Ливияда Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам киши колдуу болду

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
53 жаштагы Сейф аль-Ислам Каддафи өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөнүн анын жакындары билдиришти. Ливиялык диктатордун уулу 2011-жылга чейин өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бири эле. 2021-жылы ал президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алууга да аракет кылган.
Сейф аль-Ислам Каддафи Триполиден 160 километр алыс жайгашкан эз-Зинтан шаарындагы өз үйүндө куралчан төрт адам менен "тикелей кармашып жатып", ок жеп каза болгонун саясатчынын жанында жүргөндөр билдиришти.
Каддафинин уулунун кеңешчиси ливиялык ТВга белгисиз төрт адам алгач видео байкоолорду өчүрүп, андан кийин Сейф аль-Исламды өлтүргөнүн айтып берген.
Бул маалыматты AFP жана мурунку ливиялык лидердин жактоочусу Марсель Чеккальди дагы ырастады. Анын айтымында, азырынча бул өлүмдүн артында эмне турат, кол салгандарда кандай мотив болушу мүмкүн, белгисиз болууда. Бирок, жактоочунун айтымында, он күн мурда Каддафинин уулунун жакын тарапкерлеринин бири ага "коопсуздук менен маселе" болуп жатканын айткан.
Ливиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, кенже Каддафинин өлүмүнө алып келген кол салуу анын үйүнүн жанындагы бакчада орун алган.
Сейф аль-Ислам Каддафи ким эле?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Муаммар Каддафинин экинчи уулу ливиялык диктатор көзү тирүү кезинде, кызматы же расмий макамы болбосо дагы мамлекеттеги эң таасирдүү адамдардын бири эле. Ал көбүнесе Ливиянын тышкы саясатын жүргүзүп, маанилүү жана астейдил дипломатиялык миссияларда ортомчу болчу.
2003-жылы Сейф аль-Ислам Ливиянын жапырт жабыркатуу куралынан баш тартуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдө ливиялык делегацияны жетектеген. Ошондой эле ал Шотландиянын Локерби шаарынын үстүндө 1988-жылы жарылган Pan Am учагынын курмандыктарынын жакындарына компенсация төлөтүүгө жетишкен. Иликтөөлөр ал жарылууга Ливиянын жетекчилигинин тиешеси бар экенин көрсөткөн.
Сейф аль-Ислам Британиядагы Экономика боюнча Лондон мектебин аяктаган, англис тилин мыкты билчү. 2000-жылдардан тарта Ливияны катардан чыгып калган өлкө макамынан чыгарууга аракет жасаган. Ал өлкөдө реформаларды жасатып, Ливия демократиялашат деген үмүт болгонун Reuters эскерет.
Бирок 2011-жылы өкмөткө каршы демонстрацияларды катаал күч менен басууда ал негизги ролду ойногону айтылат. Кийин Эл аралык кылмыш соту ошол жылдардагы адамзатка каршы кылмышы үчүн аны камоого ордер чыгарат.
Ал кездерде Кадаффинин уулу козголоңчуларды "келемиш" деп, "кан арык болуп агат" деп коркутчу.
Түрмө жана өлүм жазасы

Сүрөттүн булагы, AFP
Козголоңчулар Триполини басып алган соң Сейф аль-Ислам бедуин болуп кийинип алып, Нигерге качууга аракет кылат. Муаммар Каддафи каза тапкандан кийин бир айдан соң аны жолдон кармап, эз-Зинтан шаарына алып келишет да, түрмөгө салышат.
Ал абакта алты жыл болот. Сейф аль-Ислам Каддафи обочодо калганын айтып арызданат, ал бир кишилик камерада кармалган. Бирок укук коргоочулар анын абактагы шарттары алгылыктуу эле экенин айтышкан. Каддафинин уулу түрмөдө спутник каналдары бар телевизор көрүп, китеп окуй алчу.
2015-жолу Триполиде сот Сейф аль-Исламды аскердик кылмыштар үчүн күнөөлүү деп таап, аны атууга өкүм кылат. Бирок эки жылдан кийин ливиялык диктатордун уулу мунапыс менен бошотулат. Бул убакка ага адамдар менен пикир алышууга уруксат беришкен. Ал дээрлик ар бир аптада кишилерди кабыл алып, алар менен Ливиядагы саясий кырдаалды талкуулачу.
Саясатка кайтуу
2021-жылы Сейф аль-Ислам Каддафи күтүүсүздөн президенттик шайлоого баруу тууралуу арызын берет. Бул шайлоонун өтпөй калышына алып келди.

Сүрөттүн булагы, Hamza Alahmar/Anadolu Agency via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын талапкерлиги Ливиядагы атаандаш саясий жана аскердик топтордун ортосунда талашты тутантты. Сейф аль-Исламга ага карата айыптоо өкүмү чыкканына байланыштуу шайлоого катышууга уруксат берилбеди. Ал бул чечимге каршы доо арыз берүүгө аракет жасайт, бирок куралчан согушчандар сот имаратын курчап алышып, ошону менен Ливияда шайлоо процесси токтоп калган.
Эз-Зинтана шаарынан Сейф аль-Ислам батыш ЖМКларына интервью берип, Ливиянын саясатына акырындык менен кайтып келиши мүмкүндүгүн четке какпай келди.
Ошол эле 2021-жылы БУУ колдоп жаткан Триполидеги өкмөттүн өкүлү, ливиялык прокурор Мохаммед Гаруда орусиялык ЧВК "Вагнер" менен байланышы үчүн Сейф аль-Ислам Каддафини камоого ордер чыгарат.
Анын алдында Би-Би-Сиге бул жалданма аскерлердин Ливиядагы 2019-жылдагы аскердик кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу журналисттик иликтөө чыккан. Ал убакта ЧВК "Вагнердин" кызматкерлери Ливияда козголоңчу генерал Халиф Хафтардын тарабында согушуп жатышкан эле. Бул генерал өлкөнүн чыгышындагы аймактарды көзөмөлдөп, Триполиге бастырып кирүүгө аракет кылган.
Би-Би-Сини фильминде Ливиянын атайын кызматтары Сейф аль-Ислам Каддафини "Ливиянын башчылыгына Орусиянын талапкери" деп аташат.
"Эгер Орусия мүдөөсүнө жетсе, Сейф-Каддафи Триполидеги Азапты тарткандар аянтында жеңиш сөздөрүн сүйлөмөк",- деген Ливиянын атайын кызматынын өкүлү.
Бул офицерлер орус жараны Максим Шигалайдын ишин бүтүрүп жүрүшкөн, ал 2019-жылы майда Триполиде тыңчылык жана Халиф Хафтар менен Сейф аль-Каддафинин кызыкчылыгы үчүн жергиликтүү шайлоолорго кийлигишкен деп камакка алынган. 2020-жылы ал бошотулган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Шигалей Каддафинин уулу менен жүзмө-жүз жолуккан.
"Анын символикалык макамы 2021-жылы өтпөй калган шайлоонун негизги факторлорунун бири болду",- деп түшүндүргөн Reuters агенттиги үчүн британиялык Royal United Services Institute аналитикалык борборунун кызматкери Жалел Харчауи. "Эми ал өлтүрүлгөндөн кийин каддафичил фракциялардын деми сууйт жана жини келет. Бирок ошол эле убакта Ливияда шайлоолорду өткөрүүгө болгон тоскоолдуктардын бири жок болду",- дейт Харчауи.
































