"Кумтөрдүн" кирешеси 124 миллиард сомдон ашты

Сүрөттүн булагы, kumtor.kg
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун 2025-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешеси 124 миллиард 216 миллион сомдон ашты. Ал эми компаниянын таза кирешеси 59 миллиард 286 миллион сомду түздү. Жыл ичи 12 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү.
Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы маалымат таратты. Андагы маалыматка ылайык, быйыл "Кумтөр" салык түрүндө 21,5 миллиард сомдон ашык каражат төлөгөнү жатат. Ал эми дивиденд түрүндө 13 миллиард 48 миллион сом которулду.
"Ушул кирешелер мамлекетибиздин казынасына түшүп, элдин кызыкчылыгына жумшалып жатат. Кумтөргө чет элдик компания ээлик кылган жылдары 410 тоннадан ашык алтын казылып чыгып кеткен. Анын ичинде күмүш жана башка баалуу металлдары канча? Чет элдик компания иштеткен 29 жылда Кыргызстан алган үлүштүк кирешенин баарын кошкондо, болгону 101 миллион доллар болгон. Быйыл, бир жылдык эле үлүштүк кирешебиз 150 миллион доллар болуп жатат. Жыл ичиндеги жалпы кирешебиз доллар менен санаганда 1 миллиард 420 миллион доллардан ашты",-деп жазды Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков бүгүн бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында.
Былтыр Кумтөрдөн 12 тонна 552 килограмм алтын өндүрүлгөн жана андан түшкөн киреше 989,1 миллион долларды түзгөн эле.
Кыргызстан 2021-жылы канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштеткен Кумтөр кенине тыштан башкаруу киргизип, туура бир жылдан кийин аны толук мамлекетуе өткөрүп алган. Кыргызстан "Центерра Голдго" акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
Учурда "Кыргызалтын" ААКсы "Кумтөр" компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат.




