Кыргыздын чегин чечкен Түлөберди элчи

Элебай Турганбаев, тарыхчы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элебай Турганбаев, тарыхчы

Азыркы Кыргызстандын чек арасынын калыптанышына чоң таасир тийгизген тарыхый окуялар жана инсандар болгон. Андай инсандардын бири кыргыз-казак чегин ажыратууда жаш болсо да чечендиги, калыстыгы, жөн билгилиги менен эки элдин башчыларынын ишенимине татып, ортодо тынчтыкты сакталып калышына ат көтөргүс эмгек кылган Түлөберди Жамансарт уулу болгон. Ал эми жаңы чектин калыптанышына өбөлгө болгон тарыхый окуя - XVIII кылымдын орто чениндеги Жуңгар хандыгынын жоюлушу эле.

Кыргыз-казак чек арасынын ажыраткан бул окуялар “Алымбектин санжырасында” кеңири баяндалып калган. Бул санжыраны тарыхый изилдөөгө алган тарыхчы Элебай Турганбаев, кыргыз-казак чек арасынын калыптануу тарыхын өз блогунда буларды баяндайт.

Эскертүү: Автордун жазуу стили өзгөртүүсүз берилди.

Жуңгар хандыгы учурундагы чектер

1743-ж. Кан-Тоого чейин келген Пенза сепилинин секунд-майору К. Миллер калмактын батыштагы чек ара бекетин төмөн жагындагы Ыргайтынын Чүй суусуна куйган жери – Ит-Кечүүдөн көргөн.

Ал эми 1748–49-ж. Барак султан менен Төлө бий тилмеч М. Араповго калмактар Түркстандан алты-жети күндүк жерде турганын көрсөтүшкөн.

Казактын Орус империясынан кысылган Орто жүз уруулары Түркстан шаарынын түндүк-батышындагы Улуу жүз урууларын карай жыла баштаган. Оозеки маалыматтарда, ушул мезгилде Улуу жүз-уйсун уругунан чапырашты, ышты, сарыуйсун, жаныштан – каскороо, жолсейит, садыр, сыйкымдан – каракойлуу, аккойлуу, ботбай уругу, чанчкулулар Таластын батыш жагына жакындап, Чүй суусунун аягы, Байгара-Жамбыл тоосу аркылуу Иле боюнан конуш ала баштаганы айтылат.

Ошол учурда Маматкул, Кошой бийлер башындагы кыргыздар Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Талас өрөөнүнүн баш жагын жердеп турушкан. Бул кабарлар Кытай маалыматтарында («Сиюй вэнь цзяньлу», «Сиюй тучжи») да белгиленет. Кыргыз бийлеринин кол алдында ондон жыйырма, кээ биринде отузга чейин айыл (амань) болуп, башчылар (тоу) бир-бирине көз карандысыз болгону жана алар жыл сайын баарынын үстүнөн башкарган бир жетекчини, башчыны (чжан) шайлашканын, ошондой башчы (тоу) Мамук кули (Маматкул) экендиги көрсөтүлөт.

“Тоо арасында калып жүрбөйлү?”

Ошентип, Маматкул, Кошойлор кеңешип: “Тоо арасында калып жүрбөйлү? Өсүп-өнмөй бар, өз конушубузду өзүбүз бошотуп албасак, ким бошотот? Көрүнө аттаналы. Иледен нары өтпөйлү. Аягы Бетегелүү Койташ, башы Кызыл-Кыя Санташ, ушулардагы калмакты кууп чыгалы. Чүй аягы – Талас, Байгара, Жамбыл – ушул өз конушубузду алалы кудай буюрса” –деген чечимге келишет. Адегенде Дорбобаш, Койкоңназар, чоң таман Кенже сыяктуу ж. б. чалгынчыларды жиберип, кабар алып, андан соң чакан топтон куралган кол менен Атаке, Качыке, Эр Солтоной сыяктуу баатырлар Талас, Чүй, анан Ысык-Көл, Иле өрөөнүндөгү калмакты сүрө баштаган. Элдик санжыраларда ал окуялар «он сан ойрот бузулганда», «калмакты качырганда» деп айтылат.

