Израил - Палестина: Путин Бишкектен үн катты

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

President.kg

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, President.kg

КМШнын Бишкектеги саммитинде уюмдун лидерлери Израил-Палестин чатагы боюнча дагы билдирүү жасашты. Орусиянын президенти Владимир Путин борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан, көз каранды эмес Палестина түзүлүшү зарыл деген мазмунда билдирүүсүн айтты.

Ошол эле учурда КМШ өз курамындагы Россия менен Украинанын, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чырды жөндөй албай келе жатат.

Украинада согуш башталгандан бери Киев КМШ жыйындарына келбей калды. Кишинев да көптөн бери катышпай жүрөт. Тоолуу Карабактагы жаңжалдан кийин Армениянын премьер-министри Никол Пашиньян дагы бул саммитке келбей турганын телефондон билдирген.

Ошентсе да Путин мурдагы союздук республикалардын калгандарын колдон чыгарбай туруунун жолун издеп, Орусиянын жакын союздашы - Беларус лидери Лукашенко Батыштын кысымына чогуу күрөшөлү деп үндөөдө.

Россиянын президенти Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, President.kg

Батыштын санкцияларына кабылган Россия Борбор Азиянын транзиттик мүмкүнчүлүгүн колдонуп, бир эсе алардын саясий колдоосуна муктаж болуп турат.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү Россия менен Украинанын согушунда бейтарап болуп, эки тарапты ынтымакка чакыргандан башка аргасы жок.

Бирок өздөрү үчүн геосаясий жүрүштөрдөн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болууну көздөйт.

“Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан оолак болуп, башка өлкөлөр менен мамилени жакшыртууга аракет кылууда. Түрдүү саммиттердин өткөнү да ошондон. Борбор Азия – Кытай, Борбор Азия – АКШ, Борбор Азия – Европа, Араб мамлекеттери баары бири-бири менен жолугуп, улам бир сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Мындай саммит мурда да өтүп келген. Азыркы саммитте региондогу коопсуздукту, саясий маселелерди, позицияларды тактоо Орусия үчүн күн тартибиндеги маселе”,- дейт эл аралык мамилелер боюнча адис, саясат таануу илимдеринин кандидаты Чынара Эсенгул.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (ортодо)

Сүрөттүн булагы, President.kg

Уюмдун мүчөлөрү арасында башка дагы көйгөйлөр курчуган учурлар болду. Кыргызстан менен Тажикстан чек араны тактай албай чырдашып, эки ортодо кандуу кагылышуулар да чыккан эле. Экөө тең Москва калыстык кылып ортого түшсө дейт, бирок жер талашын чечүүдө үчүнчү жактын кийлигишүүсү канчалык туура?

“Дүйнөдөгү окуялар ар бир мамлекетти өз кызыкчылыгын коргоого, ар бир шериктештиктин жана уюмдашуунун пайдасы менен зыянын кылдат өлчөөгө мажбурлап турган кези”,- деди коомдук Ишмер Алмаз Кулматов.

Борбор Азия мамлекеттери тышкы саясатында, өзгөчө орус-украин чырында бейтарап туруп, көп векторлукту сактагысы келет. Себеби алар Россия менен маанилүү экономикалык байланыштарын үзүп алууну калаабайт. Бирок алар, ошол эле учурда, Россияга каршы эл аралык санкцияларды бузуудан кооптонушат. Деген менен, эртеби-кечпи, Москва алардын санкцияларга каршы туруусун кыйытышы ыктымал.