Жакшы аял кандай болушу керек?

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Блогер Азиза Мурзашова “Мен эркин келинмин”,- дейт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блогер Азиза Мурзашова “Мен эркин келинмин”,- дейт

Кыргызда илгертен эле “Вазир жакшы – хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы”, - деп айтылып келет. Бирок ошол “жакшы аял” бүгүнкү күнү кандай болуш керек экенин ар ким ар кандай чечмелейт.

Мисалы, элибиз деги эле балдарына, өзгөчө кыздарына, кичинесинен эле ийкемдүү жана сылык болуу керектигин айтып нуска берип келет. Улууларга каяша айтпай, үй-бүлөдө сабырдуу болуп, улуу кишинин айтканын угуу менен катар үй жумуштарын жакшы жасоого үндөгөн тарбияны, кыздардын аң-сезиминде келечектеги “жакшы аялдын” образын калыптандырган факторлордун бири катары карасак болобу?

“Мен эркин келинмин”

Блогер Азиза Мурзашова коомдогу аялдарга карата адилетсиздик, зордук-зомбулук маселелерине көңүл буруп, соцжелелердеги катталуучулары менен ушул темаларда ой бөлүшүп жүрөт. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларында “Жакшы келин болуу үчүн интернетте толгон-токой курстар жайнап кетиптир. Эмне үчүн келин эле жакшы болушу керек, эмнеге эркектер үчүн дагы кантип жакшы күйөө болушу деген курстар жок?” деген суроо салып, ой-толгоосу менен бөлүшкөн.

Мурзашованын айтуусунда, “идеалдуу аял” болууну үйрөткөн түрдүү курстар жайылып кеткен. Бирок эркектер үчүн “мыкты күйөө болуунун сырлары” деген сыяктуу усулдар такыр жок экенин белгилеген.

Блогер ошондой эле, өзүнүн кайын журту үчүн жакшы келин эместигин да ачык айткан. Анткени ал, “жакшы келиндин” стандартындагыдай, баары колунан келген, тамакты даамдуу жасаган, үйдө отурган келин эмес экенин, ал көп иштеген, оюн ачык айта алган, кааласа чачын кыска кырктырып салган, эч кимге баш ийбеген, эркин келин экенин айткан.

Блогер Азиза Мурзашова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блогер Азиза Мурзашова

Кызга өзүнүн укуктарын билүүнү үйрөтүш керек

Психолог Айгүл Аликанова жогоруда айтылган курстарда жалаң эле жакшы келин болууну үйрөтпөстөн, кыз балага өзүн өзү сыйлоону, билим алып, кесипке ээ болууну, өзүнө тың болууну да үйрөтүү актуалдуу деп эсептейт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айгүл Аликанова: “Андай курстарда жакшы келин болууну, башкача айтканда, жакшы тамак жасоону, “жок” дебей, сөз кайтарбай, ийкемдүү, сылык болууну үйрөтөт. Муну жаман деп айта албайм. Анткени биздин салт ошондой. Бирок азыркы учурда аялга карата зомбулук аябай көп болупа жатпайбы. Ошондуктан, кыз балага биринчи кезекте өзүн өзү сыйлоону, жакшы бир окууну окуп, кесипке ээ болууну, өзүнө өзү тың болууну да үйрөтүш керек. Ансыз да бизде үй-бүлөдө кыз бала төрөлгөндө ага эркек балага кубангандай кубанып тосуп алышпайт, аны дайым уул баладан ылдый коюп өстүрүшөт, бул кыздын өзүн өзү баалоосуна чоң таасирин берет. Ошондуктан курстар жакшы же жаман дебейм, бирок кыз баланын кичинесинен тарта анын өзүн өзү баалоосу төмөн болсо, ал курстар кызды ого бетер стресске кирептер кылышы мүмкүн. Мисалы, кызга “каяша сүйлөбө, дайым угуп жүр” - деп үйрөтсө, аны уруп-согуп жатса деле каяша айтпай, өзүн өзү баалоосу төмөн болгону үчүн эч нерсе кыла албай жүрө берет. Андыктан, кызга өзүнүн укуктарын билүүнү, өзүнүн жана башкалардын чектерин билген аял болуууну үйрөтүү маанилүү болуп жатат”.

