Толгонай: “Сабаган күйөөм менен ажырашканда, ата-энем да колдогон жок"
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин 90% аялдар болуп саналат. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, акыркы эки жылда эле Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон, ал эми жыл сайын орто эсеп менен 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылат.
Биз Толгонай менен маекти камдап жатканда эле "Сокулукта ур-токмоктон бир аял көз жумду" деген кезектеги суук кабар чыкты. Бул качан, канткенде токтойт? Адам өмүрү, укугу, эркиндиги деген фундаменталдуу, өтө бийик баалуулуктар канткенде Башмыйзамда жазылгандай кол тийгис болоор экен?
Би-Би-Си үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон Толгонай (аты өзгөртүлдү) менен баарлашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Саламатсызбы? Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганыңыз өтө өкүнүчтүү. Башыңыздан өткөн окуяны айтып бере аласызбы?
Толгонай: Саламатсызбы, айтып берейин.
Зомбулук көрсөткөн адам өзгөрбөйт...
Бизде постсоветтик өлкөлөрдө - сүйүү курмандыгынын оорулуу романтизациясы бар. Советтик тасмалар боюнча, София Алёша үчүн бункерге шашат, аракечти оңдоп, турмушка чыгуунун оор жүгүн көтөрөт. Ошондон улам болсо керек, биздин өлкөдө дээрлик бардыгы куткаруучу синдрому менен жашашат, алар үйлөнгөндөн кийин зордуктаган адам бала төрөлгөндөн кийин өзгөрөт деп эсептешет. Спойлер - алар өзгөрбөйт.
Турмушка чыкканга чейин менде туруктуу жумуш, жакшы айлык, Бишкектин борборунда ижарага алынган батир, карьера боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Бирок үйлөнгөндөн кийин баарын таштап, анын артынан Европага бардым. Кыргызстанда 3 жыл таанышып, достошуп, төртүнчү жыл баш кошууну чечип, чет өлкөгө кеттик, никебиз туура бир жыл үч айга созулду.
“Кызыл желектер” (кооптонто турган белгилер) никеге чейинки мамиле учурунда да болгон. Бир жолу урушуп жатканда башым менен жер сүздүрдү. Мен качып, ваннага, бекинип алгам, бирок ал чуркап келип, кечирим сурап жалбарган. Ошондо ал мага өзү шок болуп жаткандай сезилген, андан кийин тахикардия менен ооруп, ооруканага бардык. Ошентип, мен аны биринчи жолу кечирип койдум.
“Өлүмгө тете ката”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мен аны ушунчалык сүйүп калгандыктан, өзүм менен ачык сүйлөшкөндөн, өзүмө эскертүү бергенден коркчумун. Туруктуу мамилемди жоготуп алуудан коркчумун. Жашым 26да болчу, айланамда баары мага басым кылып, "турмушка чык" дей беришти, ошондуктан го, “кызыл желектерди” тоготпоюн дедим. Бул - өлүмгө тете катам болгонун мезгил көрсөттү.
Турмушка чыккандан кийинки алгачкы айлар туруктуу болду, бирок кийин ал мени алдап, көзүмө чөп салып жүргөнүн билдим. Экөөбүз урушуп, ал мени сабап салды. Катуураак сокку уруу үчүн эриндерин тиштенип алчу. Бул жолу тахикардия болгон жок. Акчасыз калдым, барар жерим жок эле, бир гана коронавирус бар эле. Ал кайра кечирим сурап, ыйлады, бийлик карантин киргизди - мен калдым.
Өзүм шок болдум, мен анда дагы деле турмуш куруунун кычкыл даамын сезип жаттым - анын ушинтип эле кыйрап калышына ишене алган жокмун жана мен калып, мамилебизди жакшыртуунун үстүнөн "иштөөнү" артык көрдүм.
Ал болсо, башка аялдар менен көңүл ачууну улантып, чыр-чатактар көбөйө берди. Ал мага улам барган сайын катаал зомбулук көрсөтө баштады: буюмдарды ыргытып, муунтуп, денемди көгөрттү. Мен аны ишенсеңиз, кызганган да жокмун, жөн гана катасын мойнуна алсын дедим, мындан ары эмне кылаарыбызды чогуу ойлонолу дедим. Мен ачык турмушка (никедеги адамдар башкалар менен жыныстык катнашта болуусу) деле даяр болчумун, негизи эле мен анын бардык көйгөйлөрүн кабыл алып, аны менен бирге психологго барууга даяр элем. Көксөгөнүм жөн гана өнөктөшүм калп айтпасын, мага ишенсин дечүмүн. (Бул куткаруучунун синдрому, сиз мындай кылбаңыз)
Зомбулукту нормалдаштыра баштадым...
