ШКУнун Астана саммити: глобалдык саясаттагы маанилүү окуя

Сыймык Эдилбек уулу, эл аралык мамилелер боюнча адис

ШКУ Астана

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2024-жылдын июль айында Казакстандын борбору Астана ШКУнун саммитинин аренасына айланды, анда дүйнөнүн алдыңкы державаларынын лидерлери жана башка жогорку даражалуу расмий адамдар чогулуп, ШКУнун алкагындагы жана дүйнөдөгү олуттуу маселелерди талкуулашты. Бул саммит геосаясий процесстерге жана эл аралык кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө таасир бере ала турган маанилүү окуя.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) Евразиянын геосаясий ландшафтында маанилүү роль ойноп, жалпысынан 3,4 миллиардга жакын калкы жана ИДПсы 26,713 триллион долларды түзгөн дүйнөлүк, регионалдык жана стратегиялык жактан маанилүү 10 мамлекетти бириктирет.

Евро Биримдиги, АСЕАН жана МЕРКОСУР менен салыштырганда ШКУ калкынын саны жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча алардан кыйла ашып кетет. Бул кубаттуу демографиялык жана экономикалык база ШКУга дүйнөлүк саясатка жана экономикага таасир этүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Уюм бул ресурстарды эл аралык мамилелердеги ролун бекемдөө үчүн, өзгөчө азыркы геосаясий белгисиздиктин шартында колдоно алат.

ШКУга мүчө өлкөлөр олуттуу аскердик потенциалга да ээ, анын ичинде өзөктүк курал, заманбап технологиялар жана ири армиялар бар. ШКУнун алкагында биргелешкен машыгуулар жана кызматташуу өлкөлөр ортосундагы ишенимди жана координацияны чыңдоого өбөлгө түзөт, бул аларга аймактык жана глобалдык чакырыктарга натыйжалуу жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.

Глобалдык туруксуздуктун шартында жана эл аралык конфликттердин фонунда барган сайын актуалдуу болуп жаткан терроризмге, экстремизмге жана баңги аткезчилигине каршы аракеттенүү боюнча аракеттерди координациялоодо ШКУ маанилүү роль ойнойт.

Постсоветтик мейкиндиктеги чыр-чатактар, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу, Батыш менен Орусиянын тирешүүсү, АКШдагы президенттик шайлоо сыяктуу глобалдык саясаттагы окуялар азыркы учурдагы геосаясий чыңалуунун негизги факторлору болууда. Мындай шартта болуп өткөн Астанадагы ШКУнун саммити да өзгөчө маанилүү көңүлдү бурат.

Саммиттин катышуучулары

ШКУ саммит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Саммитке ири дүйнөлүк державалардын лидерлери: Кытай эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Иран, Катар, Кыргызстан, Монголия, БАЭ, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышты. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррештин жана бир канча регионалдык уюмдардын расмий өкүлдөрүнүн катышышы саммиттин дүйнөлүк аренадагы маанисин баса белгиледи. Мындай таасирдүү фигуралардын болушу ШКУнун маанилүүлүгүнүн жана эл аралык таанылышынын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.

Беларустун мүчөлүгүнүн таасири

Беларустун ШКУга кириши уюмга олуттуу таасирин тийгизе турган маанилүү кадам болду. Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкан Беларусь келечекте саясий процесстердин өзгөрүүсүнөн улам бул аймактардын ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштарды чыңдоо үчүн стратегиялык көпүрө боло алышы мүмкүн. Анын катышуусу коопсуздук жана соода-экономикалык кызматташуу жаатындагы координацияны күчөтөт, бул ШКУнун өнүгүүсүндөгү жаңы этапты белгилейт.

Саммиттин негизги маселелери

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Саммитте экономикалык кызматташтык, коопсуздук, терроризм жана баңги аткезчилигине каршы күрөшүүгө байланышкан негизги маселелер талкууланды. Кабыл алынган документтердин арасында 2030-жылга чейинки стратегиялык демилгелер, айлана-чөйрөнү коргоо жана туризмди өнүктүрүү программалары бар. Глобалдык өзгөрүүлөрдүн заманбап шарттарында өзгөчө актуалдуу болгон энергетикалык кызматташуу маселелерине олуттуу көңүл бурулду.

