АКШ Эр-Риядда Украина жана Орусия менен сүйлөшүү өткөрдү. Эмне белгилүү болду?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эр-Риядда Украинадагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча америкалык жана орусиялык делегациялардын жолугушуусу өттү. Киев менен Вашингтондун кеңешмеси болсо жекшемби күнү болгон. Алдын ала жарыялангандай эле үч делегация чогуу бир үстөлдө отурган жок.
ТАСС жана РИА Новости билдиргендей, сүйлөшүү 12 саатка созулган. Москва менен Вашингтондун биргелешкен билдирүүсү 25-мартта жарыяланары күтүлүп жатат.
Бул сүйлөшүүдөн өтө олуттуу деле жаңылык күтүлгөн эмес: Володимир Зеленский жолугушуу "техникалык мүнөздө" экенин айткан. Ал эми Орусия Сауд Арабиясына жогорку деңгээлдеги эмес, катардагы кызмат адамдарын жөнөткөн.
Сүйлөшүү жекшемби күнү башталган. Алгач америкалык делегация украин тарап менен жолуккан. Дүйшөмбү күнү Орусия менен АКШнын сүйлөшүүсү өттү.
Өткөн аптада Дональд Трамптын Украина боюнча атайын чабарманы Кит Келлог сүйлөшүүлөрдүн форматы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берген:
"Жолугушуулар кыйыр түрдө өтөт. Бир топ бир бөлмөдө, экинчиси башка бөлмөдө болот. Алар атайын элчилер (ортомчулук дипломатия) аркылуу сүйлөшүп турушат. Биз бардык тараптын позициясын тактоо менен алектенебиз", – деген Келлог.
Жолугушуу дал ушундай форматта өтөрүн кийинчерээк Украина президенти да ырастаган. Дональд Трамп менен телефондук сүйлөшүүдөн кийин Володимир Зеленский орусиялык тарап менен түздөн-түз байланыш пландалбаганын билдирген.
Украин делегациясы америкалыктар менен жолугушкандан кийин Сауд Арабиясынан дароо кетип калган жок. Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын күтүп калганы айтылды.
Эмне талкууланып жатат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц башкы тема мурдагыдай эле ок атышууну токтотуу экенин айткан.
Уолтц X социалдык тармагына: "Бул жолугушуу президент Трамптын Орусия менен жетишкен от атышууну жарым-жартылай токтотуу келишимин ишке ашырууга жана кеңейтүүгө багытталат", – деп жазган.
Жекшемби күнү болгон жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө Украина делегациясынын жетекчиси, өлкөнүн коргоо министри Рустем Умеров социалдык тармактарга үстүртөн гана жазды.
"Сүйлөшүү конструктивдүү жана мазмундуу болду. Негизги маселелер, айрыкча энергетика тармагындагы көйгөйлөр талкууланды", – деп билдирди Умеров.
"Сүйлөшүү абдан пайдалуу болду. Делегациялардын иши улантылууда", – деди Зеленский.
Өткөн аптада Украинанын Тышкы иштер министрлигигин атайын өкүлү Георгий Тихий делегациялар ок атышууну токтотуунун механизмдерин талкуулай турганын ырастаган. Ал стратегиялык жактан маанилүү обектилерге чабуул жасоону токтотуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн экенин баса белгилеген.
АКШ президентинин дагы бир чабарманы Стивен Уиткрофт Fox News телеканалына берген маегинде энергетикалык инфраструктуралар гана эмес, Кара деңиз акваториясы жөнүндө да талкуу болушу мүмкүндүгүн айткан.
"Менимче, бул эки маселе тең орустар менен макулдашылган. Мен украиналыктар буга макул болот деп үмүттөнөм", – деген ал.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц да CBS телеканалына берген маегинде АКШ Кара деңизде от атууну токтотуу жөнүндөгү келишимге жетишүүгө үмүттөнүп жатканын айткан. Ал ошондо гана Орусия менен Украина дан жана отун соодасын калыбына келтире ала турганын билдирген.
Володимир Зеленский Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Киев соккуга кабылбоого тийиш болгон объектилердин тизмесин түзүп жатканын айткан. Бул тизмеге энергетикалык инфраструктуралык объектилер гана эмес, порттор жана темир жол тармагы да кириши мүмкүн.
Өз кезегинде Москва сүйлөшүү учурунда "Кара деңиз демилгесинин" калыбына келтирүү маселеси талкууланарын билдирди. Бул демилге Украинанын дан продукциясынын Кара деңиз аркылуу экспорттоону камсыз кылып турган.
Сүйлөшүүгө кимдер катышты?

Сүрөттүн булагы, U.S. Department of State
АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Fox News телеканалына берген маегинде Сауд Арабиясына мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Трамптын кеңешчиси Майк Уолтц барарын айткан. Ал эми Ак үйдүн Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог жолугушууга Мамлекеттик департаменттин саясий пландоо боюнча директору Майкл Антон да катышарын кабарлаган.
