Нишана: “Манжаларым жок болгону эле болбосо, кадимкидей эле адаммын”
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкектик Нишана Жээналиева тубаса майып. Анын эки колунда жана буттарында бирден гана манжасы бар. Ага карабай ал башка дени сак адамдардай эле окуп, иштеп, бала тарбиялап келет. Буга чейин таэквондо менен машыккан Нишана эми барабанда ойноону өздөштүрүп жатат. Би-Би-Си аны кепке тартты.

Би-Би-Си: Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз...
Нишана Жээналиева: Менин атым Нишана, 37 жаштамын. Бир уулдун энесимин. Балам мектепке барат, окуйт. Кайсы бир убактарда таэквондо менен алектенип жүргөнбүз, бирок менин азыр жашым туура келбей калды окшойт. Таэквондону мага машыгып көрбөйсүңбү деп сунушташканда, макул деп 3 жылдай машыгып көрдүм. Кыргызстандын атынан Азия оюндарына чейин барып катышып келгем. Балам да менин барып жүрдү, бирок кийинчерээк ал футболго көбүрөөк кызыгып кетти.
Өзүм иштейм. Мамлекеттик кызматкермин. Ошондой эле буга чейин билим алдым, тажрыйба топтоп, иштедим. Анан өзүм сыяктуу майыптыгы бар адамдарга балким менин деле пайдам тиеттир, кандайдыр бир жол көрсөтүп береттирмин деген максатта “Майыптыгы бар чыгармачыл адамдарды колдоо коомдук фондун” ачып, азыр ошол фонддун иштери менен алышып жүргөн чагым.
Би-Би-Си: Өзүңүздүн кандай өзгөчөлүктөрүңүздү баалайсыз?
Нишана Жээналиева: Акыркы убакта мага сен өзүңдү аябай ишеничтүү алып жүрөт экенсиң деп көп айтышат. Кээ бир майыптыгы бар адамдарды көргөндө, көздөрүн көрүп эле аяп кетесиң, а сени негедир аябайсың дешет. Ушул менин өзгөчөлүгүм окшойт.

"Майыптыгым бар деп көрсөтпөйм, мен деле кадимкидей адаммын"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок мага деле бул өзүнө өзү ишенүү дароо келе калган жок. Менин тарбияма, билим алышыма, азыркыдай өзүмдү көчөдө кенен-кесир алып жүрүшүмө менин апамдын салымы чоң. Эс тарткандан бери эле “сенин колуңан келет, сен эптей аласың” деп кулагыма мотивациялык сөздөрдү куя берип, убакыт-сааты келгенде аябай иштейт экен. Анан мен өзүмдү дайыма сындап, анализдеп турган адаммын. Азыр майыптыгы бар адамдарга кайрылгым келет. Албетте, сөздү айтып коюш оңой эле. Бирок мен өзүм жон терим менен сезип көргөн соң, айта алам. Өзүңөргө ишенип, эч нерседен коркпой, уялбай жашай бериш керек. Анткени, дүйнөдө миллиарддаган адам бар, адардын ичинен сен эмне болуп жатасың, элге баары бир, сага эч ким көңүл бурбайт, ар кимдин жашоосу ар башка. Бул карап койду, мени көрсөтүп бир нерсе деп койду дебей, алдыга максат коюп, ошол максатка жетейин деп аракет кылып жашай бериш керек. Майыптыгым бар деп чөгүп кетпеш керек. Анткени, койгон максатың болсо, жашаш дагы оңой болот, мотивацияң белгилүү болуп, өзүңө өзүң жардам берип жашайсың. Ниетти түз коюш керек дегенге мен аябай ишенем, ниетти, ойду түз коюш керек деп ойлойм. Негативди эле сүйлөй берсең, негатив жашооңо кирип келет. А мен мени жалаң жакшы адамдар курчап турат деп көп айтам. Ойлоп көрсөм, чынында сонун адамдар курчап турат экен.

