Ош милициясынын башында турган датканын балдары
- Author, Жеңиш Аширбаев
- Role, Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы
Алымбек датканын чебереси, Асанбектин небереси Карабектин уулу Жамшитбек жана Алымбек датканын небереси Камчыбектин уулу Кадырбек Октябрь революциясынын соң советтик бийлик тарабына өтүп, Түркстан АССРнин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аймагына революциялык тартипти бекемдөө, Кеңеш өкмөтүн түптөөгө зор эмгек кылышкан. Өткөн кылымдын 20-30-жылдары өз доорунун жогорку билимдүү, маданияттуу ишмери катары таанылган Жамшитбек менен Кадырбек калк арасында кадыр барктуу өтө жогорку урмат сыйга ээ болуп турган.

Сүрөттүн булагы, Ош Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси
1918-жылы Жамшитбек Карабеков Ош революциялык комитетинин админстративдик бөлүмүн жана элдик милицияны жетектеп турган (Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын 1-башчысы).
Камчыбеков Кадырбек Гүлчө районунда алгачкылардан болуп басмачылар менен күрөшүүчү кыргыздардан куралган элдик ыктыярдуу милиция отрядын уюштурган. Кадырбектин ыктыярдуу отрядына ал кезде мамлекеттик өзгөчө маанидеги аскердик коммуникацияларды жана Памир менен Кытайды бирктирип турган жолду коргоо милдети жүктөлгөн болчу. Ал өзүнүн ишенимдүү отряды менен коюлган аскердик тапшырманы өтө катаал шартта аткарууга туура келген. Алардын негизги тапшырмасы чек арага карай келе жаткан жана чыгып бара жатышкан көп сандаган ак гвардиячыл Монстровдун, жана Мадаминбек, Халкожо, Көршермат, Мойдунбек, Аман палван сыяктуу басмачылардын желдеттеринин жолун бөгөө болчу.