1746 – 48-ж. кыргыздар кашкарлык Акмат (Ахмет) бийге жардам берип, калмактар 2 жолу катуу талкаланып, Доржу жайсаң башындагы 10 миң колдон 3 миңи гана кутулуп кеткен. 1749-ж. 16-июнда кыргыздар Якоб (Ягба) деген жайсаңга кол салып, аларды жазгырып, көпүрөдөн өткөрүп туруп, толук (300 киши) кырып салат. Ошол эле кыргыздар Кашкарды да камоого алып, 830 калмак менен согушкан.

Кыргыз тарыхында Эсенкул баатыр жанына бугу уруусунан Шапакты алып, 300 кол менен Тарбагатайдагы калмакты чаап, Иленин башында уруш болуп, 270 калмак өлүп, кыргыздар 17 кишисинен ажыраганы тууралуу айтылат.

Барак султандын өлүмү

Аңгыча Орто жүздөн Барак султан 5000дей кол менен келип, кыргыздарга кол салып, жеңилип калган. Көпчүлүк оозеки санжыралар боюнча Эсенкул баатыр башында турган бул уруш азыркы Кочкор өрөөнүндө болгон. Бирок, бул жерлердин аталышындагы уйкаштыктардан кеткен жаңылыштык.

Анткени азыркы Казак республикасына караштуу Чымкент шаары менен Кара-Тоонун ортосунан орун алган кырка тоолор Боролдой, ал тоодон агып чыккан суу да Боролдой, аны оң куймасы Кочкор-Ата деп аталат. Казакча Кошкарата. Мазар бүгүнкү күнгө чейин сакталган. 1850-ж. Барак султан Түркстан, Икан ш. тарапта кол жыйнап жатканы архив документтеринде да эскерилет.

Капкадагы жыйын

Эки элдин ортосунда абал кескин курчуп баратканын көргөн Эсенкул баатыр кабарчы жиберип, аттуу-баштуу бийлерди Капкага чогултуп, кеңеш курушкан. Жыйынтыгында “ата-бабалардан калып, алардын киндик каны тамган конушту коргойлу” деген чечимге келишет.

Ошону менен Туума бий башындагы кушчу-саруулар жана Садыр баатыр жетектеген азыраак саяк уруулары (негизинен түнкатар) Талас – Олуя-Ата; Жайыл, Момокон баатырлар башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Атадан Мерке – Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөкбайлар Кара-Балта – Ысык-Ата; андан Кеминге чейин Качыке башындагы чекир саяктар; Кеминден Илеге чейин Эсенкул башында турган сарыбагыштар көчүп барышат.

Тарыхчы-санжырачылардын эскерүүсүндө Чүйгө көчүп келе жатканда Жамансарттын Эсенаман деген уулу туулат. Бул болжол менен 1756-ж. туура келет. Черикчи бий башында турган бугу-сарыбагыш уруулары Тогуз-Тородон адегенде Ат-Башыга, андан 1760-жылдары Ысык-Көлгө көчкөн.

Кыргыз-казак мамилелеринин курчушу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргыздардын жаңы конуштарды ээлешинен улам кыргыз-казак мамилелери кескин курчуп чыгат. Садыр Капканын оозуна чоң коргон салып, өзүн хан атайт. Казакка тынчтык бербей, чаап алып отурат. Андан качкан казактар Талас аягы, Чүй аягы, Иле боюна оойт. Сарыбагыш, солто, чекир саяктар ушул жакка ооп келген казакка аттанып барып, казак аттанып келип, ортодо далай уруш болот. Бирок кыргыздар казактарды Иледен бери өткөрбөйт.

Натыйжада Абылайга барып, арыз болуучулар көбөйөт. Ал, “кыргыз менен ынтымак болуп, ортого киши салып, сүйлөшүп тургула дебедим беле? Өзүңөр барып тийесиңер, анан Эсенкул, Садыр баланчаңызды чаап кетти, баланчаңызды өлтүрүп кетти деп, кыргызды күнөөкөр кылып, өзүңөр ак киши болосуңар” деп, адегенде укпай коет. Бул окуялар көптөгөн архив материалдары менен да ырасталат.

1765-ж. Абылай султан кокондуктарга каршы жүрүшкө аттанат, бирок күйөө баласы Бөрү султан (Баатыр султандын уулу) кокондуктардын колуна түшүп, өзү оор жарадар болуп, Түркстанга жакын Кара-Тоого көчүп келген.