Бир жолу курбуларым менен майыптыгы бар адамдар үчүн жөлөк пул жөнүндө сүйлөшүп калдык. Анан мен жөлөк пул алам десем, курбум “А сен эмнеге аласың?” деп сурап калды. Ал менин майып экенимди унутуп калды. Айтайын дегеним, мен өзүмдү айлана-тегерекке майыптыгым бар деп көрсөтпөйм, мен кадимки эле адаммын. Соцтармакка дагы жазып койгом: “Кадимки Нишананын өзгөчө жашоосу” деп жазып койгом. Мен деле кадимкидей эле адаммын, колум бар, бутум бар, болгону манжаларым жетишпейт, көзүм бар, кулагым бар, угам. Энемин, алымдын жетишинче тарбиялайм. Менин майыптыгым бар, ким мага жардам берет деп отура бербей, өзүң кыймылдап, өнүгүшүңө салым кошо баштайсың. Салымды өлкөңө, өлкө аябай чоң угулушу мүмкүн, бирок өзүңдү курчап турган коомуңа, жакын адамдарыңа деле кандайдыр бир пайдаң тийип жатканын сезүүдөн ырахат алам.
Би-Би-Си: Таэквондодон тышкары, барабанда ойногонду үйрөнүп жатыптырсыз. Эмне себептен барабан?
Нишана Жээналиева: Таэквондону мага жөн гана сунушташкан. Башында ойлондум. Мен жана спорт бул эки башка нерсе да. Анан аракет кылып көрөйүн дедим. Жаңы нерсени баштагандан такыр коркпойм, жок дебейм дедим. Чалынсам да, жыгылсам да жасап көрдүм деген өзүмдө канааттануу болот.
"Жүрөгүмө жаккан нерсе менен алектенип жатам"
Ал эми барабанды максаттуу түрдө, өзүм каалап үйрөнүп баштадым. 3-классымда го дейм, апам мени Ош улуттук драма театрындагы бир спектаклге алып барган. Анын бир эпизодунда барабанда ойногон жери бар болчу. Ошол мага аябай катуу таасир калтырган. Ошондо бир каалоом ойгонуп барабанга, бирок кийин унутуп калгам. Бир күнү эле инстаграмдан барабан ойногонго үйрөтөбүз деген жарнама көрүп калдым. Ал менин курбумдун иниси Давлет деген бала болчу. Ага мен барсам болобу деп жазсам, дароо эле макул болду. Ал “сенин манжаларың жок, кантип ойнойсуң” деген дагы жок. Келдим, отурдук. Эки айдай болуп калыптыр, үйрөнүп жатканыма, башында менин колдорумдун өзгөчөлүгү менен кандай ойносок болот деп ойлондук. Анан бир сүрөтчү бар, ага барып, мага бир нерсе ойлоп тап, барабанда ойноп жатам, бул таякчалар менен бир аз кыйын болуп жатат дедим. Ал таякчаларды тешип, чоюлган жип өткөрүп берди. Азырынча ушундай ыңгайлуу эле. Бирок мындан да ыңгайлуу кылууну ойлонуп жатабыз.

Ал эми барабандар жөнүндө айтсам, ар бир эле адамдын жашоосунда кыйынчылыктар, көйгөйлөр болот, маанайы түшүп калган учурлары кездешет. Ошондойлорго айтар элем, маанайындын түшкөнүн башкаларга билдирбеш үчүн бир нерсе менен алек болуш керек деп ойлойм. Мисалы, бирөөнүн маанайы жок болсо, ал үчүн бүт дүйнө жүзү күңүрт тартып калышы керек эмес, бул мага такыр жакпайт. А мен барабанга келгенде, кадимкидей эс алып, бардыгын унутуп, музыкага сүңгүп кирем. Жан дүйнөс эс алат, физикалык жактан эс алам. Негативдердин баарын чыгарып, көйгөйлөрдү унутам. Эми албетте мен профессинал болом, чоң залдарда концерттерде ойнойм деген максатым жоктур, бирок мен жүрөгүмө жаккан нерсе менен алек болуп жатам. Мен мындан ырахат алам, мага жагат. Эч кимге эч нерсе далилдебей элемин, болгону ичимден эмнени кааласам, ошону кылып жатам.

Майыптыгы бар адамдарды чыгармачылыкка үндөө аракети
Би-Би-Си: Адам максат менен жашаш керек деп айттыңыз. Сиздин максаттарыңыз кандай азыр?
Нишана Жээналиева: Максаттар көп. Биринчиси, фондумду жакшы деңгээлге көтөрүп алуу. Фонддун өзүнүн пландары, иш-чаралары бар. Көп уюмдар гуманитардык жактан гана иш-чараларды кылышат майыптыгы барлар үчүн. А алардын андан башка дагы муктаждыктары бар да. Адамдын жан дүйнөсүн, моралдык жактан, көөдөнүндөгү боштукту дагы толтуруш керек. Аны ырдап, бийлеп, же мага окшоп барабан чертип, толтурсаң болот. Фонддун максаттарынын бири ушундай, майыптыгы бар адамдарды чыгармачылыкка үндөө же болбосо чыгармачылык менен алектенгендерди топтоо. Эгер бул ишке ашып кетсе, абдан сүйүнөр элем.
Биздин фонддо окутуп-үйрөтүү системасы дагы бар. Үйрөнгөндөн кийин бирөөгө көз каранды болбой, мээнети, чыгармачылыгы менен жанын багып жашаса деген максаттарым.












