Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстан 29 байге утту

Алтын медаль алган кыздар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыз-келиндер күрөшүнөн алтын медалды Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы алып келди.

Быйыл август айындагы дүйнө коомчулугундагы эң орчундуу спорттук окуясы Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам тилектештик оюндары болууда. 8-августта башталган оюндар 18-августта жыйынтыкталмакчы. 56 мамлекеттин төрт миңдей спортчулары катышкан бул оюндарда спорттун 20 түрү боюнча курч таймашуулар болууда. Учурда Кыргызстандын курама командасы 9 алтын, 8 күмүш жана 12 коло медаль утуп, 8-орунга көтөрүлдү.

Эркин күрөштөн алдын медалды биринчилерден болуп Эрназар балбан алды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эркин күрөштөн алтын медалды биринчилерден болуп Эрназар балбан алды

Учурда жеңип алган медалдардын жыйынтыгы боюнча мелдешти уюштурган Түркия өлкөсү 106 алтын, 89 күмүш жана 70 коло байгени өз жергесинде калтырып, командалык эсепте биринчи орунду камсыздап кылып, алтын байге алуу жагынан рекорд коюп жатат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан мамлекетинин спортчулары айырмаланып, алар 43 алтын, 30 күмүш, 48 коло медаль утуп, экинчи орунга чыкты. Ал эми Иран 37 алтын, 35 күмүш, 44 коло байге менен үчүнчү орунга илинди. Төртүнчү сапты Азербайжан 22 алтын, 28 күмүш, 21 колосу менен, бешинчи катарды Казакстан өлкөсү 19 алтын, 20 күмүш, 32 коло байгеси менен ээлеп турушат.

2017-жылы Ашхабад шаарында жабык имараттардагы Азия оюндарын өткөргөн Түркмөнстан дагы 3 алтын, 4 күмүш, 10 коло байге утуп 13-орунга илинип турат. Азырынча Тажикстан болсо 3 күмүш, 4 коло байгеси менен 27-орунда .

Кыргызстан 29 медалы менен Алжир, Түркмөнстан, Катар, Уганда, Камерун, Сауд Аравия, Оман өңдүү отуздай өлкөнү артта калтырды.

Баса белгилеп айта кетчү жагдай, мелдештерге жүздөн ашуун спортчулары катышкан өлкөлөр байгелүү орундарды камсыз кылып жатат. Мисалы оюн ээси Түркиядан 462 спортчу, Азербайжандан 275, Өзбекстандан 265, Мароккодон 185, Алжирден 147, Камерундан 140, Сауд Арабиядан 135, Сенегалдан 128, Казакстан менен Катардан 125, Түркмөнстандан 105 спортчу катышууда.

Ошентип кыргызстандык спортчулар 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына киргени чоң жаңылык катары бааланууда. Өзгөчө күрөштүн грек-рим, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, фехтования, жаа атуу, сууда сүзүү, дзюдо, оор атлетика боюнча күч сынашкан кыргызстандык спортчулардын чеберчилигин эл аралык адистер жогорку баалап жатышат.

Грек-рим күрөшүнөн алтын медаль жеңген балбан Акжол Махмудов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грек-рим күрөшүнөн алтын медаль жеңген балбан Акжол Махмудов
Грек-рим күрөшүнөн чемпиоан болгон балбан Жоламан Шаршенбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грек-рим күрөшүнөн чемпион болгон балбан Жоламан Шаршенбеков

Ислам тилектештик оюндарынын чемпиондору аталып, алтын медаль тагынган балбандарды, спортчуларды сыймык менен атай кетели. Алар: грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов, эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы, фехтованиянын шпага түрү боюнча Роман Петров, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов жана жаа атуудан Ынтымак Мурадил уулу чемпион болушту.

Токио олимпиадасынын күмүш медаль ээси, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Ислам тилектештик оюндарынын баш байгесин утуп жатса, анын жолун уланткан Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы атаандаштарын артыкчылык менен финалдык беттештерде жеңип, каармандык көрсөттү. Натыйжада кыргызстандык балбандар эл аралык таймаштарда чеберчилиги менен таанылып, адистердин көңүлүнө толо баштаганы жакшы жөрөлгө. Себеби мурдакы оюндардагы күрөштөн алган медалдар боюнча алдыда Азербайжан, Түркия жана Иран курамалары гана болуп келишкен.

Оор атлетикадан чемпион болгон Улан Молдодосов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 19 жаштагы Эмил Молдодосов 89 кг салмакта атаандашып, 161 килограммды жулкуп, 193 кило салмакты түртүп көтөрүп, бир күмүш, эки коло медаль тагынып, чоң спорттогу тушоосун кести.