1766-ж. 3-августта кыргыз бийи Каработо ага өз уулун жана 7 түтүн кишисин мал-жаны менен аманатка бергенде, Абылай султан мурун колго түшкөн кыргыздарды кайра кайтарган.

1768-ж. жазында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархан башында турган казактар кыргыздарга кол салган. Натыйжада, экөө тең өлүп, алардын кунун кууп жана бир кызы менен беш миңге жакын малын кайтарып алмакка казактар Абылайга кайрылган. Ушул абалга байланыштуу Абылай 1768-ж. күзүндө уулу Валини аманат кылып Пекинге жиберет, бирок Цин өкмөтү жардам берүүдөн баш тартат.

1771-ж. Абылай султан Орто жүзгө хан болуп шайланып, Улуу жүз казактары кайрадан арызданып, кыргыздардын тынч жатпай, айылдарды чаап, малын айдап кетип жатканын кабарлашат.

Түлөбердинин Абылай ханга биринчи элчилиги

1773-жылдын башында Абылай хан Ташкентти алып, андан соң кыргыздарга кол салып, 600дөн ашык кишисин туткундап кеткен. Мындай окуялар 1774-ж. дагы кайталанган.

Натыйжада кыргыздын бийлери өз уулдарын аманатка берүүгө аргасыз болот. Алымбектин санжырасында Эсенкул баатыр менен Кебек бий акылдашып, Түлөбердини баш кылып, солто-сарыбагыштан 4 адам барганы белгиленет.

Абылайдын алдына барганда Түлөберди баатыр казак-кыргыздын бир тууган эл экенин, кыргыздын шартка көнө турганын айтып: “Кыргыз ичинде оң-сол дейт. Оң ичинде бугу, саяк, солто, сарыбагыш, багыш дейт. Эсенкул деген баатыр адамыбыз бар жана ар уруктун өз башчылары бар. Мындан улуу сөз ошол Эсенкул баатырдан тарайт. Сол атанган эл да, ал Эсенкулдун сөзүн угат. Ошол киши баш болуп айтар, Садырга. Садыр көнөөр. Эпке көнбөсө, жообун айтаар кыргыз. Баарыбыздын ханыбыз болдуңуз” деген сөзүн айткан.

Түлөбердинин сөзү Абылайга жагып, аны жөн кетирбей, белек-бечкегине кошуп, мурун туткунга түшкөн кыргыздарды бошотуп берген.

Тарыхчы В. А. Моисеев да бул окуяларга кайрылып, 1779-ж. жазында Абылай хан 12 миңге жакын кол жыйнап, уулу Садык султанды кытай ханынан жардам суратканы жиберип жатканын, андан кийин ошол эле жылы октябрда Абылпеиз султанга уулдары – Чынгыз менен Эшимди кошуп, тоолук кыргыздарга аттандырса, алардын жолу болбой, кайтып келгенин, ошондуктан Абылай хан өзү баш болуп, көп кол менен кыргыздарга капысынан катуу чабуул жасап, кыргыздардын белгилүү бийлеринин балдарын колго түшүрүп, жакындарына таратып бергенин, бир гана Садык бий өз болуштугу менен баш ийе электигин жазат.

Элчиликтен ийгиликтүү кайтып келген Түлөберди баатырдын кылган ишине ыраазы болгон Эсенкул баатыр: “Абылайдын сөзүн жактырдым. Садыр тил албай, бейбаштык кылганы ырас. Казактар койсун, казак-кыргыз эсептешээр, моюнга түшсө, көптөп төлөөрбүз. Казак өзү келсе, ошого каяша берели”, - деп Кебек бийди Садырга жиберген.

Бирок Садыр баатыр ал сөздү укпай, Жайыл, Момокон, Үсөн, Теке болуп, көп кол менен барып, Чымкенттен берки казакты чаап, Чолоккоргон, Сузак калаасын талап алып кайтат.

