чеченстандагы согушта жана Орусиянын Украинадагы согушунда курман болгон орус жоокерлерине арналган.
Жергиликтүү чиновник чыгып сүйлөдү. Ал жерде чогулган чоңдорго жана балдарга эмне деди?
"Согуштар дайыма болуп келген. Согуштар боло берет. Бул адамдын табияты".
Россияда болуп жаткан көрүнүш, буга чейин кандуу далай согуштан катуу жабыркаган өлкөдө согушту актоонун аракети. (КС)