• Бардык лидерлер коопсуздук чараларын күчөтүү, терроризмге, экстремизмге жана баңги аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү зарылчылыгы жөнүндө бир пикирге келишти. Бул багыттар боюнча координациялоону күчөтүүгө багытталган документтер кабыл алынды.

• Кытай климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду каржылоо үчүн биргелешкен фонд түзүүнү сунуштады, бул катышуучулардын колдоосуна ээ болду.

• Индия санариптик коопсуздук жана маалыматтарды коргоо боюнча талкууларды демилгелеп, бул жаатта окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен программаларды түзүүнү сунуштады.

• Россия катышуучу өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого багытталган маданий алмашуу жана фестивалдар үчүн аянтча түзүүнү сунуштады.

Саммиттин жыйынтыгы менен кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот?

Саммиттин жыйынтыгында экономикалык интеграциянын күчөшүн жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну күтсөк болот. Коопсуздук жаатындагы координациялоону жакшыртуу, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү – мунун баары жетишилген макулдашуулардын натыйжасы болот. Катышуучу өлкөлөр жаңы биргелешкен демилгелерге алып келе турган түрдүү тармактарда кызматташууну күчөтүүнү пландаштырууда.

2024-жылдагы саммиттин айырмачылыктары

2024-жылдагы саммит жогорку деңгээлдеги уюштуруучулук менен гана эмес, катышуучу өлкөлөрдүн бай маданий мурастарын чагылдырган кеңейтилген маданий программасы менен да өзгөчөлөндү. Мурдагы окуялардан айырмаланып, азыркы саммит эл аралык коомчулуктун кеңири колдоосун жана көңүлүн бурду, бул ШКУнун дүйнөлүк аренадагы таасиринин өсүп жатканын айгинелейт.

Азыркы геосаясий абалга таасири

ШК саммит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Саммит ШКУнун эл аралык аренадагы маанилүү оюнчу катары позициясын бекемдеди. Кытай жана Орусия өңдүү державалардын активдүү катышуусу көпполярдуу дүйнөнү жана батыш түзүмдөрүнө болгон көз карандылыкты азайтууну көздөйт. Бул ШКУнун заманбап геосаясий процесстердеги маанисин жана жаңы дүйнөлүк тартипти калыптандыруудагы ролун баса белгилейт.

Орусиянын 2022-жылы Украинага басып кириши олуттуу геосаясий кесепеттерге алып келди. Жаңжал массалык жоготууларга жана кыйроого алып келди, ошондой эле Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы масштабдуу санкцияларын пайда кылды. Бул санкциялар экономиканын негизги секторлоруна, анын ичинде энергетика тармагына, каржы кызматтарына жана технологияга таасирин тийгизди.

ШКУ негизинен конфликтке карата түздөн-түз кийлигишүүдөн качуу менен бейтарап позицияны карманып келүүдө. Бирок Батыш тараптан Орусияга кысым күчөгөн шартта ШКУ Орусия үчүн Кытай жана уюмдун башка мүчөлөрү менен алакасын бекемдөө аянтчасына айланды.

Санкциялар Орусия үчүн олуттуу экономикалык кыйынчылыктарга алып келди, бул өз кезегинде орус экономикасы менен тыгыз байланышта болгон ШКУга мүчө башка өлкөлөрдүн экономикалык абалына таасирин тийгизди. Санкциялардын басымы астында Орусия экономикалык жоготууларды азайтуу жана жаңы өнөктөштөрдү, ошондой эле альтернативдүү соода жолдорун издөө үчүн ШКУ менен кызматташууну күчөтүүдө.

ШКУ Орусияга болгон экономикалык басымды жеңилдетүү, уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүдө маанилүү ролду ойнойт. Айрыкча, Орусия менен Кытай экономикалык жана саясий байланыштарын активдештирип, санкциялар алкагында Орусиянын позициясын турукташтырууга жардам берет.

ШКУ саммит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Евробиримдик Орусия менен болгон жаңжалда Украинаны активдүү колдоп, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө, ошондой эле Орусияга каршы санкцияларды киргизгени маалым. Бул колдоо Батыш менен Орусиянын тирешүүсүн күчөтүп, ШКУнун диалог аянтчасы катары ролун ого бетер маанилүү кылат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2024-жылдын 20-июнундагы Түндүк Кореяга жасаган иш сапары эл аралык аренада олуттуу резонанс жаратты. Путиндин КЭДРге сапары Украинадагы жаңжалга жана Батыштын санкцияларына байланыштуу Орусияга эл аралык кысым көрсөтүүнүн фонунда өттү.

