АКШнын Өкүлдөр палатасы Эпштейндин документтерин жарыялоого добуш берди. Сенат талкуусуз кабыл алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шейшемби күнү АКШнын Өкүлдөр палатасы соттолгон педофил, финансист жана Дональд Трамптын мурдагы досу саналган Жеффри Эпштейндин ишиндеги бардык жашыруун эмес материалдарды жарыялоону дээрлик бир добуштан колдоду. Артынан эле Сенат мыйзам долбоорун талкуусуз бекитти.
Мыйзам долбоорун Палата өкүлдөрүндө эки партиянын 427 мүчөсү колдоп, болгону бир гана республикачы каршы чыкты.
"Эпштейн файлдарынын ачык-айкындуулугу тууралуу мыйзам" (Epstein Files Transparency Act) деп аталган документ эки партиядагы конгрессмендер тарабынан сунушталган.
Андан көп өтпөй Сенаттагы демократтардын азчылык лидери Чак Шумер мыйзам долбоорун талкуусуз, бир добуштан кабыл алууну сунуштады.
Чынында эле, бир дагы сенатор каршы болгон жок жана мыйзам долбоору кабыл алынды. Эми мыйзам долбоору Трампка жөнөтүлөт. Президенттин вето коюу укугу бар.
Эгерде президент вето укугун колдонбосо же Конгресс аны жокко чыгарса, Юстиция министрлиги бардык жашыруун эмес материалдарды, документтерди, кат алышууларды жана тергөө маалыматтарын жарыялоого милдеттүү болот.
Ушул дем алыш күндөрү Дональд Трамп республикачыл конгрессмендерди бул мыйзамга добуш берүүгө үндөп, жашыра турган эч нерсеси жок экенин билдирди.
Ошол эле учурда президент администрациясына тиешелүү каалаган документтерди өзү эле жарыялоого толук укуктуу, бул үчүн атайын мыйзам талап кылынбайт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мыйзам долбоорунун демилгечилери аны Трампты материалдарды ачыктоого милдеттендирүү үчүн сунуштаганын белгилеген.
Демократ конгрессмен Роберт Гарсия шейшемби күнкү добуш берүүдөн кийин Дональд Трамп "дүрбөлөңгө түшүп, тергөөнү токтотууга аракет кылып жатат" деди.
Өткөн аптада демократ-конгрессмендер үч электрондук кат жарыялашкан. Анын ичинде Эпштейн менен анын көп жылдык өнөктөшү, учурда сексуалдык эксплуатация үчүн 20 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Гислейн Максвеллдин ортосундагы кат алышуулар бар. Айрым каттарда Трамптын аты аталат, бирок ал кандайдыр бир кылмышка тиешеси бар экенин далилдеген фактылар жок.
Трамп болсо Эпштейн биринчи жолу камакка алынганга чейин эки жыл мурун, 2000-жылдардын башында эле мамилесин үзгөнүн айтып кетет.
Андан кийин республикачы конгрессмендер демократтар "өздөрүнө ыңгайлуу документтерди гана тандоодо" деген жүйө менен 20 миң файлдан турган кыйла чоң материалдарды жарыялашты. Бул материалдарда Демократиялык партия менен байланышкан же ага таандык белгилүү адамдардын ысымдары кездешет.












