Кенесары хандын башы "Буранга" алмашылабы, кыргыздардын буга тиешеси кандай?
Илья Абишев, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си Кыргыз кызматы: Кенесары хан (Кенесары Касымов) - 19-кылымдагы казак ханы. Чынгыз хандын урпагы. Казакстанда аны улуттук боштондук кыймылынын лидери катары урматташат. Орус аскерлеринен чегинген Кенесары хан улуу жүздүн жерлерине келип, 1845-ж. кыргыздарга кол сала баштаган. 1847-жылы Ормон хан Ниязбек уулу башында турган кыргыз колу Кенесары хандын аскерин бир нече күнгө созулган салгылашуулардан кийин жеңип алган. Кенесарыны иниси Ноорузбай баштаган султандар менен чогуу туткунга түшүп, өлүм жазасына тартылган.
Тарыхчы Белек Солтоноевдин маалыматына караганда, Ормон хан казак төрөлөрүнүн кеңеши менен Кенесарын хандын башын өзүнүн кол башчысы Төрөгелди баатырды казактардын туткунан бошотуп алуу максатында Омбу (Омск) шаарындагы генералга тартуулаган.
Ырасмий такталбаган маалыматтар боюнча, Кенесары хандын башы Санкт-Петербургдагы Кунсткамерада сакталат. Казак тараптын аракеттерине карабастан, Кенесары хандын башы Казакстанга кайтарылып бериле элек.
-----------------------------------------------------------------------------------------------------------
Чырдын башы
“Роскосмостун” башчысы Дмитрий Рогозин Байконурда жайгашкан “Буран” космостук кемесинин экинчи үлгүсүн Орусияга кайтаруу ниетин билдирди. Рогозиндин бул планы мүлктүн ээсин, Казакстандагы акционердик коомдун башкы директорун таң калтырды.
1988-жылы бир жолу гана учкан советтик “Бурандын” тагдыры көп жылдардан бери орус ырасмийлерин тынчсыздандырчу эмес эле.
СССРдин ыдырашы менен “Буран” долбоору жабылып, анын уча ала турган эки үлгүсү тең азыркы эгемендүү Казакстандын аймагында калган. Алардын бири космоско барып келген. Ал 2002-жылы Байкоңурдагы ураган ангардын астында басылып калган.
“Бурандын” учуучу экинчи үлгүсү жана макети Байкоңур космодромунун тарых музейинен орун тапкан. Дагы бир үлгүсүн Москвага алып кетишкен - азыр аны ВДНХдан көрсө болот.
Орусияны “Бурандын” тагдыры кызыктара баштады
Орусияда “Бурандын” алгачкы жана жалгыз учуусунан 30 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, советтик кеменин тагдырын ойлоп башташты. 2020-жылдын ноябрь айында Роскосмостун башчысы Дмитрий Рогозин экинчи “Бурандын” жана анын үлгүсүнүн сактоо шарттары “тынчсызданууну жаратарын” билдирген. Ал орус тарап кемени жана “Энергия” учуучу ракетасын сатып алууга даяр экенин, бирок алар белгисиз жеке адамга таандык экенин айтып чыккан.

“Буранга” жеке адам эмес, АК “Байконур” ракета-космостук компаниясы” ээлик кыларын анын башкы директору Даурен Муса Рогозинге жооп кылган:
Урматтуу Дмитрий Олегович, “Буран 1.02” жана ПM “OK-MT 0.07” космостук кемелери жеке адамга таандык эмес, алар “РКК Байконур” ААКсынын балансында. Биз космостук ишканабызды жана бул ракеталарды сактап калуу үчүн көп ресурстарды сарптадык. Бул биздин жалпы тарыхыбыз.
Жооптон кийин алты ай бул тууралуу сөз болгон эмес.
Граффити жана чырдын уланышы

