Евробиримдик Украинага 90 млрд евро бөлмөй болду. Бирок Орусиянын тоңдурулган каражатынан эмес

Евробиримдик

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Евробиримдиктин лидерлери 16 саатка созулган талкуу учурунда Европада тоңдурулган орус активдеринин эсебинен Украинаны каржылоо боюнча макулдашууга жетише алышкан жок. Ошого карабастан, азырынча Украина үчүн банкрот болуп калуу коркунучу жок. Европа Биримдиги өз бюджетинен насыя катары Киевге 90 миллиард евро каржылык колдоо көрсөтмөй болду.

"2026–2027-жылдарга Украинага 90 млрд евро өлчөмүндө колдоо көрсөтүү чечими жактырылды",- деп жазды ЕБ саммитинин төрагасы Антонио Коста жумага ооган түнү социалдык тармактардагы баракчасына.

Коста бул каражаттар кайсы булактан бөлүнөрүн тактаган жок. Бирок Reuters агенттиги таанышкан саммиттин жыйынтык документинде акча Европа Биримдигинин бюджети менен кепилденген капиталдык рыноктон насыя катары алына турганы айтылат.

Бул чечим тоңдурулган орус активдерине негизделген насыянын техникалык жагдайлары боюнча бир нече сааттык талкуулардан кийин кабыл алынды. Бирок, европалык лидерлер орус активдерин колдонуу боюнча чечим кабыл ала алышкан жок. Reuters агенттигине атын атабаган дипломаттар билдиргендей, бул саясий жактан өтө татаал маселе жаратты.

Баштапкы планга ылайык, Украина Орусиянын резервдеринен каржыланышы керек болчу. Украина бул каражаттардын бир бөлүгүн насыя катары алып, аларды Орусия басып алганы үчүн компенсация төлөгөндөн кийин гана кайтарып бермек. Учурда Орусиянын басып кирүүсүнүн кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү жарым триллион доллардан ашык деп бааланууда.

Бирок Евробиримдикке мүчө бир нече өлкө башынан эле бул планга каршы чыккан. Чехия, Венгрия жана Словакия сыяктуу Орусияга ыктайт деп эсептелген өлкөлөрдөн тышкары, Италия да шек саноосун билдирген.

Кремлге таандык, Европада тоңдурулган 210 млрд евронун 193 млрд евросу сакталган Euroclear депозитарийи жайгашкан Бельгия да каршы болгон.

Financial Times басылмасы сүйлөшүүлөрдөн кабардар болгон расмий булактарга таянып жазгандай, Бельгия насыяга байланыштуу мүмкүн болгон бардык каржылык тобокелдиктерди жабуу үчүн чоң кепилдиктерди талап кылган. Бул талаптар башка лидерлердин сунушту четке кагуусуна түрткү берген.