Лукашенко: "Бакиевди бербейбиз"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Беларус лидери Александр Лукашенко Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кырызстандан качкан мурдагы президент Бакиев жөнүндө кеп кылды.
"Бакиев да жакшы жашап жатат. Болду, биз аны силерге бербейбиз. Мен ага "эч жакка барба, Беларуста эле жашай бер" деп айттым. Жакшы жашап жатат. Кээде ал мени чакырганда конокко барып турам. Ошондуктан биз аны бербейбиз. Бирок өлкөсүн абдан сагынып жүрөт. Ал мага "жок дегенде атамдын мүрзөсүнө барып келсем" деп айтат. Кыргыздар өзүнүн президентине атасынын мүрзөсүнө баруусуна жол бербегени акылга сыйбаган көрүнүш. Бул маселени азыркы өлкө жетекчилиги менен чечебиз деп ойлойм", – деди Александр Лукашенко.
Быйыл "Жоогазын ыңкылабы" деп аталып жүргөн 24-март окуясына 20 жыл толду. Бул датаны утурлай Курманбек Бакиевдин атынан Жалал-Абад шаарындагы тойканалардын биринде ооз ачар өткөнү ачыкталган. Коомчулук арасында Бакиевди кайтаруу аракети жүрүп жатат деген нааразы пикирлер пайда болгон.
Президент Садыр Жапаров мунун алдында, 11-мартта "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде Курманбек Бакиев жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, Минск ал камалбаса, өткөрүп берүүгө даяр экенин билдиргенин айткан:
"Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. "Кантип эле ушул турган Москва менен Минсктен алып келе албай жатасыңар" деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы".
Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2010-жылы элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт. 2010-жылдын 7-апрелинде элге ок атылып, 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган. Бакиев Кыргызстанда сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев сыртынан өмүр бою соттолгон.