Көшөгөнүн Көкжото деген жерди жердеген ботбай уругунун айылын чабат. Бул чабышта ботбайдын Кудайкул тукумунан чыккан Абылайдын кол башчыларынын бири каза болгон. Түлөберди, Бөрүбай барбай, “Садырды качыра туралы” дешсе, Момокон укпай койот. Мындай жагдай 1780-жылдары Абылайдын Олуя-Ата – Түгүшкөн тараптан кыргыздарга кол салышына себеп болгон.

“Жайыл кыргыны”

Абылайдын бул чабуулунун себебин орус архив маалыматтары аркылуу тактоого болот. Семипалатинск чейин барып, 1780-ж. 16-июнда Омск чебине кайтып келген тилмеч М. Бекчурин Абылайдын апрель айында (1780) эки миңге жакын казак менен Түркстанда турганын, жанында Абылпеиз султан бар экенин жана Омск чебине кайтып келе жатып, 11-майда Семипалатинск чебинен старшина А. Азаматовго жолукса, ал соода жасап келген казактардан Абылайдын Түркстандан кетип, Ташкенден алты күндүк алыс жерде экенин, анан кыргыздар адетинче уруулук адатын карматып, тоодон түшүп келип, казактардан үч мертебе көп жылкы айдап кеткени тууралуу укканын жазат.

Мындай маалыматтар Абылай кыргыздарга катары менен эки жолу (1779-ж. октябрга чейин жана 1780-ж. 11-майдан кийин) чабуул кылышын көрсөтөт.

Акыркысында Абылай колун үч бөлүп, түнкүсүн байкатпай Капкадагы саруу, кытайлар тоскон Садырдын коргонун басып калат. Кыргыз адеп тоону карай качат. Корготу, Карагаты, Чөңөр тараптагы солтолор аттанып, таңкысын казактын колуна кезигип, чабыш башталганда казак качат. Солтолор качкан казактын артынан кууп жөнөйт. Аңгыча Чөңөрдү ашып, саруудан колпочтор келет. Солто кууп, казактын качканын угуп, алардын артынан салышат. Ошондо Абылай өзү баш болгон казактар алардын арт жагынан түшөт. Солто менен колпочтор аларды Талас жактан келе жаткан биздин кол деп ойлойт. Ошентип солто менен колпочтор казактын ортосунда калат. 20 жаштагы Бөрүбай бир аз адамдары менен кутулуп чыгат.

Кыргыз тарыхында бул уруш “Жайыл кыргыны” деп аталат. Улуу жүздөгү ботбайдын короолош уруусунан Жоогач баатыр Момокон менен дос экен, ошол Жайылдын уулу Итикени жана Момокондун башын сурап алып, экөө аман калат. Садыр уулу экөө, Жайыл, анын уулдары Үсөн, Текелер өлүм жазасына тартылат.

Кыргыз-казак чек арасынын бөлүнүшү. Түлөбердинин Абылай ханга экинчи элчилиги.

Үч-Алматыдан шашылыш келген Эсенкул баатыр калган кыргызды Сокулукка чогултуп, жыйын кылган. Эсенкул, Качыке баатыр, Кебек бий, Туума бий, башкалары дагы урушту каалашпайт.

Эсенкул баатыр: “Мурункусу казактан эле. Азыркысы бизден кетти. Анын жазасын тарттык. Эми бир жыгылсак, конуш эмес, өзүбүз кайда кеткенибиздин дайнын таппай калабыз. Чогулуп туруп кармашсак болот эле, мындай болот белек-болбойт белек? Садыр, Момокон аксымдык кылып, ашынып кетти. Менин оюма көнсөңөр, анча-мынча конуштарга карабай, ушул Абылай көнсө, сүйлөшүү керек” - дейт.

Көпчүлүк макул дегенде, Эсенкул баатыр: “Түлөберди бала, бер кел! Отур, сен көргөнсүң Абылайды, акылың жетсе, ишенсең, барып сүйлөш. Жок, ишенбесең, баягы тоо арасына көчүп барып, жата берели,” - дейт.

Түлөберди: “Мени Абылай эчтеке кылбайт, оң-солдон эки адам кошуп бериңиздер, өлгөн, майып болгон, таланган, колго түшкөн биздин солто, менин бир туугандарым, сиздер айтпасаңыздар да мен барам, мен көргөн Абылай болсо, издегени конуш”, - дейт.

