Ормон хандын кылычы 43 миллион сомго бааланып жатабы?
Рыскул Жолдошов, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусуна 100 толуп, жалпы элибиз европалык типтеги мамлекеттүүлүктүн мааракесин майрамдап жаткан учурда, бабалар курган кара кыргыз көчмөн мамлекетинин символдорунун бири табылып отурат. Бул табылга бир четинен тарыхый материалдык баалуу мурас катары бааланса, экинчи жагынан кыргыз элинин өз алдынчалыкка умтулуусун чагылдырган, салттуу кыргыз мамлекетинин таберик белгиси катары элдик руханий эстелик десек дагы болчудай.
Анда сөз башынан болсун. Быйылкы 2024-жылдын октябрь айында "казакстандык киши Ормон хандын кылычын тааптыр" деген кабар тарады. Алгач буга анча ишенбей, азыркы сенсациялуу заманда дагы бирөөлөрдүн ойлоп тапканы чыгаар дегендей мамиледе болдук. Бирок 3-ноябрда ал кылычка Орусиялык адис-окумуштуулар чыгарган эксперттик корутундусу колубузга тийди.
Экспертиза эмне дейт?
Санкт-Петербургдук окумуштууларга кайрылуу болуп, XIX кылымга тиешелүү деген согуш кылычын экспертизадан өткөрүп берүүнү суранышкан.
Экспертизага алынган кылычтын көлөмү төмөндөгүдөй болгон: жалпы узундугу 900 мм (90 см); сабынан кийинки бычагынын узундугу 760 мм (76 см); жазылыгы 30 мм (3 см); ийрилген түбүнүн туурасы 25 мм (2,5 см); калыңдыгы 5 мм. Кылычтын материалы жана жасоо техникасы: болот, согулган, болоттун бетине оймо жана жазуу чегилген.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кылычтын бир-аз жай ийилген, жалпак, бир миздүү болот бычагы бар. Туткасы эки жыгач тактайдан жасалган, алар кылычтын сабына металл менен каңдалып бекитилген. Тутканын башы металл менен капталып, капкак формасында болуп, мизи тарапка бурулган. Сап кылычтын мизинен колду коргоо үчүн жасалган узун металл менен кайчылаш бөлүнгөн, учунда тоголок конустар бар. Кылычтын бычагынын бир тарабында жоогазын сымал оймо-чиймеси бар картуш оюлуп түшүрүлгөн жана анын ичинде араб тилиндеги жазуу бар. Дагы бир араб жазуусу тутканын кесилишине чегилген.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кортундуда бул түрдөгү кылычтар Индия-Иран чөлкөмүндөгү согуштук куралдын негизги түрү болгону көрсөтүлгөн. Анткени мындай формадагы куралдын согушта колдонууда тез, так соккуларды жасоо жөндөмдүүлүгү алардын ар тараптуулугун жараткан, ошондой эле ритуалдык максаттарда колдонулушу мүмкүн деген пикир жазылган.
Экспертизаны Орусиянын эки илимий мекемесинин окумуштуулары жасаган. Биринчисин Санкт-Петербургдагы атактуу Петр I негиздеп кеткен Илимдер академиясына караштуу Кунсткамера музейинде иштеген, РИАнын Улуу Петр атындагы Антропология жана этнография (Кунсткамера) музейинин илимий консультанты, тарых илимдеринин кандидаты А. И. Терюков (20 октября 2024 г.) аткарган.
Экинчисин ошол эле Санкт-Петербург шаарындагы РИАнын Чыгыш кол жазмалар институтунун Жакынкы жана ортоңку чыгыш бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, доцент С. А. Французов (21 октября 2024 г.) чыгарган.
Мындан сырткары экспертизага берилген кылычтан металл эритмеси алынып, анын курамын аныктоо үчүн рентгенофлуоресценттик анализ жасалган. Анализ ПРФА "МетЭксперт" жабдуусу аркалуу аткарылган. Аны менен катар кылычтын бетине чегилген араб тилиндеги жазуулар окулуп чечмеленген.
Мындай кадыр-барктуу илимий мекемелердин берген кортундусунан кийин табылган кылычтын жасалмалуулугуна шектенүүгө мүмкүн эмес болуп калды. Жарыяланган маалымат боюнча экспертизага алынган кылыч XIX кылымдын ортосунда жашаган кыргыздын белгилүү инсаны Ормон ханга таандык болуп чыккан.
