Иранда кыздык белгини текшерүү кыжыр кайнатты
Фирузе Акбарян, София Беттиза
Би-би-си Дүйнөлүк Кызматы
18+

Сүрөттүн булагы, MANUELLA BONOMI
Иранда коом салт-санаага баш ийип жашайт жана жабык келет, андыктан кыздар турмушка чыккыча абийирин сакташы – алардын үй-бүлөсү абдан маанилүү.
Айрым эркектер үйлөнөрдүн алдында колуктусунан кыз экенин тастыктаган медициналык күбөлүк талап кылышат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мындай талап -адам укугуна каршы келет дейт.
Иранда деле барган сайын мындай текшерүүлөргө каршылык көбөйүп келет.
"Сен кыз эмес экениңди жашырып, мени алдап өзүңө үйлөндүрүпсүң! Эч ким сени аялдыкка алмак эмес, ушундай экениңди билсе”, - деп Мариамдын жолдошу биринчи нике түндөн кийин шейшептен кан таппай бакырып жатты.
Мариам күйөөсүнө таза экенин, буга чейин бир да жолу жыныстык катнашка барбаганын ишендирүүгө аракеттенди. Бирок күйөөсү ага ынаган жок, кыздык белгиси бар болгонун тастыктаган медициналык күбөлүк талап кылып туруп алды.
Иранда бул көнүмүш эле көрүнүш. Көптөгөн кыздар кудалашуудан кийин эле дароо догдурга жөнөшөт, аларга жыныстык жашоого баш бага элегин тастыктаган күбөлүк керек.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму “кыздык күбөлүк” дегендин өзү медициналык негиз боло албайт деп эсептейт. Мисалы, ошол эле Мариамдын сертификатында анын кыздык белгиси “ийкемдүү түрдөгү” деп мүнөздөлөт. Демек, кыздык белги чоюлчаак келип, жырылбай, демек кан чыкпашы мүмкүн экени эскертилген.
"Бул нерсе абдан катуу намысыма тийди, - дейт Мариам. – Менин күнөөм жок болсо деле, күйөөм мага жаман сөздөр айты. Бир убакта мен андай сөздөрдү көтөрө албай, дары ичип, өзүмдү өлтүрүүгө аракет жасадым".
Мариамды убагында ооруканага жеткиришип, өмүрүн сактап калышты.
"Ошол кара күндөрүмдү такыр эстегим келбейт, ал кезде мен 20 килограммга арыктап кеткем", - дейт Мариам.
Кыздык текшерүүгө каршылык
Мариамдыкындай мисалдар толтура жана алар көптөгөн иран аялдарына мүнөздүү көрүнүш. Кыздардын турмушка чыккыча абийирин сакташы – консервативдүү коомго терең сиңген баалуулук.
Бирок соңку кезде кыздык белгиге карата өлкөдөгү абал бир аз өзгөрө баштагансыйт. Иранда эми кыздар эле эмес, эркектер дагы “кыздыгын далилдөөгө” каршы чыга башташты.
Былтыр ноябрда чыккан бул тууралуу петицияга биринчи эле айда 25 миң киши кол койгон. Кыздыкты текшерүү темасы буга чейин Иранда мынчалык деңгээлде талаш-талкууга түшүп көргөн эмес эле.
"Бул адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү жана ал кордоого жатат", - деп эсептейт Неда. Ал өзү 17 жашында студент кезинде ал убактагы жигити менен жакын мамилеге барганын айтат.