Соңку жаңылыктарды күйөрмандар менен бөлүшсөк. V Ислам тилектештик оюндары Кыргызстандын оор атлетчи чоюн билек балбандары үчүн акжолтой болуп, тарыхта кала турган окуяны жаратты. Кыз-келиндер арасындагы күч сынашууда буга чейин эл аралык ири мелдештерде байгелүү орундарга илинбей келген Канымжан Алмазбек келечегинен үмүткөр кылып бул ирет үч коло байгелүү болду. Ал 87 кг салмакта күч сынашып, 171 кг оордукту көтөрүп, үчүнчү орунду ээледи. 19 жаштагы Эмил Молдодосов 89 кг салмакта атаандашып, 161 килограммды жулкуп, 193 кило салмакты түртүп көтөрүп, күмүш, эки коло медаль тагынып, чоң спорттогу тушоосун кести.

Токио олимпиадасынын катышуучусу Бекдөөлөт Расулбеков 102 кг салмактагы балбандардын күч сынашуусунда 169 кг салмакты жулкуп, 216 килограммды түртүп көтөрүү менен жалпы 3 коло байгелүү болду.

Кыргыз командасына дагы бир алтын медалды жана эки коло медалды суучул Денис Петрашов алып келди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз командасына дагы бир алтын медалды жана эки коло медалды суучул Денис Петрашов алып келди
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле 16-августта сууда сүзүү мелдештеринде Токио олимпиадасынын катышуучусу Денис Петрашов Ислам тилектештик оюндарында 100 метрге брасс ыкмасындагы жарышта марага биринчи келип, алтын медаль тагынды. Ал мурдакы жарыштарда да 2 коло байге утуп, чеберчилиги жогорулаганын көрсөттү.

Кикбоксинг мелдешинин “лоу-кик” ыкмасындагы таймаштарда 60 кг салмакта Адилет Улан уулу чейрек финалда азербайжандык Кияз Шахмардановду, жарым финалда иорданиялык Ибрахим Сулейманды утуп, баш байгеге талапкер болду. Финалдык беттешүүлөр 17-августта кечинде болмокчу.

16-августта дюздо күрөшүнүн кыз-келиндер таймашуулары жыйынтыкталып, кыргызстандык Шахида Нармухамедова 78 кг салмакта камерундук жана марокколук атаандаштарын утканы менен финалда түркиялык Нуркан Йылмазга алдырып коюп, күмүш медаль тагынды.

Жалпысынан 56 мамлекеттен 4 миңге жакын спортчусу спорттун 20 түрүнөн күч сынашса, кыргызстандык 112 спортчу 16 спорттун түрү боюнча мөрөй талашууда.

- Бул оюндарга Кыргызстандын тандалма командалары жакшы камылга көрүп, спортчулардын даярдыгы жана кийим менен камсыз кылууга, окуу-машыктыруу иштерине жакшы шарттар түзүлгөнү натыйжа берди. Ошондой эле бул оюндарга катышуу үчүн 20 млн. сомго жакын каражат мамлекет тарабынан бөлүндү. Былтыркы Токио олимпиадасынан кийинки каталыктарды эске алып, дене тарбия жана спорт тармагында реформа жүргүзүүнүн жыйынтыгында ушундай ийгиликтер жаралып жатат. Спортчулар дагы өздөрүнө ишенип, эл аралык аренада өлкөбүздү таанып жатышат. Жеңүүчүлөрдү “Манас” аэропортунан салтанаттуу маанайда тосуп алып жатабыз. Эми ушундай темп менен 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия оюндарына жана 2024-жылкы Париж олимпиадасына дардык көрүү зарыл,- дейт  Кыргызстандн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт Департаментинин директору Канат Шабданбаев.

Жаа атуудан чемпион болгон Ынтымак Мурадил уулу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаа атуудан чемпион болгон Ынтымак Мурадил уулу

Ислам Тилектештик биринчи оюндары 2005-жылы Сауд Аравияда өтүп, ага Кыргызстандын чакан командасын катышкан. Алгачкы оюндарда кыргызстандык спортчулар 8 медаль утуп келишкен. Оор атлетика боюнча Азия чемпиону Улан Mолдодосов биринчи Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону болуп, байге эсебин ачкан. Улан Mолдодосов 85 кг чейин чоюн билек балбандар менен күч сынашып, “жулкуп көтөрүүдө" күмүш жана “түртүп көтөрүү" көнүгүүсүндө алтын байгелүү болгон.