Оймо-чийме, жазуу сызуу кандай чечмеленет?
Кылычтын бетиндеги оймонун ичинде араб тамгасы менен араб тилинде жогордон төмөн карай чегилген жазууда Ормон хан Ниязбек уулу эскерилет. Ал жазуу:
– صاحب وارمان بن نيازبيك مناب عمل شريف ١٢٥٨ سنة– транкрипциясы: Сахиб/Ормон/ибн/Нйазбек/манап/амал/Шариф/1258/сана/
Орусча котормосу: Владыка Ормон, сын Нязбека, манап, Работа Шерифа, 1258 (1842) год;
Кыргызча котормосу: Өкүмдар Ормон Ниязбек уулу, манап, Шариптин эмгеги, 1258- (1842) жыл.

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кылычтын сабы менен мизи кесилген жердеги жазууда: "Астагфируллах" келмеси жазылган.
Бул жазуудагы дата хижра (мусулман жыл санагы) боюнча 1258-жыл болгондугу Ормон Ниязбек уулунун хан көтөрүлгөн мезгилине дал келет. 1258-хижра жылын григориан календарына оодоргондо 1842-жыл болот. Тарыхый материалдарда белгилүү болгондой Ормон Ниязбек уулу 1842-жылдын жай айларында Ысык-Көлдүн батышындагы Кызыл-Токойдо өткөн элдик жыйында (курултай) хан көтөрүлгөн.
Кокон хандыгын басып алган Бухара эмиринин бийлигин кабыл албаган кыргыздар, өз алдынча кыргыз хандыгын түзүү үчүн дыкат даярданышкандыгы байкалат. Кылычты уста Шарип атайын Ормондун хан көтөрүү аземине арнап жазаса керек. Себеби 1842-жылы хан көтөрүлгөн Ормон, кылычтын бетиндеги жазууда "өкүмдар" (сахиб) деп аталып турат. Өкүмдар деп эл башында турган бийлик ээсине, хандарга гана кайрылышкан. Тактап айтканда бул кылыч кыргыз хандыгындагындагы бийликтин символу катары, Ормонду ак кийизге салып хан көтөрүшкөндө, хандык белги кылып белине байланган өңдөнөт.
Мамлекеттүүлүк идеясы эч качан унутта калган калган эмес

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргыз тарыхында миңдеген жылдардын ичинде бир канча мамлекеттерди кургандыгыбыз, алардын ичинен өзгөчө, бүткүл Борбор Азия чөлкөмүнө саясий үстөмдүгүн орноткон "Улуу кыргыз каганатынын" доору белгилүү. Канчалаган душмандар менен салгылашып, эли-жерин, ата-журтун коргоп келген кыргыз калкынын башынан кандай гана тарыхый окуялар өткөн жок.
Ат жалында жашаган көчмөн бабаларыбыздан урпактарына жалаң руханий мурастар, каада-салттар, фольклордук чыгармалар гана келип жетти. Ал эми алардын саясий күчүн, мамлекеттик бийлигин чагылдырган материалдык эстелик буюмдар дээрлик жеткен жок. Орус империсы басып алганга чейин, өз алдынча байыркы бабалардын салты менен курулган акыркы көчмөн көчмөн кыргыз бийлигинин таберик мурасы болгон бул кылыч, кыргыз эли үчүн тарыхый реликвия катары өтө баалуу. Ал Орусия курамына киргенге чейин эле кыргыздардын деңгээли мамлекет курууга, өз алдынчалыкка жеткенге чейин көтөрүлгөндүгүнүн күбөлөгөн тарыхый буюм болуп эсептелинет.
Кылыч кандайча казак туугандардын колуна тийиши мүмкүн?
Ормон хандын кылычы кантип, кандай жол менен казак жарандарынын колуна тийип калды деген маселенин башы ачылбай турат. Анткени аны таап алган жарандар коммерциялык максатты көздөп турушат башкача айтканда кылычты кымбатыраак сатууга аракеттенишет. Бул кылычтын табылышы тууралуу кабар тараганда, казак жарандары кыргызстандык бир катар инсандарга кайрылышкан. Алардын биринен ушул маалыматты укканда, алар ошол эле кабар менен тарых илимдеринин доктору Өскөн Осмоновго дагы кайрылышкандарын айтышты.
