Мьянманын аскердик диктатурасына каршы оор күрөштүн кандуу куну

Йогита ЛИМАЙЕ, Би-Би-Си Жаңылыктар кызматы

Козголоңчулар Мьянманын армиясын Индиянын чек арасына жакын жердеги бул лагерди таштап кетүүгө мажбурлашты

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лалнунпуии куралдуу каршылык көрсөтүү кыймылына кошулду

Мьянманын кароосуз калган аскер лагери токойлуу дөңсөөнүн үстүндө, бул аймакта өзүнүн жүрөккө окшош формасы менен белгилүү болгон ажайып кооз көлгө чукул жайгашкан.

Жерде мина салынган жашиктер жана иштетилген октор жатат. Мурда солдаттардын казармалары турган жерде, чачылган гофрленген калай шиферлердин арасынан сары гүлдөр баш багат. Лагердин башка жери шашылыш казылган траншеялар менен курчалган.

Эскертүү: Бул макаланын айрым жерлери сиз үчүн оор болушу мүмкүн

Булуттуу асмандын астында – кызыл, ак жана көк горизонталдуу тилкелери бар, ортосунда куштун жана кериктин сүрөтү түшүрүлгөн – Мьянманын аскердик хунтасына каршы күрөшүп жаткан Батыш Чин мамлекетиндеги этникалык куралдуу топ - Чин Улуттук Армиясынын (CNA) желеги желбиреп турат.

Жети ай мурун CNA жергиликтүү куралдуу жарандык топтор менен бирге Мьянманын армиясын Индияга чектеш жайгашкан соода шаары Риххаудардагы лагерден жана Чин штатынын башка аймактарынан сүрүп чыгарган. Бул 2021-жылдагы төңкөрүштө өлкөнүн морт демократиясын талкалаган Мьянманын аскердик диктатурасына каршы күрөшкөн кытайлык козголоңчулар үчүн болуп көрбөгөндөй жетишкендик.

Өкмөткө караштуу аскерий күчтөр бул аймактарды көзөмөлдөөнү колунан чыгарган биринчи көрүнүш болгондуктан, Би-Би-Си өлкөнүн батышындагы козголоңчулардын мындай жылыштарын көрүүгө сейрек мүмкүнчүлүк алды.

Риххаудардагы жеңиш оңой болгон жок. Буга бир жылдан ашык убакыттан бери бир нече чабуул башталгандан кийин гана жетишилди. Ал эми кээ бир үй-бүлөлөр үчүн бул өтө кымбатка турду.

Мьянма

Сүрөттүн булагы, AAKRITI THAPAR/BB

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Козголоңчулардын күчтөрү Мьянманын армиясын Индиянын чек арасына жакын жердеги бул лагерден сүрүп чыгарды
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Он жети жаштагы Лалнунпуии бийлегенди жакшы көрчү. Анын социалдык медиа каналы өзү туураган тренддеги вирустук видеолорго толгон.

«Ал дайыма тегеренип бийлечү. Бирок кийимге кызыкчу эмес. Жоокерлерди кумир тутуп, өз өмүрүн мекен үчүн арнагандар тууралуу ырларды күнү бою уга берчү. Кайраттуу жана күчтүү болчу жана эч нерседен коркчу эмес», - дейт Лалнунпуинин апасы Лалтантлуанги.

Төңкөрүштөн кийин өспүрүм кыз ата-энесин Хаймуал айылындагы куралдуу жарандык кыймылга кошулууга уруксат берүүгө көндүргөн. Мектепте англис тилинде жазган дилбаянында ал мунун себебин түшүндүргөн.

«Мьянма азыр талкаланды... Бирманын жоокери мага душман, анткени аларда ырайым жок... Менин келечегим Элдик коргонуу күчтөрү менен байланышкан», - деп жазылган анда.

2022-жылдын августунда анын айылындагы куралчан жарандар башка топтор менен бирге Риххаудар лагерине чабуул коюшкан.

«Биз аларга дрондорду 13 күн үзгүлтүксүз учуруп аткыладык. Бомбалардын көбүн өзүм жасагам», - дейт Лалнунпуиинин атасы Лалзидинга. Төңкөрүшкө чейин ал жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон, кийин Хаймуэлдеги элдик коргонуу күчтөрүнүн уюштуруучуларынын бири болуп калды.

