HIMARS чабуулунан ондогон орус аскери курман болушу мүмкүн

HIMARS

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Донецк областынын оккупацияланган аймагында орус армиясынын машыктыруучу борборуна Украина ракеталык чабуул жасаганын Би-Би-Сиге бир нече булак ырастады. Би-Би-Синин орус кызматы полигондо чогулган кеминде алтымыштай орус аскери курман болду деген божомолун билдирүүдө.

Булактардын кабарына караганда, чабуул шейшембиде америкалык өндүрүштөгү HIMARS ракетасы менен жасалды. Кабарларда россиялык бригада Донецкинин түштүк-батышындагы Трудовское кыштагындагы машыктыруучу жайына чогулуп, командирин күтүп жаткан убакта ракеталык чабуул болгону айтылууда.

Полигондо 36-гвардиялык мотоаткычтар бригадасынын аскерлери болгон. Анын туруктуу конушу Забайкальск крайындагы Борзя шаары.

Ракеталык чабуул болгон убакта бул бригаданын 4-5-6-ротасынын жоокерлери полигондо катарга тизилип, Чыгыш аскер округунун 29-армиясынын колбашчысы генерал-майор Олег Моисеевди күтүп жатышкан экен.

Би-Би-Синин орус кызматынын колунда ракеталык чабуул болгондон кийин жасалган ондон ашык сүрөт жана видео бар. Анда курман болгон ондогон адамдарды көрсө болот. Бирок этикалык көз караштан улам Би-Би-Си орус кызматы аларды жарыялаган жок.

Ар кандай баалар боюнча, анын ичинде 36-бригаданын өзүнүн жоокерлеринин божомолунда чабуулдан кеминде алтымыштай адам курман болушу мүмкүн.

Россия бул боюнча эч кандай билдирүү кылган жок. Кызыгы, Украина тараптан дагы расмий кабарлар болгон жок.

Трудовское айылындагы полигонго ракеталык чабуул болгондон кийин Россиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту. Анда Шойгу орус армиясынын Авдеевкадагы жана фронттун башка тилкесиндеги ийгиликтерин баяндады.

Украина өткөн аптада согуштагы эң айыгышкан салгылашуулардан кийин Донецкиде жайгашкан Авдеевканы колдон чыгарып, жыл ичиндеги эң катуу жеңилүүгө учурады.

Путин анын аскери фронттун эң оор тилкесинде бурулуш учурга келгенин билдирди.

HIMARS деген кандай ракета

HIMARS деген кандай ракета

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

HIMARS - М142 жогорку мобилдүү артиллериялык система - беш тонналык оор машинага орнотулган ракеталык курал, бир эле учурда удаа-удаа алты ракета менен сокку ура алат.

Украинага берилген ракеталык комплекстер 80 км чейин алыстыкка сого алат. Бул АКШ Украинага мурда берген гаубицалык куралдардан алыска атуу жагынан эки эсе жогору.

HIMARS ракеталык системасынын 300 км алыска сокку ура турган дагы бир түрү бар. Бирок аны АКШ Украинага берген жок.

80 км чейин жеткен ракета россиялык "Смерчь" ракетасына окшош, бирок HIMARS GPS менен мээлеп, ракета менен таамай согот.

HIMARS ракеталык комплекстери Украинага 2022-жылы жайда бериле баштаган.

Сент-Эндрюс университетинин стратегиялык изилдөөлөр профессору Филиппс О Брайендин сөзүнө караганда, ракеталык комплекстер башында жүрүп келаткан күчтөргө эмес, командалык борборлорго каршы орнотулду:

"Ал Украинанын чыгышында фронтту бойлото коюлуп, россиялык позициядан болжолдуу алганда 30 мил аралыктагы курал-жарак кампаларына сокку урууда".

Анын айтымында, Украина HIMARS куралын орустардын казармаларын жана командалык пункттарын көздөй сокку урууга колдонууда. (КС)