Айгүл Аликанова азыр психология боюнча “өзүн жакшы көрүү” деген сыяктуу курстар да көбөйүп жатканын айтты. Ал мындай курстарга барып жатканда дагы, аны ким өтүп жатат, анын тажрыйбасы кандай, ал адиспи же жөн эле кеңеш берген адамбы, тактап алып барган жакшы дейт. Антпесе, ал курстардын натыйжасы дагы туура эмес иштеши мүмкүн экенин эскертет.

“Жакшы аял – билимдүү аял”

Студент кыз Айбарчын Абибакир кызы дагы психологдун бул оюн бекемдеп, курстарга жазылуунун астында аны ким өтүп жатканын изилдеп, анан баруу зарыл деп эсептейт. Ал көптөгөн курстарда сабак өтүп жаткан мугалимдердин кылган иштери, өзүн алып жүрүүсү курстагы айткандарына дал келбегенин байкаган.

Айбарчын Абибакир кызы: “Көп курстарга барсаң, тренерлер өзүлөрү айтып жаткан нерселерин өзүлөрү аткарбайт. Анан ага кантип ишенесиң? Мисалы, мен “жакшы аял” болууга үйрөткөн курстарга баруунун кажети жок деп эсептейм. Жакшы аял дегенде эле биз көбүнчө үйдө отурган, бала төрөгөн, тамак жакшы жасаган, баарынын сөзүн угуп, өзүнүн оюн айтпаган аялды элестетебиз. Бирок андай аял ар кимге жагынып жүрүп, өзүнүн эмнени каалап жатканын унутуп калат го. Ошондуктан, мен үчүн жакшы аял – бул өзүнүн эмне каалаганын так билген, билимдүү аял. Билимдүү аял гана келечекте акылдуу, тарбиялуу, маданияттуу балдарды тарбиялап өстүрө алат деп ойлойм. Окуган, дайыма өзүн өнүктүрүп турган айымдар жашоосунун бардык жагын өзү эле алып кете алат деп ойлойм”.

“Үй жумуштары же тамак жасоо биздин жашообуздун бир бөлүгү”

Ал эми дагы бир жаш студент кыз Гүлжан Джамалидин кызы бул боюнча мындай дейт: “Кыз сөзсүз өзүн даярдаш керек. Үй жумуштары же тамак жасоо биздин жашообуздун бир бөлүгү да. Мен мисалы, сөзсүз барам, үйрөнөм. Ал курстардан балким мен жакшы тааныш күтүп калам, дос табам, ким билет. Жана, албетте, өзүмдү өнүктүргөндү да унутпайм.”

“Мен өзүмдүн күйөөмө идеалдуу элемин”

Жаңылай Кекеева жолдошу менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңылай Кекеева жолдошу менен

Жакында эле турмушка чыккан Жаңылай Кекеева болсо, ар бир адамдын өзүнүн идеалдуу адамы бар деген ойдо жана ал өзүнүн жолдошуна идеалдуу жармын деп эсептейт.

Жаңылай Кекеева: “Мен отузга чыкканда турмуш курдум. Ага чейин окудум, иштедим, түрдүү жумуштарда өзүмдү сынадым, ар кандай адамдар менен тааныштым жана ар биринен тажрыйба алдым. Ошондуктан, турмушка чыгардын алдында курска барыш керек деп деле ойлонгон жокмун. Ар кимдин өзүнүн идеалдуу адамы же аялы бар да. Мисалы, мен өзүмдүн күйөөмө идеалдуу элемин деп эсептейм. Анткени, мен аны тамак жасап жумуштан кийин тосуп алам, жакасын кирдетпейм, маанайын түшүрбөйм, үйдөгү кызматтан тышкары иштейм, кошумча алектенген хоббилерим да бар. Биздин үй-бүлөгө менин жакшы аял экенимди башкалар дагы көп айтышат”.