Бул жолу аларга лагерди алуудан майнап чыккан жок, бирок эки тараптан тең жоготуулар болду.

Мьянма карта

2022-жылдын 14-августунда Мьянма армиясы жооп иретинде Хаймуал айылына чабуул койду. Тургундардын айтымында, алар онго жакын үйдү өрттөшкөн. Биз мындай үйлөрдүн калдыктарын көп көрдүк. Мьянма армиясы өлкөнүн түндүгүндө жана батышында он миңдеген жайкын үйлөрдү өрттөдү деп айыпталууда.

Хаймуалда армия тарабынан барымтага алынган 17 адамдын арасында Лалнунпуии жана анын он беш жаштагы агасы Лалруатмавиа да болгон. Бир туугандардан башкасынын баары бошотулган. Алардын үй-бүлөсү армия атасынан өч алып жатат деп эсептейт.

Эки күндөн кийин бир туугандардын сөөгүн айыл тургундары Хаймуал сыртындагы токойдогу тайыз мүрзөдөн табышкан.

Экөө тең мыкаачылык менен кыйноого алынып, тапанчанын кундагы менен уруп өлтүрүлгөн. Лалнунпуии зордукталган болучу. Анын бир тууганынын көкүрөгүндө, колдорунда жана жыныстык органдарында кайнак суудан күйүк издер калган. Би-Би-Си сөөктөрдүн деталдуу сүрөттөрү жана өлгөндөн кийинки отчеттор менен таанышып чыкты.

Мьянманын армиясы бул айыптоолор боюнча Би-Би-Синин суроолоруна азырынча жооп бере элек.

Лалнунпуиинин бир тууганы Лалруатмавиа 15 жашта эле

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лалнунпуиинин бир тууганы Лалруатмавиа 15 жашта эле

«Балдарым эмне болгонун ойлогондо, менин жашагым келбей кетет», - дейт Лалзидинга сөз таба албай кыйналып. «Менин балдарым шейит болушту. Мен аларды коргоп кала албадым».

Бир аздан соң сыймыктанган ата балдары жөнүндө мээримге толгон сөзүн улантты. «Уулумдун бою менден беш сантиметр узун болуп калган. Ал баарлашканды жакшы көрчү, үйдөгү бир да жумуштан баш тартчу эмес», - дейт ал. «Экөө ажырагыс болчу. Кызым жыйындарга кубаныч жана күлкү тартуулачу».

Лалтантлуанги көзүнүн жашын аарчып, колуна кичүү кызы төрт жашар Хадасини алат.

«Жолдошума балдарыбыздын өлүмүнө кайгырба деп айтам. Анткени, келечек муундарга да эркиндик керек. Эч кандай укугуң жок болсо, армиянын башкаруусунда калган мамлекетте жашоонун эмнеси жакшы?! Бул өз өмүрүн курмандыкка чалууга татыктуу күрөш. Мен балдарым менен сыймыктанам», - дейт ал.

Каза болгон бир туугандардын ата-энеси Лалтантлуанги менен Лалзидинганын Хадачи аттуу кызы бар

Сүрөттүн булагы, AAKRITI THAPAR/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каза болгон бир туугандардын ата-энеси Лалтантлуанги менен Лалзидинганын Хадачи аттуу кызы бар

Мьянмада жүргөнүбүздө аскер кийимчен чарчаңкы тарткан, курал көтөргөн козголоңчуларды – профессионал жоокерлерди эмес, дыйкандарды, студенттерди, аёосуз кагылышуулардын алдында укмуштуудай чечкиндүүлүктү көрсөткөн карапайым адамдарды жолуктурабыз.

Элдик коргонуу күчтөрүнүн командачысы Вала Хаймуалдын ылдый жагындагы жапжашыл өрөөнгө ишарат кылып, Мьянма аскерлери анын бардыгынан сүрүлүп чыгарылганын жана алардын эң жакын базасы азыр 30 мильден (48 км) алыс экенин жылмайып айтып жатты. Жергиликтүү көрүстөндө ал бизге кызгылт жана ак пластик гүлдөр менен капталган жаңы бейиттерди көрсөтөт.

