Гислейн Максвелл: жаш кыздарды зордуктоого көмөктөшкөн аял

Сүрөттүн булагы, POOL/ REUTERS
Каза болгон америкалык миллиардер Жеффри Эпштейн жаш кыздарды зордуктап жүргөнүнө тиешеси болгону үчүн Гислейн Максвелл күнөөлүү деп табылды.
60 жаштагы аял коюлган алты айыптын беши боюнча күнөөлүү деп табылды. Эң эле олуттуусу жашы жете электерди сексуалдык кулчулукка түртүү боюнча күнөө.
Нью-Йорктогу соттук отурум беш күнгө созулуп, ага 12 киши катышты. Акыры өкүм чыгарылды.
Демек, британиялык Гислейн Максвелл калган өмүрүн темир тор артында өткөрүшү мүмкүн.
Шаршемби күнү өкүм чыгарылып жатканда ал эч кандай эмоциясын көрсөткөн жок. Болгону ал стаканга суу куюп, эки жолу андан ууртап алды.
Өкүм чыккандан көп өтпөй анын адвокаттары чечимди даттана турганын билдиришти.
Жеффри Эпштейнди күнөөлөгөндөрдүн бири Тереса Гелм соттук отурумда көрсөтмө берген аялдарды баалады.
“Бүгүн адилеттүүлүк өкүм сүрдү”, — деди ал Би-Би-Сиге. “Ушундай жыйынтык үчүн күрөшкөн бардык эр жүрөк, күчтүү жана адилеттик үчүн жан аябаган адамдарга ыраазымын”.
“Гислейн Максвелл эми эч качан кимдир бирөөнүн бир нерсесин алып коё албайт. Ал эркиндиктин аркы тарабында отурмакчы”.
Максвеллге төмөнкүдөй айыптар тагылды:
- Жашы жете электерди сексуалдык кулчулукка түртүү, 40 жылга чейин абак жазасы каралган
- Жашы жете электерди кылмыштык сексуалдык иш-аракетке тартуу үчүн ташуу, 10 жылга чейин абак жазасы каралган
- Жашы жете электерди кылмыштык сексуалдык иш-аракетке тартуу ниети менен ташуу кутумун уюштуруу, 5 жылга чейин абак жазасы каралган
- Жашы жете электерди мыйзамсыз сексуалдык иш-аркетке тартуу үчүн азгыруу кутумуна катышуу, 5 жылга чейин абак жазасы каралган
- Жашы жете электерди сексуалдык кулчулукка түртүү үчүн кутумга аралашуу, ал дагы беш жылга чейин түрмөгө кесилет

Сүрөттүн булагы, US ATTORNEY'S OFFICE SDNY
АКШнын прокурору Дамиан Уилямс өкүмдү жакшы кабыл алып, жабыр тарткандардын “эрдигин” жогору баалады.
“Сотко катышкандар бир добуштан Гислейн Максвеллди адамдын оюна келбеген эң жаман кылмыш боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал жашы жете электерди сексуалдык зомбулукка түртүп, ошого катышкан”, — деп айтылат билдирүүдө.
Жаш балдарга сексуалдык зомбулук кылган Эпштейн аттуу кишинин көптөн берки таанышы Максвелл июль айынан бери камакта отурган.
Эпштейн сексуалдык кулчулук боюнча соттук отурум өтөйүн деп жаткан кезде 2019-жылы өз өмүрүн кыйган.
Таасирдүү адамдар менен байланышы бар Максвелл шериги Эпштейнди бай жана күчтүү адамдар менен, анын ичинде Билл Клинтон жана принц Эндрю менен да тааныштырганы айтылат.
Бир айга созулган соттук отурумда Максвеллдин адвокаттары Эпштейндин кылмыштарынын баары коргоосуна алынган кишиге түртүлүп жатканын айтышкан. Ал эми прокурорлор бул дуэтти “зомбулук көрсөтүү боюнча пирамидалык схеманы” иштеткен “кылмыштык өнөктөштөр” деп табууну көздөшкөн.
Сотто төрт аял көрсөтмө беришти. Баары 18 жашка чыга электе эле Эпштейн тарабынан сексуалдык зомбулук болгонун айтышты. Алардын айтымында, Максвелл сексуалдык аракеттерди уюштуруп, ал тургай ага катышкан.
Бир гана аял, Энни Фармер, өз көрсөтмөсүндө чыныгы аты-жөнүн колдонду. Калгандары өзүн коргоо үчүн каймана аттар менен чыгышкан.
“Гислейн Максвелл өз тандоосун жасады. Ал Жеффри Эпштейн менен бирге кылмыш кылган. Ал эмне кылып жатканын билген чоң эле аял болгон”, — деди АКШ прокурорунун жардамчысы Элисон Мо.
Максвел качан камалары азырынча белгисиз. (AE)