Эл аралык коомчулук бул жолугушууну эки өлкөнүн тең батыштык өнөктөштөрдөн обочолонуп калганын баса белгилеп, эки элдин жолугушуусу катары сындаган эле. Бирок, Астанада өткөн ШКУ саммити Орусиянын аймактагы көп тараптуу кызматташууга умтулуусун көрсөттү.

2024-жылы АКШда өткөрүлө турган президенттик шайлоо дүйнөлүк саясаттагы орчундуу көрүнүш. АКШнын администрациясындагы өзгөрүүлөр тышкы саясаттагы өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде башка өлкөлөр, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекеттер менен болгон мамилеге да таасирин тийгизет.

ШКУга кирген өлкөлөр АКШдагы саясий кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат байкоо салып, өз саясатын мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө ылайыкташтырууга аракет кылып жатышат. Жаңы администрация менен иштешүү кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ошондой эле учурдагы стратегияларды карап чыгууну талап кылышы мүмкүн.

Палестина менен Израилдин ортосундагы чатак Жакынкы Чыгыштагы туруксуздуктун негизги факторлорунун бири бойдон калууда. Конфликттин соңку күчөшү эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, туруксуздуктун жайылышы мүмкүн деген кооптонууну жаратты.

ШКУ өз мүчөлөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты кубаттоо аркылуу аймактагы туруктуулукту сактоого умтулат. Өзгөчө Кытай менен Орусия жаңжалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерге активдүү катышууда.

Кытай ШКУнун негиздөөчүлөрүнүн жана алдыңкы мүчөлөрүнүн бири. Анын амбициялары бүткүл Евразия чөлкөмүнө таралып, ал жерде өзүнүн экономикалык жана саясий кызыкчылыктарын жигердүү илгерилетүүдө.

ШКУ саммит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Баарынан маанилүүсү, Кытай ШКУну Азияны Европа менен байланыштырган инфраструктуралык жана соода коридорлорунун тармагын түзүүгө багытталган «Бир алкак, бир жол» демилгесин жайылтуу үчүн аянтча катары колдонууда. Бул глобалдык демилгени иш жүзүндө ишке ашырууга ШКУга кирген бир катар өлкөлөр да биргелешип иштөөдө, тактап айтканда, 2024-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун башталышына расмий старт берилгени айгинелейт.

Кытайдын демилгелери эл аралык коомучулук тарабынан, ошондой эле ШКУ өлкөлөрү тарабынан колдоого алынышы ШКУ алкагында Кытайдын позициясын бекемдем, аймактагы таасирин кеңейтүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Ошондой эле Кытайдын мүчө өлкөлөргө олуттуу инвестиция жана ири өлчөмдөгү кредиттерди сунуштап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышы кичи мамлекеттер үчүн экономикалык көз карандылыкты жаратып, Кытайдын таасирин ого бетер күчөтүүдө.

Мындай экономикалык жагдай ШКУнун башка ири катышуучулардын, өзгөчө Индия менен Россиянын көңүлүн буруп, карама-каршылыктарын жаратышы мүмкүн.

ШКУ Кытай менен Орусияга өз кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу жана глобалдык саясатта Батыштын үстөмдүгүнө шек келтирүү үчүн аянтча түзөт. Бул НАТО жана ЕБ сыяктуу Батыш уюмдарына альтернатива түзөт.

Орусия да ШКУда негизги ролду ойнойт, бул уюмду Борбор Азиядагы таасирин күчөтүү жана Батыштын таасирине каршы туруу куралы деп эсептейт. Орусия ШКУну Кытай менен болгон стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүү элементи катары карайт, бул ага эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө жана аймактагы кызыкчылыктарын илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.

Анткен менен Кытайдын амбициялары жана экономикалык үстөмдүгү Москва менен Пекиндин ортосунда жашыруун атаандаштыкты жаратышы мүмкүн.

Индия менен Кытайдын ортосунда ШКУнун ишине таасирин тийгизген олуттуу саясий жана экономикалык айырмачылыктар бар. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы чек ара жана соода талаштары чыңалууну жаратып, биргелешкен чечимдерди кабыл алууну кыйындатышы мүмкүн.