Вала жездесинин мүрзөсүнүн жанына кулап түшкөн гүлдестесин оңдоп жатып: «Булар хунтага каршы күрөштө курман болгон адамдар», - дейт.

Биз Лалнунпуии менен Лалруатмавианын мүрзөлөрүн да көрөбүз.

Тоолуу аймактагы бул базада козголоңчулар жаңы жоокерлерин машыктырып жатышат

Сүрөттүн булагы, AAKRITI THAPAR/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоолуу аймактагы бул базада козголоңчулар жаңы жоокерлерин машыктырып жатышат

Биз жолуккан жарандардын көбү Хаймуалдын түштүгүндөгү CNAнын Виктория базасында даярдыктан өтүшкөн. Чытырман токойлорду жана тоолуу рельефти аралап, ийри-буйру, өңгүл-дөңгүл жолдордо жүрүп, базага жетебиз.

Биз ачык талаада марш тээп жүрүшкөн жүздөгөн жаштарды, формачан аскерге жаңы келгендерди көрүп жатабыз.

«Мекенибизди, сүйгөн жерибизди кашык каныбыз калганча коргойбуз», - деп ырдашат машыгуулар аяктаганда.

Андан кийин курал-жарактарды үйрөтүү жүрөт. Кийинчерээк атылган октун үнүн угабыз.

Бизге алардын жашы 18ден жогору болчу деп айтышты, бирок көбү жаш көрүнчү. Мьянма 2011-жылы демократиялык башкарууга өткөндө, эркиндиктин даамын татып калган, азыр аскерий башкарууну кабыл алынгыс деп эсептеген өспүрүмдөрдүн массасы көтөрүлүшкө кошулуп кетүүнү туура көрүштү.

Он тогуз жаштагы Тхан Дар Лин мугалим болгусу келчү.

«Төңкөрүштөн кийинки биринчи жыл жаман болгон жок. Бирок андан кийин аскерлер биздин айылды аткылай башташты. Биздин үйдү талкалады. Айылга аскерлер кирип, үйлөрдү өрттөп, адамдарды, жада калса малыбызды кырып салышты. Джунглиге качып кеттик, бизге окшогондор көп болгондуктан, жунгли өзү айылга айланды», - дейт ал.

«Таякемди мыкаачылык менен атып кетишкен. Мен армияны жек көрөм, ошондуктан өз өлкөмдү жана элимди коргоо үчүн CNAга кошулдум», - дейт ал.

Тхан Дар Лин 19 жашта жана аскердик башкарууга каршы күрөшүүнү каалайт

Сүрөттүн булагы, AAKRITI THAPAR/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тхан Дар Лин 19 жашта жана аскердик башкарууга каршы күрөшүүнү каалайт

Дээрлик бардык жерден революциянын толкунуна кабылган Мьянманын жаштарын көрөбүз.

Бирма өкмөтүнө иштеген миңдеген адамдар да көз карашын өзгөртүштү.

Жыйырма эки жаштагы Ванлалпектхара полиция кызматкери болгон.

«Мурда ал жакшы айлык алчу. Биз бактылуу элек жана ушуга ыраазы болчубуз. Бирок кийин өкмөт төңкөрүш менен кулатылып, ал каршылык көрсөтүүгө кошулууну чечти», - дейт анын апасы Молли Хианг, уулу полицияда машыгып жүргөн кездеги үч эскирген сүрөтүн алып чыгып.

Молли Хиангдын уулу полиция кызматкери болгон

Сүрөттүн булагы, AAKRITI THAPAR/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Молли Хиангдын уулу полиция кызматкери болгон

Аскердик башкаруунун тушунда өткөн жаштыгы тууралуу айтып жатып, ал мындай дейт: «Ал кезде бир да кубанычтуу күн болгон эмес. Биз алардан абдан коркчубуз. Ошондуктан мен баламдын чечимин колдодум».

2022-жылдын мартында козголоңчу күчтөргө кошулгандан алты күн өткөндөн кийин, Ванлалпектара өлтүрүлгөн.

