Орусия космосто спутникке каршы куралын сыноодон өткөрдүбү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ менен Британия Орусия космосто башка спутниктерди жок кыла алган курал сымал аппаратын сыноодон өткөргөнүн маалымдады.
АКШнын мамлекеттик департаменти аппаратка "башка спутниктерди жок кыла алган космосто учуп жүргөн курал" деген мүнөздөмө берди. АКШ Орусиянын космостогу аракеттерине тынчсызданып жатканын бир нече жолу билдирген. Британия болсо биринчи жолу Орусиянын космостогу аракеттерин айыптоодо.
Бир нече күн мурун эле Британиянын парламенти атайын иликтөө өткөрүп, өкмөт "Орусия тарабынан жаралган коркунучту жетиштүү деңгээлде баалаган эмес" деген тыянак чыгарган.
Орусиянын Коргоо министрлиги болсо сыноонун алдында жаңы технологияны текшерип жатканын жар салган. Кытай, Орусия, АКШ жана Британиядан тышкары жүз мамлекет космосту тынчтык максатында гана изилдөө боюнча келишимге кол койгон. Анда космоско курал жайгаштырууга тыюу салынат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анализ
Жонатан Маркус, Би-Би-Синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы
Орусиянын соңку сыноосу Москванын космостогу саясатына дал келет. Февраль айында АКШнын армиясы Орусиянын спутниги американын космостук аппаратына өтө жакын учуп келгенин жар салган. Апрель айында Москва жерден учуп барып спутникти жок кыла алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөн.
Соңку он жылда төрт гана мамлекет - Орусия, АКШ, Кытай жана Индия - космостогу спутникти жок кыла алгыдай куралы бар экенин көрсөттү. Бирок спутниктер негизинен Жерден учурулган ракета же лазер менен жок кылынган.
Эми Орусия космостогу спутникти башка аппараттарды жок кылуу үчүн колдонууну көздөп турат. Спутник маалымат чогултууда, байланыш түзүүдө жана навигацияда маанилүү болгондуктан, мындай куралы бар мамлекет артыкчылык алат.
Космос акырындык менен жаңы майдан тилкесине айланып бара жаткандай. Эмитен эле айрым мамлекеттер армиясында деңиз күчтөрү, жээк кызматы, аба күчтөрү сыяктуу эле космос күчтөрүн түздү. Бул мейкиндиктеги кызыкчылыктарын коргоого жана чабуул жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Орусиянын коргоо министрлиги космостогу спутниктерин 15-июлда текшерип, жаңы аппаратын сынаганын айтууда.
"Жаңы технологияны сыноо учурунда чакан спутниктердин бирине жакын барып, текшерүүлөрдү өткөрдүк. Анын техникалык абалы тууралуу маанилүү маалымат топтолду",-деп айтылат Коргоо министрлиги берген маалыматта.












