Зомбулукка каршы аялдардын глобалдык акциясы. Фото

Women take part in a march to mark the International Day for the Elimination of Violence against Women, at Plaza Italia in Santiago, Chile, 25 November 2019.

Сүрөттүн булагы, EPA

Дүйнө жүзүндө аялдарга карата зомбулукка каршы ири демонстрациялар өттү. Нааразылык акцияларына Мексика, Италия, Испания, Түркия жана Судан сыяктуу өлкөлөрдөгү кыз-келиндер чыкты.

Бириккен улуттар уюму 2017-жылы дүйнөдө 87 миң кыз-келиндер жана өспүрүм кыздар өлтүрүлгөнүн айтууда. БУУ кыз-келиндерге карата зомбулук "бүгүнкү күнү кеңири тараган, токтобой келген" көйгөй экенин белгиледи.

Айрым өлкөлөрдө демонстранттар коопсуздук кызматкерлери менен кагылышты. Нааразылык акция учурунда активисттер "эркиндик, тынчтык жана адилеттүүлүк" деген ураанды улам кайталап турушту.

A demonstrator aims a fire extinguisher towards a police officer during a protest against femicide and violence against women, in Mexico City, Mexico, 25 November 25.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Demonstrators face off with police officers during a protest against femicide and violence against women, in Mexico City, Mexico, 25 November, 2019.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Эң чоң демонстрациялар Латын Америкада өттү. БУУ айтымында, бул аймакта күнүнө 12 аял үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза табат.

Чилиде нааразылык акцияга катышкандар беттерине кызыл колдун сүрөтүн тартып, өкмөттөн тез арада чара көрүүнү талап кылышты.

Women take part in a march to mark the International Day for the Elimination of Violence against Women, at Plaza Italia in Santiago, Chile, 25 November 2019.

Сүрөттүн булагы, EPA

Аргентиналык аялдар дагы окшош тактиканы пайдаланышты.

A woman takes part in a protest on the International Day for the Elimination of Violence against Women in Buenos Aires on 25 November, 2019.

Сүрөттүн булагы, AFP

Гондураста активисттер оюнчуктарды көчөгө илишип, өлкөдө зомбулуктан улам каза тапкан ар бир аялды эскеришти.

View of stuffed animal toys hanged from ropes in remembrance of murdered women, in the framework of the International Day for the Elimination of Violence against Women, in Tegucigalpa, on 25 November, 2019.

Сүрөттүн булагы, AFP

Women perform in memory of women killed in Panama, during the International Day for the Elimination of Violence against Women, in Panama City, on 25 November, 2019.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Панамадагы акция

Испанияда дагы миңдегендер көчөгө чыгып, аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырышты. Өлкөдө 2019-жылы эле 52 аялд үйдөгү зомбулуктан каза тапкан.

People attend a march marking the International Day for the Elimination of Violence against Women in Valencia, Spain, 25 November 2019.

Сүрөттүн булагы, EPA

A demonstrator participates in a protest to mark the annual International Day for the Elimination of Violence against Women in Madrid, Spain, 25 November, 2019.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Стамбул шаарындагы демонстрациялар башаламандык менен коштолду. Активисттер полиция менен кагылышты. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар 2019-жылы үч жүзгө чукул аял зомбулуктан улам каза тапканын айтышууда.

Demonstrators gather to protest against femicide and violence against women on 25 November, 2019 in Istanbul, Turkey.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Demonstrators scuffle with riot police during a protest against femicide and violence against women on 25 November, 2019 in Istanbul, Turkey.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Shoes painted in red are placed on the ground to symbolise victims of femicide as part of an exhibition to condemn all kinds of violence toward women, in Square Jourdan, in the European district of Brussels, Belgium, 25 November 2019.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брюссель шаарындагы акция

Үй-бүлө зомбулугунан эң көп жабыр тарткан - франциялык кыз-келиндер

Франция менен Италиянын бир нече шаарында үй-бүлө зомбулугуна каршы жүрүштөр өттү.

Protesters march in Paris, France. Photo: 23 November 2019

Сүрөттүн булагы, EPA

Демонстрациялардын толкуну Францияда #NousToutes хэштеги алдында өтүп, бийликти бул маселе олуттуу кароого чакырган талаптар айтылды. Мындай "кылмыштардын статистикасын ачыкка чыгарууга мезгил жетти" деди акциянын катышуучулары.

Франс пресс агенттиги Францияда ар бир үч күндө бирден аял өзүнүн чогуу жашаган же мурда жашап, айрылыш жолго түшкөн өнөгүнүн колунан каза табарын жазып чыкты. Евростаттын маалыматына таянсак, 2017-жылы 123 киши ушундай зомбулуктун курмандыгы болгон. Үй-бүлөдөгү зомбулукка жыл сайын 220 миңдей франциялык кыз-келиндер кабылат.

Лиондо өткөн акцияда катышуучулар 2019-жылы өзүнүн өнөгү тарабынан өлтүрүлгөн кыз-келиндердин ысымдары жазылган плакаттарды көтөрүп турушту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лиондо өткөн акцияда катышуучулар 2019-жылы өзүнүн өнөгү тарабынан өлтүрүлгөн кыз-келиндердин ысымдары жазылган плакаттарды көтөрүп турушту

Юстиция министри Николь Беллубэ: "Бул аялдарды коргоого биздин ситема иштебей жатат",-деп билдирүү жасады. Активисттер өкмөттүн чара көрүүсүн талап кылууда. Жакынкы күндөрү буга каршы күрөшүү чаралары иштелип, аракеттер көрүлөт деп күтүлүп жатат.

Франциядагы демонстрацияда катышуучулар бул жылы 137 аял үй-бүлө зомбулугунан каза тапканын айтып чыгышты

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциядагы демонстрацияда катышуучулар бул жылы 137 аял үй-бүлө зомбулугунан каза тапканын айтып чыгышты

Италия баш калаасы Римде миңдеген кишилер катшыкан жүрүш өттү. Бул жылы өлкөдө 94 аял үй-бүлө зомбулугунан каза тапкан.

rome

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Италиянын экономика министри Роберто Гуальтьери билдирүү жасап, зомбулуктан каза тапкан аялдардын балдарына жардам иретинде 12 миллион евро бөлүнгөнүн айтты. Бул каражат алардын окуусу, медициналык чыгымдары үчүн берилет деп жазды "Твиттер" баракчасына.