Мен Өскөн агай менен байланышып, иштин чоо-жайын сурасам, ал киши тааныш жигиттер аркалуу бул кабарды алгандыгын билдирди жана "кылычты сатабыз деп айтышты" деди. Андан кийин кыргыз сүрөтчү кыздарынын бири Таалайкүл Сейитбек кызы Ормон хандын кылычынын сүрөтүн алгандыгын айтып калды.
Бул сүрөтчү кыз көптөн бери эле Ормон хандын элесин полотного түшүрүүгө аракеттенип жүрөт. Ал кылыч жөнүндөгү маалыматты парламенттин мурдагы депутаты Акыл Кемеловдон алгандыгын билдирди. Биз Акыл мырза менен байланышканыбызда ага Казакстан Мажилисинин депутаты Ардак Назаров кайрылып, маалыматтарды бергенин тактадык.
Бирок бир канча убакыттан кийин бул маселени токтото туралы деп, электрондук маалыматтарды өчүрүп койгон. Бирок кийинки учурда белгилүү спорт ышкыбозу Ануарбек Бекембетов социалдык сайттарында видеороликтерди чыгарууда. Кылыч чындыгында кимдин колунда экендиги жана Казакстанга ал кантип барып калгандыгы дагы деле түшүнүксүз.
Алар кылычты чет өлкөдөн алып келдик дешүүдө. Бирок, ал тарапка кандай жол менен жеткендигин айтышкан жок. Жалпылап айтканда кылычты коммерциялык максатта реклама кылып жаткандыгы көрүнүп турат.
Эски темирди эмне кылабыз дегендерге
Ормон хандын мамлекетик бийлигинин белгиси болгон кылыч кыргыздар үчүн тарыхый жана маданий баалуулукка ээ. Ал антиквар катары коллекциялык баалуу буюм болуп эсептелинет. Эң башкысы кыргыз элинин эркиндигин, мамлекеттүүлүгүн көргөзгөн, кыргыздардын өз алдынча бийлигинин символу десек болот. Эксперттер аны XIX кылымга таандык, Борбор Азия элдерине мүнөздүү буюм экендигин көрсөтүшкөн. Дал ошол мезгилдеги, сөз болуп жаткан кылычтын формасындагы дагы бир кылыч Казакстандын Чымкент (Шымкент) шаардык музейинде сакталып турат. Ал XIX кылымдагы казак султаны Кенесары Касымовдун кылычы. Аны музейге Кенесерынын небереси Азимхан Кенесарин тапшырган. Азимхандын атасы Кенесарынын кенже уулу Ахмет болгон.

Сүрөттүн булагы, Social media
Боордош малекеттегидей эле кыргыз элинин тарыхый баалуу буюму Республикабыздагы мамлекеттик музейде сакталып турса максатка ылайык болмок. Ал болсо илимий көз караштан гана эмес, жалпы элибизди мекенчилдикке тарбиялоодо чоң роль ойномок. Кыргыз элинин XIX кылымдын ортосундагы мамлекет куруусунун символдук буюму болгондуктан, кыргызстандыктарга жана Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөргө далилдүү зат катары кызмат өтөмөк.
Эгер, керек болсо азыркы мамлекетик бийликтин башаттарынын бирин далилдеген буюм катары, мамлекеттик символдор туу, герб, гимн сыяктуу эле бул кылыч дагы кыргыз бийлигинин символунун ордун аткара алмак.
Ошондуктан буга жеке жарандар эмес, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл. Элибиздин тарыхындагы маанилүү окуянын элементи болгон бул кылычты кыргыз өкмөтү, өлкөбүзгө алып келүүгө кызыкдар болуусу керек. Жок, бул кылыч бөтөн өлкөдө, чоочун жарандардын колунда калса жалпы кыргыз элинин намысына тийет деген ой келет. Элибиздин эркиндигин, өз алдынчалыкка умтуулуусун далилдеген бул тарыхый баалуу буюмду жоготуп алсак, кыргыз мамлекеттүүлүгүбүздүн тарыхын үйрөнүүдөгү ири алашемдиктин бири болмок.
Ушундай себептерден улам мамлекет жетекчилигине кайрылып, кыргыз элинин тарыхындагы баалуу эстеликти өлкөбүзгө алып келүүгө чакырмакмын. Кыргыз бийлигинин тарыхый символу элибизге кайтып келсе жакшы жышаан болуп калса керек.