Майкл Антон – америкалык саясатта белгилүү фигура. Ал Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулианинин спичрайтери болгон. Кийинчерээк АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде иштеген.
2018-жылы ал мамлекеттик кызматка бир күнгө кайтып келип, ашпозчу катары Ак үйдө Трамп жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон үчүн кечки тамакты даярдоого катышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйшөмбү күнү Reuters агенттиги Орусия менен АКШнын жолугушуусуна Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин улук директору Эндрю Пик да катышарын кабарлады.
Украина делегациясы болсо энергетика секторунун адистеринен жана аскер кызматкерлеринен куралган. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Украинанын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Георгий Тихий билдирген. Ал бул сүйлөшүүгө саясий жетекчилер катышпай турганын да белгилеген. Жекшемби күнү Сауд Арабиясындагы алгачкы жолугушуулардан кийин Володимир Зеленский командага аскердик кызматкерлер, дипломаттар жана Энергетика министрлигинин өкүлдөрү киргенин тастыктаган.
Sky News делегациянын курамында Украинанын коргоо министри Рустем Умеровдон тышкары президенттик кеңсенин жетекчисинин кеңешчиси Павел Палиса да бар экенин кабарлаган.
Алар Сауд Арабиясында АКШнын өкүлдөрү менен болгон мурдагы жолугушууга да катышкан.
Орусия Сауд Арабиясына анчалык таасирдүү өкүлдөрүн деле жөнөткөн жок. Сүйлөшүүгө Сахалин облусунун сенатору Григорий Карасин жана ФСБнын директорунун кеңешчиси Сергей Беседа барды.

Сүрөттүн булагы, TASS
Карасин Орусиянын Украинага кол салганын жактаганы үчүн 2022-жылдан бери АКШ, ЕБ, Улуу Британия жана Украинанын санкциялык тизмесинде. Ал акыркы маектеринде Батышка болгон көз карашы терс экенин ачык билдирген. Маселен, СССРдин кыйраганы үчүн АКШны күнөөлөгөн.
Бирок Трамп менен Путиндин телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин Карасин Ак үйдү Орусиянын позициясын түшүндү деп мактаган. Карасиндин пикиринде, Вашингтон Европадан айырмаланып, Москванын Украинага курал-жарак берүүнү токтотуу талабын туура кабыл алды.
Ал эми ФСБнын директорунун кеңешчиси Сергей Беседанын Украинадагы кызыкчылыгы 2014-жылы эле белгилүү болгон. Ал учурда Беседа ФСБнин Бешинчи кызматын жетектеп, чет өлкөлөрдөгү операцияларды көзөмөлдөп турган.
2014-жылдын апрель айында Украинанын Тышкы иштер министрлиги ФСБга расмий кат жөнөтүп, Сергей Беседа 20-21-февралда Киевде эмне кылып жүргөнүн сураган. Дал ушул күндөрү Украинанын коопсуздук күчтөрү Киевдин борборунда демонстранттарга каршы жапырт түрдө ок атуучу курал колдоно баштаган.
2014-жылдын апрель айында ал кездеги президент Виктор Янукович өлкөдөн качып кеткенден кийин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги башаламандыкты иликтөө жана ФСБ генералы Беседаны суракка алуу үчүн Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жардам сурап кайрылган.
"Интерфакс" агенттиги ФСБдеги булагына таянып, Беседа 20-21-февралда чын эле Киевде болгонун, Янукович тактан кулап, Майдан окуясы туу чокусуна жеткен маалда Орусиянын элчилигинин жана башка мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо менен алектенип жүргөнүн жазган.
ФСБнин Бешинчи кызматы жана анын жетекчиси Сергей Беседа 2022-жылы Орусия Украинага толук кандуу басып кирер алдында Путинге берилип турган маалыматтарга жооптуу болгон.
Бул тууралуу "Важные истории" басылмасы жазып чыккан. Басылманын атайын кызматтардагы булактарынын айтымында, Орусия жетекчилиги Украина жөнүндө туура эмес маалымат берилгени үчүн бул кызматка нааразы болгонун жашырган эмес. Бул алешемдиктин айынан Москва өз мүмкүнчүлүктөрүн ашкере баалап жибергени айтылган.
2022-жылы журналист Андрей Солдатов өз булактарына таянуу менен Беседанын үй камагына алынганы жана "Лефортово" абагына которулганы тууралуу кабарлаган. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес.
2023-жылы Украинанын Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов Сергей Беседаны "Украинага ар дайым көйгөй алып келген" адам катары мүнөзөгөн. Буданов Беседа эмнеси менен кооптуу экенин так айткан эмес. Ал "Украинанын аймагында активдүү операцияларды жүргүзүп келгенин" гана билдирген.
Беседа ФСБнын Бешинчи кызматынын жетекчилигинен 2024-жылы гана кеткен. Азыркы тапта жаңы директордун кеңешчиси. (АА)