Сүрөттүн булагы, MANUELLA BONOMI
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мен анда катуу паникага алдырдым, - дейт Неда. – Эми менин үй-бүлөм бул тууралуу билсе эмне болот деген ой менин жүрөгүмдү түшүргөн".
Неда кыздык белгисин кайра калыбына келтирүү үчүн пластикалык хирургга кайрылган. Техникалык жактан алганда бул процедура Иранда мыйзам бузууга жатпайт. Бирок андай процедура жасаган ооруканага коомдун каарына калышы мүмкүн, андыктан догдурлар көп учурда кыздык калыбынан келтирүүгө батынышпайт.
Ошентип Недеге жеке менчик клиника издөөгө туура келди, ал жакта мындай операция үчүн көп акча сурашты.
"Процедура үчүн болгон акчамды короттум,- деп эскерет жаш кыз. – Ноутбук, телефон жана алтын буюмдарымды саттым".
Ал ошондой эле операция ийгиликсиз болсо, кесепети үчүн өзү жооп берерин караган документке кол коюп берген. Айтымында процедура болгону 40 минут созулганы менен, андан кийин ал көптөгөн жума бою калыбына келе албай жүрдү. Курсагынын асты ооруп, буттарын да кыймылдата албай калган.
Бирок ата-энесине бир ооз ачкан эмес.
"Өзүмдү жалгыз сездим. Ооруну деле ата-энемен коркуп жатып жеңдим", - дейт Неда.
Бирок анын мындай азап тартуусу бекерге эле чыккандай болду. Себеби, жыл айланбай ал сүйүүктүсүн жолуктуруп, турмуш курмакчы болушту. Бирок нике түндө шейшеп канга булганганбай, Неда ошондо гана жасаткан пластикалык операциясы ийгиликсиз экенин түшүндү.
"Күйөөм мени алдадың, жалганчысын деди, анан менден кетип калды", - деп айтып берди Неда.
Үй-бүлөдөгү басым
ДСУ кыздыгын тастыктоо этикага жатпайт деп эсептесе дагы, Иранда жана Индонезия, Түркия, Ирак өндүү бир катар мусулман өлкөлөрүндө бул кенен жайылган көрүнүш.
Ирандын медицина жаатындагы расмийлери кыздык текшерүү айрым гана учурларда – зордуктоо тууралуу билдирүүлөрдү иликтөө маалында гана жүргүзүлөт деп айтышат.
Бирок бул процедурадан өтүү үчүн турмуш курууга белсенген түгөйлөрдөн буга талап чоң. Кыз-жигит көбүнчө апаларынын коштоосунда жеке менчик клиникаларга кайрылышат.
Врач-гинеколог же акушерка текшерип, андан кийин кыздын аты-жөнү, атасынын аты, паспортунун номуру көрсөтүлгөн расмий документ берилет. Айрым учурда ал жерге кыздын сүрөтү да чапталат. Врач текшерүүдөн кийин, бул кыз жыныстык катнашка бара элек көрүнөт деген бүтүмүн берет.
Салт-санаага бекем айрым үй-бүлөлөрдө ал сертификатка кудачалар да кошумча кол койгон учурлар бар.
Фариба аттуу догдур мындай справкаларды көп жылдардан бери берип келет. Ал мындай тажрыйбаны колдобойт, бирок бир жагынан алганда күбөлүктөр көптөгөн аялдарга жардамчы да болот дейт.
"Жаштарга үй-бүлөсү тарабынан басым жасалат. Кээ бир учурларда жыныстык жашоодо жашап, бирок эми турмуш куралы деп келген түгөйлөр болот. Алардын суранычы менен мен алардын үй-бүлөлөрүнө кызда баары жайында экен деп жасалма бүтүм да чыгарып берем", - дейт врач.
Көптөгөн ирандык эркектер үчүн мурда эркектер менен мамилеге барып көрбөгөн кызга үйлөнүү абдан маанилүү.
"Эгер кыз турмуш курганга чейин өзүн сактабаса, ага ишенүү кыйын го. Андай кыз күйөөсүн башка эркек үчүн таштап кете алат", - дейт 34 жаштагы Шираздагы электрик Али.
Өзү жигит буга чейин он кыз менен секске барганын, себеби "туруштук бербей калганын" айтат.
Али иран коомчулугунда кош стандарттар иштеп жатышын моюнга алат, бирок салт-санаадан баш тартуунун кажетин көрбөй эле.
"Социалдык эрежелер ушундай, эркектер аялдарга караганда көбүрөөк эркиндикке ээ", - дейт ал.

Сүрөттүн булагы, MANUELLA BONOMI
Алинин мындай көз карашын тең бөлүшкөн эркектер көбүнчө айыл жергесинен.
Кыздык текшерүүгө каршылык өсүп жатканы менен көптөгөн ирандыктар бул коомго катуу сиңген маданият экенин, андыктан бийлик ага жакын арада бөгөт кое албайт деп эсептешет.
Келечекке үмүт
Мариам өзүнө кол салууга аракет жасагандан төрт жыл өткөн соң мындан бир нече жума мурун эле ажырашууга уруксат алды. Бирок эми ал кайра турмушка чыгабы айтуу кыйын.
"Менин эркекке ишенишим эми кыйын болот го,- дейт ал. – Жакын арада турмушка чыкканымды элестете албайм".
Мариам башка он миндеген иран аялдары менен кошо кыздыкты тастыктаган тажрыйбадан баш тартуу үчүн ар кандай петицияларга кол коюп келет. Бирок бул маселе тез чечилет деп ойлобойт, бул кылымда андай болбойт дейт, ошентсе да келечекке үмүт кылат.
"Качандыр бир кезде ал да күн да келет. Мен буга ишенем. Келечекте бир да кыз менин башыман өткөндү көрбөсө экен деп тилейм, үмүттөнөм", - дейт Мариам. EK
Макалада чыныгы ысымдар колдонулган жок.