Бирок, ШКУнун дүйнөдөгү тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча фундаменталдык принциптерине таянуу менен мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы көп тараптуу диалог жана чыр-чатактарды чечүү үчүн ШКУ мыкты аянтча болуп бере алат. Бул аймактагы ишенимди бекемдеп, чыңалууну азайтууга жардам берет.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өңдүү Борбор Азия өлкөлөрү Орусия менен Кытайдын таасирин тең салмактоого умтулуп, эки дүйнөлүк державанын тең геосаясий максатына кабылуусу, алардын тышкы саясатын жана экономикалык стратегияларын салмактатуусуна алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда ШКУнун алкагында Борбор Азия өлкөлөрү өздөрүнүн чөлкөмдү коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылууда колдоо алууда. Бул Ооганстан сыяктуу туруксуз аймактардан келип чыккан коркунучтардын контекстинде өзгөчө маанилүү.

ШКУ геосаясий чыңалуу күчөгөн мезгилде анын мүчөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жана туруктуулукту өнүктүрүүгө көмөктөшүү менен маанилүү ролду ойнойт. Чыр-чатактардын жана санкциялардын контекстинде ШКУ өз мүчөлөрүнө өз ара аракеттенүү жана өнүгүүнүн жаңы жолдорун издөө үчүн аянтчаны камсыздайт. Уюмдун ийгиликтүү өнүгүшү анын өзгөрүп жаткан эл аралык шарттарга ыңгайлаша билүүсүнө жана жалпы маселелерди чечүүгө бардык мүчөлөрүнүн активдүү катышуусуна байланыштуу экендигин белгилей кетүү маанилүү.

Кыргызстанга таасири

ШКУ саммит Астана

Сүрөттүн булагы, Presidnet.kg

Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуу менен анын Уставынын принциптерин жана жоболорун сактоо менен уюмдун ишмердүүлүгүнө активдүү катышууда. Кызматташтыктын негизги багыттарына саясат, коопсуздук, экономика, маданият жана гуманитардык байланыштар кирет.

Кыргызстан коопсуздук маселелерине, терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшкө өзгөчө маани берет. Бул жерде маанилүү ролду ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмү (РАТС) ойнойт, ал уюмга мүчө мамлекеттердин бул жааттагы аракеттерин координациялайт. Кыргызстан Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү жактайт.

Кыргызстан биргелешкен долбоорлорду каржылоо үчүн Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүү идеясын алдыга жылдырууда, ал улуттук валютада төлөмдөргө өтүү боюнча Жол картасын ишке ашырууга салым кошо алат.

Экономикалык кызматташуунун олуттуу потенциалына карабастан, көптөгөн долбоорлор жана демилгелер толук кандуу ишке ашырыла элек, бул кошумча күчтөрдү жана инвестицияларды талап кылат.

Аймактык конфликттердин күчөшү жана ШКУга мүчө айрым мамлекеттерге карата эл аралык санкциялар аймактагы жалпы туруктуулукка жана коопсуздукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бул Кыргызстанга да таасирин тийгизет.

Бирок Кыргызстандын ШКУга катышуусу өлкөнүн региондогу позициясын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү берет, бирок учурдагы кыйынчылыктарды жеңүү жана кызматташтыктын потенциалын ишке ашыруу үчүн жигердүү аракеттерди талап кылат.

ШКУ заманбап геосаясатта, өзгөчө Батыш менен Чыгыштын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнүн шартында чоң ролду ойнойт. Уюм эл аралык санкциялардын кысымына кабылган өлкөлөр үчүн өзгөчө маанилүү болгон коопсуздук, экономика жана маданият тармагында кызматташуу үчүн аянтча түзүүдө. Кыргызстан ШКУнун жигердүү мүчөсү катары белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болуу менен, бирок өнүгүү үчүн олуттуу перспективаларга ээ болгон ички жана тышкы көйгөйлөрдү чечүү үчүн уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга умтулат.

2024-жылы Астанадагы саммити глобалдык жана аймактык процесстерге олуттуу таасирин тийгизе турган маанилүү окуя болуп калды. Алдыңкы дүйнөлүк державалардын катышуусу, негизги маселелерди талкуулоо жана стратегиялык чечимдерди кабыл алуу бул иш-чаранын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. ШКУ өнүгүүсүн улантууда, эл аралык аренада позициясын бекемдөөдө жана учурдагы геосаясий процесстерге таасирин тийгизүүдө.