Молли өзүнүн көкүрөгүн жана далысын көрсөтүп: «Менин баламды бул жерден жана бул жерден бычактап кетишкен», - дейт. «Ага мыкаачылык менен кол салуу болгон. Анын буту кесилип кеткен», - деди ал. «Бул тууралуу айтуу кыйын».

Ванлалпектхара каза болгондо, аялы кош бойлуу болчу. Азыр алардын 18 айлык баласы алысыраак качкындар лагеринде жашайт.

Аскердик күчтөрдү айылынан кууп чыкканда кандай сезимде болгонун сурасам, Молли муштумун көтөрүп: «Мен абдан бактылуумун, бирок мен толук жеңишти көргүм келет», - деди. Анын экинчи уулу да Элдик Коргоо Күчтөрүнүн мүчөсү болуп саналат.

Козголоңчулардын айтымында, алар даярдап жаткан жаңы аскерлердин баары - 18ден ашкандар

Сүрөттүн булагы, AAKRITI THAPAR/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Козголоңчулардын айтымында, алар даярдап жаткан жаңы аскерлердин баары - 18ден ашкандар

Карапайым жарандардын ушундай колдоосу алда канча күчтүү жана жакшы жабдылган Мьянманын аскерлерине салыштырмалуу алсызыраак козголоңчу күчтөргө дем берип, бул жаңжалда ийгиликке жетүүгө түрттү.

«Алар алгач жеңишке жеткендей көрүнгөн. Бирок согуш болобу, саясат болобу, элдин колдоосусуз эч ким жеңе албайт. Алар мыкты куралга ээ болушу мүмкүн, бирок алар тарапта колдоочулар жок», - дейт Чин штатында козголоңчулар тарабынан түзүлгөн параллелдүү өкмөттүн «премьер-министри» аталган саясатчы Па Тханг. Ал - ошондой эле Аун Сан Су Чинин Демократия үчүн улуттук лигасынын мүчөсү.

Параллель өкмөт штаттын дээрлик 80% аймагын көзөмөлдөйт деп ырастоодо, бирок Мьянманын армиясы дагы деле стратегиялык шаарлардын көбүн, анын ичинде борборду да көзөмөлдөйт.

Бирок козголоңчулар күч алды - ушул жуманын башында алар Тонзанг шаарчасын басып алышты.

«Бул биздин жер. Бул Бирманын аскерлеринин жери эмес. Биз жеңип жатабыз, анткени биз анын ар бир бурчун жакындан билебиз», - деди CNAнын өкүлү Хтет Ни.

Алардын ийгилигинин дагы бир негизги себеби – өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы бир катар козголоңчу топтор биригип, аскерлерди күч-аракетин чачкын кылууга мажбур кылышкан. CNA Качин көз карандысыздык армиясы, Карен улуттук боштондук армиясы жана Каренни армиясы менен союздаш экенин билдирди.

Козголоңчу күчтөрдүн алдында турган эң чоң көйгөй – бул ар кандай топтордун ортосундагы кагылышуу. Чин штатынын ичинде эле көптөгөн топтор бири-бирине кас болуп келишет.

Па Тханг алар биримдикти сактай аларын ырастайт, ошондой эле алардын төңкөрүштөн кийин аскерлер тарабынан түрмөгө камалган Су Чжи айым жетектеген Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн (NUG) алдында иштөө планы бар экенин айтат.

«Биз мыйзамдарды жана конституцияны тырышчаактык менен жазып жатабыз. Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн курамында Чин штатынан эки министр жана бир министрдин орун басары болот. Мьянма армиясы жеңилгенин мойнуна алган күндү гана күтүп жатабыз», - деди ал.

Биз жолуккан ар бир адамда жеңишке болгон ишеним байкалат.

«Жеңишке аз калды, - дейт Па Тханг. «Арийне мындай нерселер жөнүндө алдын ала айтуу жакшы эмес, бирок биз эки-үч жылдан ашык күрөшпөйбүз деп ишенем». (МА)

Аакрити Тапар менен Санджай Гангулинин кошумча түз баяны