Сүрөттүн булагы, ITAR-TASS
2021-жылдын 26-майында белгисиз адамдар космос кемеси сакталган ангарга кирип, аны граффити менен боёп кетишкени белгилүү болгон. Бейбаштар кемеге “Жакшы”, “Юра, биз келдик” жана “Жылдыздарга учардан мурун, адам жер үстүндө жашоону үйрөнүшү керек”, - деп жазып кетишкен. Муну менен талкуу кайра жанданган.
Көп өтпөй жазуулар тазаланган. Бирок бул окуядан кийин Роскосмос ангарга күзөт коюп, орусиялык “Молния” бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү Байкоңурга барып, челноктун абалы менен таанышып келишкен.
Адистер Байкоңурга "орбиталык кемени чыгарып кетүү маселесин чечүү үчүн" барганы кабарланган. Кийинчерээк бул билдирүү ишкананын сайтынан өчүрүлгөн.
Июнь айынын башында, Рогозин “биринчи Бурандын тагдырын кайталабашы үчүн” кемени космонавтика музейлеринин бирине тапшыруу керектигин айтып чыккан.

Рогозин:
Убагында “биз Бурандын тагдырын Казакстан менен талкуулайбыз” деген кеп болгон. Биз анын кандайча жеке менчиктин колуна тийгенин иликтеп жатабыз. Азыр Казакстандын өкмөтү менен жеке адамдын ортосунда сот жараяны жүрүп жатат. Биздин божомолубузга караганда үч айга жакын убакыт талап кылынат, ал убакыт ичинде биз бардык керектүү документтерди даярдайбыз.
Казакстан өкмөтү кожоюн болгондо ким менен сүйлөшүү керектиги белгилүү болот. Андан ары, Байкоңур боюнча орус-казак өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында биз орус тарап [кемени] сатып ала алабызбы же жокпу, талкуулайбыз” (Интерфакс).

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Рогозиндин казак кесиптеши нааразы болуп:
“Молния” бейөкмөт уюмунун адистеринин тобунун ангарга даярданып барганы тууралуу маалымат - бул байкап көрүү үчүн ыргытылган маалымат, граффитичилер дагы ошо катарда. Россиядагы Сингапур жана Гонконг банктарындагы Роскосмостун чиновниктери тарабынан миллиондогон доллар акчалардын адалдалышы сыяктуу үзгүлтүксүз чатактардын фонунда кызуу кыймылдын имитациясын түзүү үчүн козголгон маселе экени айдан ачык.
Казакстандын биринчи жана экинчи инстанцияларынын соттору Мамлекеттик мүлк комитетинин “Бурандарды” алуу талабын четке какты. Бирок Гагариндин космоско учушунун 60 жылдыгы болгон 2021-жыл аяктап баратат. Бүжеттен эбегейсиз каржыланган орус өнөр жайы эч кандай жетишкендиктери менен мактана албайт. Ошондуктан “Буран” макеттерин чыгарып кетүү жөнүндө негизсиз дүргүтүү менен алектенүү эле калды. Ижарага алынган Байкоңур космодромунун алар 30 жыл мурун таштап кетишкен. Ал азыр “РКК Байконур” ААКсына таандык.
Орус аткаминерлеринин мындай кадамдарына мыйзамдуу негиздер жок. Эгерде башка эгемендүү өлкөдөгү советтик экспонаттардын тагдыры аларды ушунчалык тынчсыздандырса, кесилген суу алдында жүрүүчү кемелерди, советтик жоокерлердин эстеликтерин жана батыш банктарына чыгарылып кеткен элдин миллиарддаган акчасын сактап калышсын” ( Фейбуктан цитата).
Орустар көрсөтмө сыпаалыкты сактоодо кыйла чебер экенин эске алганда, азыр алар “сатып алган” нерсени чыгарып кетүүгө даярданып жаткандай. Бирок аны кимден жана эмне үчүн сатып алышканы жана бул кимдин эсебинен төлөнгөнү али да болсо табышмак. Алар муну музейге эмес, “Энергия-Буран” программасынын алкагында мындан ары иштөө үчүн “Молния” бейөкмөт уюмунун лабораториясына алып барууну каалашабы? Алар алгысы келип жаткан чыгар, бирок аларга ким берет?
Көрсө, орустар үчүн Казакстандын көз карандысыздыгы жана казак сотторунун чечимдери мааниге ээ эмес экен да. Казакстан – бул баатырлардын жана бийлердин тарыхы, каада -салттарды жана ата-бабалардын жетишкендиктерин урматтоо. Мен бул "Бурандарды" Кенесары хандын башына алмаштырып Россияга тартуулоого даяр болчумун! Бирок тынчтыкка чакырууну жана жакшы коңшулук мамилени алар алсыздык катары кабыл алышып, жөнөкөй сыпайчылыкты сактабай калышты.
Дооматчылардын, шылуундардын жана чыккынчылардын заманы өтүп, чаңга бөлөнөт. Чыныгы баатырлардын жана патриоттордун ысымдары гана тарыхта сакталып калат. Эгерде Казакстан жана казак сотторунун чечими алар үчүн маанилүү болбосо, мен аларга эл аралык сотторду эч ким жокко чыгара электигин расмий түрдө эскертким келет жана бул мыйзамсыз ишке катышкандардын баары татыктуу, кылмышынын оордугуна жараша жазасын алышат.
Мен Казакстанда дагы эле баатырдык, намыс жана сый бар экенине ишенем” (Facebookтан цитата).
Мындан кийин нааразычылыгын Роскосмостун башчысы билдирди:

“Даурен Муса, сиздин бул уникалдуу машиналардын абалы үчүн жеке жоопкерчилигиңиз бар, бирок аларды туура сактоо үчүн сиз эч нерсе кылган жоксуз. “Бурандар” менен “Энергия-M” бул имараттарда калса, алардын материалдык бөлүктөрүн жоготуу коркунучу жаралат. Сиз эч нерсе түшүнбөстөн Орусиянын ракета жана космостук өнөр жайы жөнүндө жагымсыз нерселерди жазбай эле коюшуңуз керек, жана бул уникалдуу машиналардын начар ээси катары, менимче, жоопкерчиликсиз жүрүм-турумуңузду карап чыкканыңыз оң.
Сиз жакшы билесиз, казак бийлигинин макулдугусуз биз өзүбүзгө таандык болбогон мүлктү Россияга көчүрүүнү пландаштыра да албайбыз, бирок аны коргоого кеткен чыгымдарды өзүбүз көтөрүшүбүз керек. Биз эки “Бурандын” жана “Энергия-M” алып жүрүүчүсүнүн дагы техникалык абалына үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушубуз керек. Бул баа берүүлөрдүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес. Бирок сиз техникалык аудит тууралуу медиалардын чагылдыргандарын мамилени курчутуу максатында колдонбошуңуз керек. Биз соттун жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, акыры “Бурандар” сизден камкор ээсин табат же дүйнөлүк мааниси бар экспонаттарды сактоо үчүн сизди жок дегенде бир тенге сарптаганга милдеттендирет деп үмүттөнөбүз “(Фейбуктан цитата).
Казак тараптын позициясы
Бул чуулгандуу окуялардын фонунда казак бийлиги буга чейин "Бурандарды" мамлекеттик менчикке кайтарууну убадалаган.
Казакстандын санариптик өнүктүрүү министри Багдат Мусин РИА “Новости” агенттигине билдиргендей, өлкө жетекчилиги "Бурандарды" жеке адамга өткөрүп берүүнү мыйзамсыз деп эсептейт. Ошол эле учурда, ал мындай бүтүмдүн мыйзамдуулугу үч жылдан бери соттордо талаш жаратып келгенин мойнуна алды. (ET)












