Жапониянын алгачкы аял премьер-министри. "Темир аял" атыккан Санаэ Такаичи ким?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Тиншуй Юң
- Role, BBC News
Сыйлаган инсаны — Маргарет Тэтчер. Жеке максаты — Жапониянын Темир аялы болуу.
Санаэ Такаичи жетектеген партия коалициялык өнөктөшүн тапкандан кийин Жапониянын парламенти аны алгачкы аял премьер-министр катары бекитти.
Мурда өкмөттө министр жана теле алып баруучу болуп иштеген, бир убактарда оор метал топто барабанчы болгон Такаичини азыр эми көптөгөн кыйынчылыктар күтүп турат. Мисалы, солгундаган экономика, ээ-жаа бербеген инфляция менен токтоп калган маянадан жабыркаган үй-бүлөлөр жана ошондой эле өлкөдө төрөттүн деңгээли кыскарып, геосаясий кырдаал чыңалып турган чагы.
Ал АКШ менен Жапониянын ортосундагы олку-солку мамилени дагы жөнгө салып, мурдагы өкмөттүн тушунда жетешилген тарифтик келишимдерди Трамптын администрациясы менен сүйлөшүшү керек болот.
Такаичи Нара перфектурасында 1961-жылы төрөлгөн. Атасы мамлекеттик кызматкер болсо, апасы полицияда иштеген. Бала кезден ал саясаттан алыс чоңойгон.
Бир убактарда ал оор метал топто барабанчы болгон. Такаичи жанында көп таякчаларды алып жүргөнү менен таанымал. Себеби барабанда катуу берилип ойноп жатканда таякчалары сынып кетчү. Ошондой эле, ал суучул жана авто сүйүүчү. Анын сүйүктүү Toyota Supra машинасы учурда Нарадагы музейде көргөзмөдө турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Саясатка келгенге чейин Такаичи теле алып баруучу болуп бир аз убакытка иштеген.
Ал 1980-жылдардагы АКШ-Жапония соода ажырымынын тушунда саясатка кызыга баштаган. Американын Жапония боюнча көз карашын түшүнүүгө бел байлаган Такаичи өзүнүн Жапонияга карата сын-пикири менен таанымал демократ айым Патриция Шредердин офисинде иштеген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Такаичи америкалыктар жапон, кытай жана корей тилдерин жана тамак-аштарын аралаштырарын көрүп, Жапония Кытай жана Түштүк Корея менен бирдей кабыл алынарын байкаган.
"Жапония өзүн коргой албаса, анын тагдыры АКШнын үстүрт пикринен көз каранды болуп кала берет", — деп тыянак чыгарган.
Ал биринчи жолу парламенттик шайлоого 1992-жылы көз карандысыз талапкер катары ат салышып, өтпөй калган.
Ал андан ары 1996-жылы ЛДПга кошулуп, кийинки жылы шайланып келген. Ошондон бери ал депутат болуп он жолу шайланган жана бир гана жолу өтпөй калган. Ал партиядагы эң ачык консервативдүү мүчөлөрүнүн бири катары таанылды.
Андан тышкары ал өкмөттөгү жетекчилик кызматтарда иштеди. Мисалы, экономикалык коопсуздук министри, соода жана индустрия министри жана эң узак убакыт ал ички иштер жана коммуникация министри болуп эмгектенген.
2021-жылы Такаичи ЛДПнын жетекчилигине биринчи жолу ат салышып, бирок Фумио Кишидага жеңилип калган. Ал кайра 2024-жылы аракет кылып, биринчи баскычтан өтүп, акыры Шигеру Ишибага жеңишти алдырган.
Быйыл, үчүнчү жолку аракетинде ал жеңишти багынтты.
"Максатым — Темир аял болуу", — деген ал жакында өткөн өнөктүк учурунда бир топ окуучуларга.

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images
Маркум Шинзо Абэнин колдоочусу Такаичи анын "Абээкономикасын" кайра жандантууга убада берген. Ал көп мамлекеттик сарптоону жана арзан карыз алууну көздөгөн экономикалык мүдөө.
Ал турмушка чыккан аялдарга мурдагы фамилиясын алып жүрүүгө уруксат берген мыйзамга көпкө чейин каршы болуп келген консерватор айым. Анын жүйөөсү боюнча, бул салтка каршы келет. Ошондой эле, ал бир жыныстагы адамдарды баш кошуусуна каршы.
"Ал өзүн Жапониянын Маргарет Тэтчери деп атайт. Финансылык дисциплина жагынан ал Тэтчерге эч эле жакындабайт", — деди Би-Би-Сиге Токиодогу Темпл университетинин профессору Жефф Кингстон. "Бирок ал адамдарды бириктире албаганы жагынан Тэтчерге окшош. Ал аялдарды колдоп кубаттай турган эч нерсе деле кылган жок деп ойлойм".
Ошентсе да анын үнү бир аз басаңдай баштаган. Өзүнүн өнөктүгү учурунда ал балдарды караган тарбиячылардын маянасын жарым жартылай салыктан бошотууну убадалап, үйлөрдө балдарды кароо кызматтарын көрсөткөн компанияларга корпоративдик салык жеңилдигин сунуштаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анын саясий сунуштарынын өзөгүндө өз үй-бүлөсү жана жеке жашоосу турат. Аялдардын саламаттыгын сактоо багытында оорукана кызматтарын кеңейтүү, үй тиричилиги менен алектенген кызматкерлердин эмгегин баалоо жана Жапониянын улгайып бараткан муунуна кам көрүүнү жакшыртуу сунуштары бар.
"Жеке мен жашоомдо оорулууга караган медайымдардын кызматына үч жолу туш болгом", — деген ал.
"Ошондуктан жаш балдарын кароо, тарбиялоо үчүн иштен кетүүгө аргасыз болгон адамдардын санын кыскарткым келет".
"Адамдар карьерасынан баш тартпаган коом кургум келет".
Ал Ясукуни мазарына такай барып турат. Ал жерде Жапониянын согушта курман болгон жоокерлерин эскеришет. Алардын арасында согуш кылмышкерлери да бар.
Ал өлкөнүн коргонуу күчтөрүн чектеген конституциялык эрежелерди бошоңдотууга чакырып келген. Жапониянын коргонуу күчтөрүнө кол салуу жөндөмү алып салынган. (EA)