Эсенкул: “Балам Түлөберди, кыргыздын тизгинин колуңа тийгизмек элем, тийгиздим, жашта баш болдуң, сени ордун таап иштейт деп отурмун, көп кеп айтып не кылайын!?”, - деп аттандырат.

Ушул барышында чогулган казак бийлеринин алдында айтылган Абылайдын Ыргайтыны (Корготунун Чүй суусуна куйган жери) чек ара кылуу сунушуна жооп кылып: “Мунуңузду айтып барып, башчыларды алып келем, бирок, өз бетимден бир ооз сөз кошом. Сиз, Таластын суусу чек болсун дейсиз, Күйүктүн бели чек болсун, Кичи-Буурул, Чоң-Буурул тоосу чек болуп, аягы туптуура Түймөкенттен, Таластын суусун кечип, Абылкайырды (Казакстандагы Кара-Тоонун чыгыш тарабындагы жер) басып, Корготуну жээктеп, Түйүшкөнгө келип, Уландын учугун басып, Тескейге түшүп, Ыргайтыга чейин дейсиз. Менин кошоорум, кыргыздын каны көп төгүлгөнүн билесиз, ошол Чокмордон тартып Илеге чейин барып, Сарытокумдан (Иленин Балхашка куйган оң жээги) токтосун” деген оюн билдирген.

Натыйжада Сарытокумдан башкасы кыргыздардын пайдасына чечилген.

Эсенкулдун конушу Үч-Алматы, Сары-Тоо-Кумда болушун кыйыр түрдө орус чиновниги Ю. Балицкий өзүнүн 1873-ж. жарык көргөн “Заметки о кочевом населении в Верненском уезде” деген кыска билдирүүсүндө көрсөтөт. Анда ал “Курттуу суусунан Чынгелди булагына чейинки аймак Тоо-Кум деп аталып, ал жерде “Эсенкулдун дөбөсү” алыстан көрүнүп турат” деп жазат. Бул дөбөнүн казак баатырларынын биринин атынан калышына далил жок. Анткени XVIII кылымдын экинчи жарымы – XIX кылымдын биринчи жарымында тиешелүү оозеки-жазма кабарларда мындай аттуу адам кезикпейт.

Кичүү жүз казактардын берч (берш) уругунун ичинде “есенгул” бар.

Ал эми Орто жүздөгү наймандарда да “есенгул-садыр” аталган уруу жолугат.

Бирок, алардын биринчиси бул тарапка келген эмес, ал эми Ч. Валихановдун 1850-ж. маалыматы боюнча экинчиси Аягөз окуругунда турушкан.

Абылай хан кыргыздарга кол салгандан көп узабай, 1780-ж. күзүндө көз жумган. Ал тууралуу башкыр улутундагы тилмеч-тыңчы К. Казанбаев 1781-ж. 17-августта: “Абылай хан бир айдай ооруп жатып, былтыр күзүндө өз ажалы менен көз жуумп, сөөгү Түркстан ш. коюлду” деген көрсөтмө берет.

Терс суусу азыркы Казак Республикасынын аймагындагы Кара-Тоо жана Боролдой тоолору бириккен капчыгайдан башталып, адегенде түндүктү карай агып, Маймакка жакындаганда кайра түштүктү карай имерилип, Тараз шаарынын жанынан өтөт.

Кичи-Буурул, Чоң-Буурул тоолору Тараз шаарынын батыш жагында.

Түйүшкөн ошол шаардан 130 чакырымдай түндүктө.

Уландын учугу дегени азыркы Көкчө-Тоонун чыгышы, Чүй суусунун жээгинде жайгашкан Уланбел айылы болушу мүмкүн.

Отардан 80 чакырым түндүк-батышта Чокмор темир жол бекети, ага жакын Чокмордун бели бар. Бул жерде айтылып жаткан Чолок-Коргон, Сузак, Көкчө-Тоо, Жамбыл, Байгара, Кулжа-Башы, Чокмордун бели, Сары-Тоо-Кумдар географиялык бир сызыкта орун алган.

Түлөберди баатыр белгилеген бул чек аранын мааниси Түндүк Кыргызстандын Кокон хандыгына каратылышы менен өз күчүн жоготкон.

Элебай Турганбаев, тарыхчы

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.