Кыздар психологиялык жактан дагы аял болууга даярданышы керек

Психологдор турмушка чыга турчу кыз өзүн бир гана үй жумуштарына даярдабастан, моралдык, психологиялык жактан дагы даярданышы керек деп айтып келишет. Анткени, кандай гана болбосун, бул кыз үчүн жашоонун жаңы баскычы.

“Бизде энелер кызды кайын журтка туура мамиле кылууну, тамакты жакшы жасоону, үй жумуштарына тың болууну үйрөтүп эле турмушка узатып жиберишет. Кыздар болсо, келбетин камдашат. Сулуураак болоюн дейт. Бирок эч ким психологиялык жактан же ден-соолук жагынан даярданбайт. Менин организмимде бардыгы жетиштүүбү, витаминдер керек эмеспи деп ойлошпойт. Анан баргандан кийин эле келиндерди “төрө” дей беришип, дароо төрөтүшөт. А төрөш үчүн, дени сак бала төрөлүшү үчүн эненин саламаттыгы маанилүү да. Бул нерсеге ата-эне да, кыз өзү да көңүл бурбай жатып, төрөгөңдөн кийин аял депрессияга дуушар болот же күйөөсү менен урушуп кетет, же такыр эле ажырашып кетишет. Ошондуктан, кыз күйөөгө тиет деп эле тие бербей, алгач өзү медициналык текшерүүдөн өтүп, ден-соолугун да, аны менен катар психологиялык ой-жүгүртүүсүн да даярдап алганы жакшы.”, - дейт Айгүл Аликанова.

Кыздар психологиялык жактан дагы аял болууга даярданышы керек
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыздар психологиялык жактан дагы аял болууга даярданышы керек

Турмуш курууга кыз гана эмес, эркек дагы даярданышы зарыл

Ошондой эле, ал “турмуш курганга кыз эле эмес, эркек дагы сөзсүз даярданышы керек”, - деп баса белгиледи. “Үй-бүлө куруу оңой эмес, эркек менен кыз бир жолго түшкөндөн кийин дагы бири-бирин таанууну улантып, көбүрөөк сүйлөшүп, кам көрүп, китептерди окуп, балалуу болууга бирге даярданып, бир кемеде сүзүүгө камыныш керек”, - деп кошумчалады. Ал “айрыкча, эркектер ата болууга даярданышы зарыл”, - экенин дагы айтты.

“Бизде кээ бир аталар баласын көргөнү төрөт үйүнө барышпайт. Жаш кезинде ата болгонун сезбей, 40тан ашып, анан мен ата турбаймынбы деп аракет кылып калышат. Азыр эми мындай көрүнүш аз, бирок ошентсе дагы баланы ата да, эне да чогуу карап, тарбия берип, чоңойтушса, бала дагы толук мээримге бөлөнүп, комплекстери болбой, өзүнө ишеничи жогору болуп өсөт”.

Учурда жаш кыздар мурдагыдай эрте турмуш курууга шашканын деле кезиктирбейсиң. Кыздар арасында азыр билим алууга, дүйнө кыдырууга, иштеп, тажрыйба топтоого умтулушкандары көбүрөөк. Прогрессивдүү жаштардын арасында атактуу Facebook, Google компанияларында иштеген кыргыз кыздары бар. Аялзаты “жакшы аял” болууга умтулгандай, эркектер дагы “жакшы эркек” болууга умтулса, жогоруда психолог айткандай, балдар бактылуу чоңоюп чыгышына көбүрөөк шарттар пайда болмок беле деген суроо жаралбай койбойт.