Путиндин резиденциясына дрондордун чабуулу, Трамптын реакциясы

Сергей Лавров, архивное фото

Сүрөттүн булагы, Alexander Shcherbak/TASS

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си, Орус кызматы

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын дрондору орус президентинин Валдайдагы резиденциясына чабуул жасаганын айтып, Москва буга сөзсүз жооп кыларын эскертти. Украинанын президенти Владимир Зеленский Лавровдун айткандарын "Орусиянын кезектеги калпы" деп баалады.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер дрондор Путиндин резиденциясын бутага алган болсо, анда бул "жаман" болду деген баасын берди. Анын алдында эле Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШ президенти ал сүйлөшүү жемиштүү болгонун айтып жаткан. Трамп Путин ага Новгороддогу резиденциясына чабуул жасоо аракети болгонун билдирди деди.

АКШ менен Орус президенттери Майаминин убактысы боюнча саат таңкы 8.00 (Бишкек убактысы боюнча таңкы 5.00) телефон аркылуу баарлашкан.

"Мага бул жакпай турат, Бул жаман нерсе" – деп Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Флоридадагы Мар-а-Лагодогу резиденциясындагы жолугушууда айтканын CNN цитата келтирет. Ушул эле резиденциясында бир күн мурун Трамп Владимир Зеленскийди кабыл алган.

Трамп чабуул тууралуу айтылгандар, балким, калп болушу мүмкүн, кол салуу болбогондур да деген. Бирок андан кийин ага бул тууралуу Путин айтканын кошумчалаган. Трамп бул тууралуу жаңылыкты жаңы гана укканын жана анын чоо-жайын билбей турганын айткан.

"Билесиңерби, ким мага бул тууралуу кабарлады? Президент Путин ага кол салышканын эртең менен айтты. Бул жаман нерсе", - деген Трамп, ал "мындай нерселер" азыркы маалга аябай туура келбешин да кошумчалаган.

Орусиянын Коргоонуу министрлиги Валдайга учуп бараткан дрондордун жарымы коңшу облустарда атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Орус аскерлери Новогороддогу Владимир Путиндин резиденциясына 29-декабрга караган түнү чабуул жасаган дрондордун саны боюнча өзүнчө маалымат таратты.

Ага ылайык, чабуулга 91 дрон тартылган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дрондордун чабуулу боюнча биринчилерден болуп айтып чыккан Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы ушунча дрон чабуулга катышты деп, бирок визуалдык эч бир далил келтирген эмес. Новгороддун губернатору жана Коргоонуу министрлиги 18 жана 23 дрон аталган облуста атып түшүрүлгөнүн кабарлашты.

Дагы башка 50 дрон, орус аскерлеринин айтымында, Смоленскте, ал эми 49 дрон Брянск облусунда атып түшүрүлдү.

Украин президенти Владимир Зеленский Киевдин бул чабуулга катышы бар деген Москванын мындай айыптоолорун "калп" жана "фейк" деди, айтымында Кремль муну менен украин шаарларына жана өкмөттүк имараттарына жаңы кол салууларын актаганы жатат. Лавров буга чейин Москва жооп катары жаңы соккуларыды пландап жатканын айткан.

"Орусия тараптан учурда аябай кооптуу билдирүүлөр болуп жатат, алар президент Трамптын командасы менен болгон бирдиктүү ишти жокко чыгарууга багытталганы айдан ачык. Биз тынчтыкка келүү үчүн чогуу иштешип жатабыз. Азыр эми орусиялыктар орус диктаторунун резиденциясына сокку урулуптур деген кезектеги фейкти ойлоп табышты. Бул Украинага, Киевге соккуларын улантуу үчүн жана согушту токтотууга керектүү кадамдарга баруудан баш тартууда өздөрүн актоо үчүн жасалды. Орусиялыктарга мүнөздүү тактикалык калп. Алар Киевге, Украинанын министрлер кабинетинин имаратына буга чейин сокку урушкан", - деп жазды Зеленский бул тууралуу өзүнүн телеграмына.

Украин президенти эл аралык коомчулукту "орусиялыктар тынчтыкка болгон умтулууну жокко чыгарып салбаш үчүн унчукпай калбоого" чакырды.

Бул окуялардын алдында эле АКШ жана Украина президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский Флоридада сүйлөшүүлөр өткөрүп, Орусия менен тынчтыкка келишүү үчүн ири прогресске жетишкенин билдиришкен эле.