Карантинде мен - жашоого феминисттик көз караштагы билимдүү кыз, зомбулукту нормалдаштыра баштадым. Мен аны тарбиялап жатканыма ишене баштадым, экөөбүз урушканда эмеректерди сындырып жатканына мен күнөөлүүмүн, дайыма анын сууп келишин күтүп, элдешип алчумун. Ар кайсы жерим көгөргөнүнө карабай элдеше берчүмүн. Анткени мындай уруштардан кийин ал ушунчалык жумшак, идеалдуу болуп калгандыктан, ага алданып калчумун. Анан ал мени шылдыңдай баштады, “сен бул жерде эч нерсе түшүнбөйсүң, кызыксызсың, келесоосуң, ийгиликке жетпейсиң” дей баштады. Көп өтпөй, менден акчасын да аяп калды. “Тамак-ашың бар, чатырың бар, сага дагы эмне керек? Сен африкалык балдарга караганда жакшы жашап жатпайсыңбы” дечү.
“Ойгондум”
Карантин бүткөндө, 6-9 айдан кийин кетүүнү чечтим. Башкаларды көрдүм, башка күйөөлөр, жигиттер, мамилелер кандай болорун көрдүм. Уйкудан ойгонуп, досторума кайрадан жолугуп, башынан өткөргөнүмдү айтып бере баштадым, алар шок болуп жатышты. Дайыма коштоп алган стресстен улам уктабай калганда гана кетүүнү чечтим. Баарын бүтүргүм келди, качып кетким келди. Сүйүү калган жок, бир гана чоң чарчоо бар эле, мен түрмөдөн, психиатриялык ооруканадан чыккан сымал кетким келди.
Болду дедим, чарчадым, ажырашабыз деп, буюмдарымды чогултуп Кыргызстанга учуп кеттим. Ал ыйлап ата-энем аркылуу чакыртты, бирок мага баары бир эле. Эч жакка барбадым, акчам жок, ата-энем да мени колдогон жок. Алар “уят болушту”, анткени Кыргызстанда ажырашкан аял болуу ата-эне үчүн жаңжал жана уят. Бирок андан кийин канчалык коркунучтуу болсо да, мен өзүмө өзүм ата-энем, коргоочум, колдоочум болууну чечтим.
Мени агам, эжем, досторум, курбу кыздарым колдошту, бул үчүн аларга ырахмат. Андан кийин Кыргызстандагы мурдагы байланыштарыма кайтып келдим, минималдуу төлөм менен жумушка кирдим, болгон жазуу иштерин – сценарийлерди, макалаларды, тасмаларды тарттым.
Баягы эле “Эл эмне дейт”
Өмүр бою ата-энемди, деги эле бүтүндөй коомду капа кылуудан коркконумду, мен үчүн “Эл эмне дейт” маанилүү болгонун, эмнегедир имиджимди сактап калуу мен үчүн баарынан маанилүү болуптур. Ал эми ажырашуу мени боштондукка чыгарды. Жогото турган эч нерсе жок, менин экинчи демимди ачкандай болду. Мен өзүмдүн долбоорлорум менен иштей баштадым жана гранттарды утуп, жаш лидерлер үчүн олуттуу сынактарды жеңип, бат эле олуттуу жумуш таап, окууга тапшырып, стипендия утуп алдым. Бардыгы дароо укмуш болуп кеткен жок, албетте, бир нече жолу ыйлап, кайтып баргым келди. Бул убакытта менин алдымда жер жоктой сезилип жатты. Маал-маалы менен кандайдыр бир туңгуюкка түшүп, баарына, сүйүүмө, турмушка чыкканыма ызаланып, кайгырып, анан таң аткандай кайра жашоого аргасыз болчумун. Терапиядан кийин гана бир жылдан өткөн соң, өзүмө келе баштадым. Мен бул жөнүндө акырын айта алам, тамашалай алам. Ата-энем да акыры баарын кабыл алышты, жада калса азыр менин ийгилигиме кубанышат.
Би-Би-Си: Абдан оор күндөрдү башыңыздан өткөрүптүрсүз. Зомбулуктан жапа чеккендерге эмне дегиңиз келет?
Өзүңүздү гана ойлоңуз...
Толгонай: Азыр ушундай мамиледе болгондорго кеңешим, ал өзгөрбөйт, сиз да аны куткара албайсыз, болгону анын көйгөйлөрүнө ого бетер чөгүп кетесиз. Эсиңизде болсун, кийинки жолу ал катуураак сокку урушу мүмкүн жана сиз анда аман калбашыңыз толук ыктымал. Өзүңүздү сактаңыз, кризистик борборлор, достор, туугандар менен байланышыңыз. Кризистик борборлордо, демекчи, телефон аркылуу жөн эле психологиялык жардам ала аласыз, алар күйөөңүздү милицияга алып барышпайт (мен ушундан коркчумун). “Корк, мен сени мененмин” (“Бойся, я с тобой”) же “Ашыкча сүйгөн аялдар” (“Женщины, которые любят слишком сильно”) китептерин окуп, өзүңүздү андан кетүүгө даярдасаңыз болот. Өзүңүздү эле ойлоп, кете бериңиз, сураныч.
Жакында эле аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы өнөктүк соңуна чыкты. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрь - Эл аралык Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү өтүп, 10-декабрь - Адам укуктарынын Эл аралык күнүндө жыйынтыкталды.