-Ал учурда менин салмагым 80 килограмм болчу. Ошого карабай 85 кг салмак категорияда мөрөй талаштым. Жулкуп көтөрүүдө Азербайжан өлкөсүнүн балбанынан кийинки экинчи орунда келаткам, түртүп көтөрүүдө аны артка таштап, биринчи орунду ээлеп, Биринчи ислам тилектештик оюндарынын чемпиону аталгам. Бул оюндар менин чеберчилигимдин өсүшүнө кийинки олимпиадалык оюндарга катышуума жол ачкан,-деп эскерет ал учурду Улан Молдодосов.

Ошондой бул оюндарга Улан Молдодосовдун бир тууган иниси Кутман да оор атлетика мелдештерине катышып, 69 кг чейинки салмакта 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган. Ал "жулкуп" көтөрүүдө күмүш жана "түртүп көтөрүү" көнүгүүсүндө коло байгелүү болгон.

Биринчи ислам тилектештик оюндарына кыргызстандык суучул Юрий Захаров да катышып, ал эки байге уткан. Ал биринчи 700 метрге комплекстүү сууда сүзүү жарышында марага үчүнчү болуп келген. Андан кийин 200 метр чалка чабак урууда дагы бир коло медалга ээ болгон.

Экинчи оюндар 2009-жылы апрелде Иран мамлекетинде өткөрүлө турган болуп, кызуу даярдыктар көрүлүп жаткан. Тилекке каршы, Иран жана Араб өлкөлөрүнүн ортосунда Перси кысыгындагы кырдаалга байланыштуу оюндар өтпөй калган.

Үчүнчү оюндар 2013-жылы сентябрда Индонезиянын Палембанге шаарында өткөн. Тилекке каршы, Индонезияда өткөн үчүнчү оюндарга Кыргызстандын спортчулары катышкан эмес. Азербайжанда өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарынан Кыргызстандын курама командасы жалпы 17 медаль утуп, 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына кирген.

Эми кийинки эстафета VI Ислам тилектештик оюндарын кабыл алчу Камерун өлкөсүнө жабылыш аземинде салтанаттуу кырдаалда берилгени турат. Оюндар 2025-жылы Камерундун борбору Яунде шаарына өтөт.

Бул оюндар- Ислам конференция уюмдарына мүчө өлкөлөрдүн мыкты спортчуларынын катышуусу менен эл достугуна көпүрө болуп, төрт жылда бир өтүп келе жаткан эл аралык спорттук иш-чара. Ал эми Ислам тилектештик оюндары федерациясы Ислам тилектештик оюндарынын багыты жана көзөмөлүнө жооптуу мекеме болуп саналат. Мүчө өлкөлөрдүн атынан башка диндин өкүлдөрүнө да оюндарга катышуусуна уруксат берилген. Мында алардын укуктары басмырланбай, достук, ынтымак даңазаланып, алардын жеңишине урмат-сый көрсөтүлүп турганын бүт дүйнөгө айкын болуп келүүдө. Себеби соңку мезгилдерде ислам десе терроризм, зордук-зомбулуктарды элестетип, дүйнө коомчулугунун үшүн алган окуяларды гана жалпыга маалымдоо каражаттары байма-бай чагылдырып, бир жактуу гана маалыматтар берилип кеткен.

Ислам тилектештик оюндары

Ошондуктан Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндары достуктун көпүрөсү, тынчтыктын данакери экенин даңазалап жатат. Чынында эле өткөн кылымдан бери бир дагы мусулман өлкөсүндө жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндар өткөрүлө элек. Түркия өлкөсүнүн Стамбул шаары бир нече ирет жайкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө өз талапкерлигин койгон менен негедир Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү колдоого алынбай келүүдө. Ошондой болсо дагы Түркия мамлекети акырындап эл аралык оюндарды өткөрүү боюнча тажрыйба топтоп, жакшы олимпиадалык оюндарды кабыл алууга чама-чаркы жетээрин, заманбап спорт имараттарын куруу менен далилдеп койду. Балким, Стамбул шаарында келечекте жайкы олимпиаданын оту жанып калаар. Жакшы тилек, жарым ырыс дегендей тилек кылып туралы.

Ошондой эле ислам өлкөлөрүнүн кыз- келиндеринин тилектештик оюндары да өзүнчө өткөрүлүп, айымдарды спортко тартуу аракеттери да көрүлүп жүрөт. 1993-жылы Тегеранда өткөн ислам өлкөлөрүнүн кыз- келиндеринин тилектештик оюндарында Кыргызстандын командасы баш байгени жеңип, Азия аймагында сенсация жараткан. Ошондо кыргызстандык кыз-келиндер командасы 27 алтын медалдын ээси болгон. 

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы