Төрөкул Жанузаков: басмачыбы же боштондукка арналган кыска өмүрбү?

Элебай Турганбаев, тарыхчы

XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын башында түзүлгөн саясий кырдаал кыргыз тарыхында эң орчундуу учурлардын бири болуп саналат. Албетте, өнөкөткө айланып, көндүм болгон адаттардын ордуна көчмөн турмушка жат тартиптердин зордоп киргизилиши, экономикалык жана маданий турмуштун өтө төмөндөп кетиши жергиликтүү элдин ичинен алдыңкы, прогрессивдүү көз караштагы жаштардын алдыга суурулуп чыгыша шарт түзбөй коймок эмес.

Алардын катарына К. Тыныстанов, Ж. Абдрахманов, К. Шооруков, Б. Исакеев, Б. Солтоноев, Т. Айтматов, А. Сыдыков ж.б. сыяктуу көптөгөн саясий ишмерлерди кошууга болот. Өкүнүчтүүсү, алар менен катарлаш жүргөн белгилүү коомдук ишмер Төрөкул Жанузаковго анчалык көңүл бурулбай келет.

Төрөкул Жанузаков

Сүрөттүн булагы, wikimedia.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрөкул Жанузаков

Кеңештер бийлигине чейин

Төрөкул Жанузаков 1893-ж. жарык дүйнөгө келген. Жанузактын атасы Шекербек, анын атасы Байсеит, анын атасы Канай болуп, анын атасы кадимки Түлөберди баатыр.

Орус империясына каратылгандан кийин падыша өкмөтү мусулман фанатизмине тоскоолдук кылуу максатында билим берүү министрлигинин алдында жаңы түрдөгү өзгөчө мектептерди ачууга киришкен. Мындай мектептер туура жазуу, эсеп, окуу, орус тилинде сүйлөөнү үйрөтүү менен чектелген.

1904-ж. Төрөкул Жанузаков Меркедеги (Меркенское русско-туземное училище) ушундай мектепке кирип, аны эң мыкты көрсөткүчтөр менен аяктаган. Ал жерден казактын мамлекеттик жана саясий ишмери Т. Рыскулов менен таанышкан.

1909-ж. ал окуу-жайдын директорунун сунушу менен Түркстан генерал-губернаторлугунун канцелериясына тилмеч болуп кабыл алынат.

Төрөкул Жанузаковдун саясий ишмердүүлүгүнө 1916-ж. Орто Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүш, ошондой эле 1917-ж. февраль революциясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттөн элдин үмүтү үзүлүп, деми суушу чоң таасир тийгизген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал 1916-ж. “Коммунист” гезитине Орто Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн себептерине жана тарыхый маанисине кайрылган макаласы чыккан.

Орус акимчилигинде иштеп жүргөндө, Орто Азия калкынын ичинен улуттук эзүүлүнүн оор абалын бөтөнчө кыргыздар баштан кечирип жатканын өз көзү менен көрүп, анын себебин караңгылыктын айынан деп түшүнгөн.

1917-ж. “Бирлик туусу” гезитинин №5 санындагы “Кыргыз боорлорума” деген аталыштагы макаласында мындай ойлор айтылган:

Россияга караган казак-кыргыз алты-жети миллиондой бар экен. Жашы 20дан жогорку адамдардан ар эки жүз миңден биp өкүлдү Учредительное Собранияга шайлайлы деп жатышат. Ага караган казак-кыргыздан кырк чамалуу өкүл шайланса болот экен. Ошого жарайт деп, 43 адамдын аты жазылыптыр. Ичинде бир кыргыз жок".

"Кыргыз боорлорум! Билсек - бул бизге өлүм, кемтик. Эгер жалпы казак-кыргыздын төрттөн бири кыргыз болгондо да, Учредительное Собранияга бизден он адам барышы керек эле. Адамыбыз жок деп барбай калсак, - уят".

"Өзүбүз аракет кылбасак, же кыргыз бар деп бирөө айтпаса, эскерилбей, сыртыбыздан бирөө сатып жиберип, бирөөнүн колунда кул болуп кетербиз".

"Ушу убакытта Россиянын кол алдында ар кыл калк бар. Алардын эң билимсизи, ичинен окуган адам чыкпаган, караңгылыкта калган калк, биздин кыргыз экен. Биздин кыргызды ички Россияда "дикокаменный киргиз" же жапайы тоочу кыргыз дээр экен. Эми биз ошол жапайы тоочу дегенине шылдың болбойлу".

Кеңештер бийлигинде

27-октябрга караган түнү “Жер жөнүндө декрет” кабыл алынып, анда жерге болгон жеке менчикти жоюп, кен байлыктарды улутташтыруу, сословиелик катмарларды, мамлекеттик чин жана наамдарды жоюу, эң башкысы - Россиянын чет жакаларында орус эмес улуттардын өз алдынчалыгын колдоо, өз тагдырын өзү чечип, өз алдынча бөлүнүп чыгууга мүмкүнчүлүк берүү, алардын эркиндигин жана теңдигин камсыз кылуу сыяктуу жоболор кабыл алынат.

Бул жоболор 3-ноябрда жарыяланган “Россия элдеринин укуктарынын декларациясы” жана 20-ноябрдагы “Россиянын жана Чыгыштын бардык мусулман эмгекчилерине” кайрылган декларацияда да орун алат.

Анда мурунку падыша өкмөтүнүн тушундагы улут аралык теңсиздиктер, басмырлоо саясаты эч качан кайталанбастыгына бекем басым жасалган. Бул – мурда болуп көрбөгөн жетишкендик эле. Жарыяланган мындай чакырыктарга бекем ишенген ар улуттар өз алдынча мамлекет курууга белсене киришишкен.

Жалгыз кемчилиги анын системасын – федеративдик, конфедеративдик ж. б.; башкаруу формасын – республика же демократиялык ж. б. негизде болорун так билишкен эмес.

Мындай шашылыш кабыл алынган декларациялар Т. Жанузаковдун кийинки тагдырына кескин таасир тийгизет...

Падышалык Россиянын колониалдык саясатынан көңүлү калган Түркстан эли, болгон күчү менен өз алдынча мамлекет курууга кирише баштаганын көргөн большевиктер, кийинчерээк жаңыча жоболорду ойлоп табышат.

1919-ж. кабыл алынган РКП(б)нын экинчи программасында улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу кайра каралып, аны таптык көз карашка байланыштырган. Иш жүзүндө бул чечим – Россиянын чет жакаларында жашаган жергиликтүү калктын өз алдынча мамлекет куруусуна жол бербей турган саясий чечим эле.

1918-ж. апрель-майда Ташкентте советтердин 5-крайлык съезди өтүп, анда РСФСРдин курамындагы Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын (ТАССР), ошондой эле анын жогорку мыйзам чыгаруу, башкаруу жана көзөмөлдөө органы катары Борбордук Аткаруу Комитетин (БАК) түзүү чечими кабыл алынат.

БАКтын төрагалыгына Т. Рыскулов, анын орун басарлыгына Т. Жанузаков дайындалат.

Турар Рыскулов

Сүрөттүн булагы, public domain

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Турар Рыскулов, Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын (ТАССР) Борбордук Аткаруу Комитетин төрагасы (1920-ж. январь-август айлары).

Беловодск кыргыны

Ушул эле съездде, Жети-Суудагы 1916-жылкы көтөрүлүш учурунда Кытайга өтүп кеткен казак-кыргыз качкындарына мамлекеттик жардам уюштурулушун, элине кайткан качкындарга орус переселенецтеринин кысым көрсөтүшүн токтотуу, качкындарга улуттук уюмдар аркылуу жардам берилишин талап кылган сунуштар кабыл алынган. Анын чечимине ылайык Жети-Суу облусунда өзгөчө комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына алгач Төрөкул Жанузаков бекитилет.

Ал адегенде эле өз ишин 1916-ж. август айынын башындагы көтөрүлүш маалында Беловодск участогундагы куралсыз 500дөн ашык кыргыздардын кырылышын иликтөөдөн баштайт.

Көтөрүлүш башталганда Пишпек уездинин Беловодск участкасында жашаган көп кыргыз көтөрүлүшчүлөргө кошулбай тургандарын айтып, убактылуу жашырып турууну суранып, пристав Грибановскийге кайрылышат. Пристав аларды Беловодск селосунда түзүлгөн “орус дыйкандарынын дружинасы” аттуу топко тапшырып, өзү башка жакка кетет. Аталган топ ошол жерден эле кыргыздарды таяк менен сабап, таш бараңга алышат. 70 киши өлтүрүлүп, чуңкурга ташталат. Аларды бошотуп берүүнү суранып келген 83 дагы өлтүрүлгөн. 138 кыргызды Пишпекке алып келип, музыканын коштоосунда өлтүрүшкөн. Баш-аягы 517 кыргыз өлтүрүлгөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгы Түрккомитетинин мүчөлөрүнө, М. Тынышпаев менен О. Шкапскийге, тапшырылат. Беловодскилик орус дыйкандар ал окуя үчүн катуу жазаланмак.

Бирок, 1920-ж. Төрөкул Жанузаков бул иштен четтетилет.

Фурмановдун душмандыгы

Дмитрий Фурманов, Василий Чапаев, Петр Исаев

Сүрөттүн булагы, public domain

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дмитрий Фурманов, Василий Чапаев, Петр Исаев («Петька», төмөндө солдо). Июнь 1919

Ага эң биринчиден 1919–20-ж. Түркстан фронтунун саясий башкармалыгына Д. Фурманов начальник болуп дайындалган себепчи болгон.

1920-ж. 12–19-июнда Верный (азыркы Алма-Ата) шаардык гарнизондо советтик бийликке каршы козголоң башталып, алар менен сүйлөшүүгө Д. Фурманов жиберилген.

Ал өз күндөлүгүндө Төрөкулду мындайча сындайт:

Түркстан Борбордук Аткаруу комитетинин качып келген кыргыздарга жардам боюнча өзгөчө комиссиянын төрагасы Жанузаков Пишпектен алыс эмес жерде экен. Биз аны менен бул жолу көрүшө албадык. Бирок уккандарыбыз бизди айран-таң калтырды. –Төрөкул Жанузаковдун, - деп айтышты бизге, - ата-теги бай, белгилүү манаптардын бири. Атасынын азыр да малы көп. Төрөкул манаптар менен кат алышып турат. Ал өтө эле жагымсыз: көр жеме, күңүчүл, ачуулу, чыр, кежең. Жеткен шовинист. Анын кылган “күнөөлөрү” көп, бирок буйтактап, жоопкерчиликтен эптеп кутулуп кетти. Азыр ал качып келген кыргыздарга жардам көрсөтүп, бардык жерде өзүнүн жеке ырайымдуулугун көрсөтүп жаткандай түшүндүргүсү келет: Кааласам – берем, каалабасам – жок”.

Верныйге жеткенден кийин Д. Фурманов күндөлүгүн төмөнкүдөй улантат: “Кутумчулук. ...Анын башында Рыскулов турат өңдөнөт. Бардык жерде тыңчылары бар. Эң жакын тыңчыларынын бири – анын күйөө баласы Жанузаков. Экөө тең 16-жылдагы көтөрүлүшкө активдүү катышып, көтөрүлүштү жетектеген. Рыскулов боюнча маалыматтар азырынча бүдөмүк: ал бай, жүздөгөн бодо малы бар, аны жакындары менен бөлүшкөн, Жанузаковдон акча алып турат. Таза эмес. Жанузаковдун шылуун жана кылмышкер экени белгилүү. Кылмышы үчүн ал кармалып, түрмөдө отурган. Мындай мүнөздөмөлөрдөн кийин бирөөгө ишенүү такыр мүмкүн эмес”.

Фурманов ушуну менен тим болбой, Олуя-Ата уездинен Карабай Адылбеков деген бирөөнү таап, Төрөкулду жаман атуу кылууга аракет жасайт. Бирок ойлору ишке ашпай калып, Төрөкулга каршы башка методду колдонууга киришет.

Верныйга шашылыш телеграмма келип, анда колго түшкөн бир чабармандын жанынан Төрөкулдун атынан жазылган - “сиздин буйругуңузга ылайык мылтык жана анын октору даяр” деп жазылган кат табылганы тууралуу айтылат. Бирок бул да акырында большевиктер уюштурган жалаа болуп чыгат.

Ушинтип, Д. Фурманов өзүнүн шовинсттик мамилесинен улам Төрөкулду совет бийлигинин душманы кылып көрсөтүп салган.

Совет доорунда Төрөкулдун ысымы аталбай калышынын башкы себеби да ушул.

Акыры, жогорудагы тыңчылардын башка көрсөтмөлөрүнө таянуу менен, Төрөкул камакка алынат. Бирок эч күнөө кое албагандыктан, көп өтпөй бошотууга аргасыз болот.

Ага Д. Фурманов: “Жанузаковду камакка алуу менен биз кандай ишке барганыбызга түшүнүп турдук. Биз күткөндөй, бир аз убактан кийин Ташкентте бурганак башталып, ...Жанузаковду бошоткула деген буйрук келди”, - деп өкүнөт.

Аймактагы саясый кризис

Т. Жанузаковдун көз карандысыз, өз алдынча мамлекет түзүүгө багытталган көз карашына, советтердин жогорудагы шашылыш кабыл алынган декларацияларынан тышкары, 1920-ж. Баку шаарында өткөн Чыгыш элдеринин съезди жана анын алдындагы Түркстан АССРиндеги саясий кырдал катуу таасир тийгизген.

Анткени, ушул учурда бирдиктүү башкаруу болбой, бири-бирине баш ийүүнү каалабаган Түркстан АССРи, Түрккомиссия жана Түркфронтунун Революциялык Аскер совети өз алдынча иш алып барып жаткандыктан, крайда саясий кризис башталган.

Түркстанда түзүлгөн ушундай кырдаалга байланыштуу Т. Рыскулов түзгөн “чет жактардагы улуттардын өз тагдырын өзү чечүүгө” багытталган программага негизделип, 1920-ж. январь, февраль айларында Түркстан КПнын V жана коммунист-мусулмандардын III крайлык конференциялары тарабынан чачкын партиялык уюмдардын ордуна бирдиктүү “Түрк компартиясын” түзүү, РСФСРдин карамагында Түрк Советтик Республикасын уюштуруу маселеси көтөрүлөт.

Бирок, 29-июнда РКП (б) БКнын Саясий бюросу жаңы токтом кабыл алып, негизги маселенин бири болгон “Түрк компартиясы”, Түрк Совет Республикасын түзүү сунуштары кабыл алынбай, Т. Рыскулов баш болгон Түркстан БАКнын Президиумунун, Түркстан крайкомунун кээ бир мүчөлөрү кызматынан бошотулган.

Басмачылар менен

Октябрь революциясынын үч жылдыгын майрамдоо күнү, Төрөкул Жанузаков Совет өкмөтүнө нааразы экенин ачыкка чыгарып, антисоветтик үгүттү күчөтүүгө жана бүткүл элдик көтөрүлүш чыгарууга чакырат.

1920-ж. октябрда ал "басмачылар кыймылына" кошулган. 1920-ж. 15-декабрда Анжиян уезддик ревкомунун төрагасы, Түркстан БАКынын мүчөсү С. Тухтабеков жана Парпибек менен жолугушуу өткөргөн.

Совет өкмөтү өткөргөн Бакудагы Чыгыш элдеринин съездине Биринчи Дүйнөлүк Согуштагы түрк аскерлеринин мурдагы командири Энвер Паша дагы жашыруун катышып, ошол эле учурда ал да өзүнчө съезд өткөргөн.

Жашыруун съезд аяктагандан кийин айрым делегаттарга Энвер Пашанын колу коюлган “муну көрсөткөн баланча деген – Чыгыш Элдеринин съездинин делегаты, социалисттик идеяларга каршы үгүт жүргүзүү үчүн Чыгышка жөнөтүлдү” деген мандаттар берилген.

Ноябрь айынын аягында Көршермат (Шер Мухаммед-бек) бул адамдарды Кокон-кыштактагы Парпы корбашынын карамагына жөнөткөн. Алар жогорку билимдүү жана интеллигент адамдар болгондуктан, аймактагы европалыктар болуп саналган дыйкандар жана кызыл аскерлерге кайрылууларды жазуу тапшырылат.

Алгачкы мезгилде басмачылык кыймылды басууга алы жетпеген большевиктер, тынч жашоосун өткөрүп жаткан Фергана калкына ырайымсыз мамиле кылышкан. Мисалы, Фергана фронтунун командири Д. Е. Коновалов басмачылар турган жер жөнүндө маалымат алып, Базар-Коргонго келет. Кичине кагылышуудан кийин басмачылар айылдан чыгып кетет.

Артка кайтар алдында Д. Коновалов Базар-Коргонду басмачылардан тазалоону чектеш Никольское айыл дыйкандарына тапшырат. Ошондо орус дыйкандары Базар-Коргонду “басмачылардан” тазалоо шылтооосу менен 23 күн бою кыштакка кол салып, эркектерге “басмачыларга тилектешсиңер”, ал эми жаш балдарга “келечекте басмачы болосуңар” деген айып тагып, атып салышкан.

1920-жылдын январь айынын орто ченинде кошумча күчтөрдүн (мис., армяндардын "Дашнакцутюн" куралдуу отряды) көмөккө келишинин натыйжасында Фергана өрөөнү большевиктердин колуна өтөт.

1921-ж. августта Бухарада Түркстан улуттук интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү тарабынан “Түркстан Улуттарынын Биримдиги” деген уюм уюшулган. 1921-ж. 5–7-сентябрда Самаркандда өткөн VI конгрессте анын уставы жана Түркстандын туусу бекитилген. Түркстандын көз карандысыздыгын жарыялаган бул уюмдун программасын, уставын жана башка документтерин иштеп чыгууда Т. Жанузаков өзгөчө роль ойногон.

Ал тууралуу В. Тоган өзүнүн эскерүүсүндө: “Тууну түзүүдөгү комиссиянын ишине Мунаввар Кари, мен, Жаузаков ж. б. бир нече адам катышканбыз. Ага негиз кылып, 11-кылымдагы Махмуд Кашгаринин эмгегиндеги селжуктар менен карахандардын туусун алдык. Улуттук туубуз кызыл түстө болгон, биз аны Тимур жана Тимурлар доорундагы кол жазмаларда сакталып калган миниатюралардын негизинде иштеп чыкканбыз”, -деп эскерет.

Төрөкул Фергана өрөөнү большевиктердин колуна өткөндөн кийин басмачыларды бир колго баш ийдирүүгө мүмкүн эместигине көзү жетет. 1921-ж. 10-октябрда, басмачылардын катарында болуп калышын колго түшкөнү менен түшүндүрүп, совет бийлигинин органдарына мунапыс сурап кайрылат.

Жанузаковдун каты Бүткүл Союздук ЧКнын Түркстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ташкент ЧКсынын башчысы Я. Х. Петерстин колуна тиет.

Я. Х. Петерстин басмачылар менен мамилеси тууралуу маалыматтар али ачыкка чыга элек, бирок буга чейин ал Петроград, Москва, Казан, Киев шаарларында ВЧКнын жооптуу кызматын аткарып, массалык кыргындарга жетекчилик кылганы менен белгилүү. В. И. Ленин аны улуу орус шовинизминен арылтуу керек деп эскерткен.

Ал кат менен танышкандан кийин тез арада Төрөкулдун көзүн тазалоо тууралуу чалгын кызматына тапшырма берет. Аны аткаруу үчүн Түрк фронтунун Ферганадагы аскер бөлүгүнүн командачысы Д. Е. Коновалов таланып-тонолуп бүткөн Базар-Коргон кыштагына чалгын жасап турууну Никольское айылынын тургуну Ф. Т. Масловго тапшырып, аны Анжиян-Ош аскер штабынын контрчалгындоо бөлүмүнүн кызматкери П. М. Богомоловго тааныштырат.

1921-ж. январда П. Богомоловдун катышуусу менен Фергана фронтунун штабы Парпы корбашынын куралдуу күчтөрүн жок кылуу боюнча атайын аскердик планды иштеп чыгат.

Ошол учурда Парпы өзүнүн жанына 300-400дөй адам калтырып, калганын Исраил корбашы, Төрөкул Жанузаков жана Анжиан Ревкомунун мурдагы төрагасы С. Тухтабековдун башчылыгында Майли-Сай өрөөнүнө жөнөткөнү тууралуу кабар түшөт. Ошол замат Кызыл Армиянын жетекчилери Парпыга каршы 5-атчандар полкун аттандырат. Өзгөчө айыгышкан салгылашуулар Избаскент, Базар-Коргон, Массы жана Сакалды айылдарынын жанында жүрөт.

Ушундай оор салгылашуулардын биринде, 1921-жылы февралда Кара-Жантак айылына жакын жерде Парпы корбашы жамбашынан оор жаракат алып, көп өтпөй каза болот. Исраил корбашы Кетмен-Төбөгө, Көршермат Алай өрөөнүн карай ооп кетет. Чекисттер адегенде Исраил корбашынын 75 жаштагы атасын барымтага алып, Т. Жанузаковду кармап берсеңер бошотобуз деп убада кылышкан.

Айласы кеткен Исраил, кеңешме болот деген шылтоо менен Жанузаковду Арсланбабка чакыртып, ал жерден туткунга алып, Советское айылындагы П. М. Богомоловго жөнөтөт. Бирок, аны жеткирип бара жаткан Абдуллажан корбашынын тилин тапкан Төрөкул жолдон бошонуп кетет.

Артынан түшкөн чекисттер 1921-ж. октябрь айынын аяк ченинде аны кайра кармап, милиция отрядынын коштоосу менен Жалал-Абадка жөнөтүшөт. Жолдон, Акман айылына жакын жерден Төрөкулду коштоп бара жаткан отряд Батырбек корбашынын тосотуна кабылып, атышуу башталып, ошол убакта качууга аракет кылган Төрөкул октон каза болот.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.