Сүрөттүн булагы, Ош Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси
- Кордуб Данил Васильевич 1902-жылы туулган. Үй-бүлөсү менен Украинадан Орто Азияга келип, 1914-жылдан баштап Ош шаарында жашап калган. Тоголок жетим калган Данил Кордубга Кадырбек Камчыбеков жакындан жардам берип жүргөн. Басмачылар менен күрөшүүдө Кадырбектин отрядында пулемотчик болгон. ОГПУ, ЧКда, СССРдин мамлекеттик Коопсуздук комитетинде кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан. Өмүрүнүн соңунда атасынын туулган жери Украинанын Харьков областынын Волчан районундагы Василевка айылына кеткен. Кадырбек Камчыбековду жакындан тааныган адамдардын бири. Ал өзүнүн эскерүүсүндө Жамшитбек Карабеков менен Кадырбек Камчыбековдун басмачылар менен күрөшүү мезгилиндеги ээлеген ордун, калкка кылган кызматын сүрөттөп кеткен.
Фергана аскердик Кеңеши басмачыларды жок кылууда атайын операцияларды өткөрүү учурунда жер шартын жана аскер сырларын жакшы билген Жамшитбек менен Кадырбекти кеңешчи катары чакырышчу. Бул эки ага инини легендарлуу аскер башчы Михаил Василевич Фрунзе жакындан тааныган. Ошондуктан да аларга мамлекеттик маанидеги көптөгөн аскердик тапшырмаларды аларга ишенип тапшырган.
Кадырбектин ыктыярдуу отряды Ош-Гүлчө, Сопу-Коргон, Эркештам, Памир байланыш жолдорун көзөмөлдөө мезгилинде Ак гвардиячыл казак-атаманы Дутов, Анненков, Орусия падышалыгынын мурдагы Кашкардагы консулу Успенский жана англиялык резидент Эссертон тарабынан Кызыл Армияны талкалоо максатында чек ара аркылуу котрабандалык жол менен жөнөтүлгөн көптөгөн ок атуучу куралдар алынып басмачыларды аскер ишине үйрөтүү үчүн жөнөтүлгөн чет өлкөлүк тыңчылар колго түшүрүлгөн.
Архивдик документ:
- Кадырбектин ыктыярдуу отряды саны жагынан аз болгону менен (120-180 жигиттен турган), бирок алар моралдык туруктуу жана ишеничтүү болушкан. Алар Кадырбек менен Жамшитбекке чын дили менен берилген адамдардан түзүлгөн болчу. Жоокерлер өз командирин урматтап баалашкан жана сакташкан. Бул отрядды эл өзүнүн кек алуучулары жана таянычы катары өтө урматтап сыйлашкан жана чалгындоо иштерине көмөктөшүшүп, өздөрүнө азык-түлүк, аттарына жем чөптөр менен камсыз кылып турушкан. Отряддын жоокерлери Гүлчө, Жошолу, Корул жана башка айылдарда жашаган кембагалдардан куралган жана жарым-жартылай казармалык абалда кызмат өтөшкөн. Горнизондун отрядынын туруктуу 20-25 жигити дайыма даяр турушуп, Кадырбектин жанында болушкан. Кадырбекти кыргыздар өтө сыйлаган, ошондуктан дагы басмачылар арасындагы кыргыздар ыңгайы келген учурда Кадырбектин отрядына кошулуп кеткен учурлар көп кездешкен. Басмачылардын башчылары Кадырбектин отряды менен кезиккен кезде шашылыш чегинүүгө аргасыз болушкан. Себеби, атышуу учурунда Кадырбекти көргөндө колундагылардын көбү өтүп кетет деген кооптонуу болгон экен.
- Бул ыктыярдуу отряд Кызыл Армиянын бөлүктөрү менен кызматташып турушкан жана Фергана фронтунун штабынын буйруктарын аткарып турган. Жардам керек болгон жерге эч качан кечикбестен жетип барышкан. Ошон үчүн да бригаданын командирлери: Эрнест Францевич Кужело, Петр Митрафанович Параманов - ЧКнын Ош өзгөчө бөлүмүнүн ыкчам тобунун жетекчиси, Валерий Андреевич Лебедов, Николай Алексевич Казак, Виктор Антонович Маргайтисс, Хасан Исакович Булатов, Евгений Васильевич Чернецов-Ноокат райондук басмачылар менен күрөшүүчү милициянын ыктыярдуу отрядынын командири, Камчыбеков Кадырбекке ыраазычылык билдиришип аскердик штабка кат жолдошкон".
- Мадаминбек, Халкожо, Мойдунбек, Көр-Шерматтын куралдуу жигиттери Кадырбектин ыктыярдуу отрядынын чагылгандай чабуулунун күчүн, кубатын бир нече ирет жон терилери менен сезишкен.
- 1920-жылы Кадырбек Камчыбеков жана Жамшитбек Карабековдор М.В.Фрунзенин жана В.В.Калининдин тапшырмасын аткарып жатышып, Мадаминбектин, Мойдунбектин жана Халкожонун басмачы желдеттерин ж.б. басмачы топторунун катарын бүлүндүрүүдө чоң иштерди аткарган.
- Алар өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын басмачылардын катарына жөнөтүп, алардын арасында совет бийлигине каршы үгүт иштерин жүргүзүшүп, адашып жүргөн миңдеген басмачылардын катарындагы адамдарды куралдарын тапшыртып, совет бийлиги тарапка өтүүгө шыкакташкан.
- Бул эмгегин жогору баалап совет өкмөтү тарабынан Жамшитбек Карабеков алтындын суусу жалатылган өздүк курал менен сыйланса, Камчыбеков Кадырбек «Кызыл-Туу» орденин алган.

Сүрөттүн булагы, Ош Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси
1922-жылдын башында Фергана фронтунун аскер Кеңеши тарабынан Камчыбеков Кадырбекке жана Карабеков Жамшитбекке бийик тоолорго жашырынышып алып, Кыргызстанды батыш Кытай жана Памир менен бириктирген жолдорду бөгөп алышып, каракчылык, мыкаачылык менен адамдардын канын төгүшкөн 1200гө жакын куралдуу желдеттери бар Жаныбек казы, Жусупбай казы, Маты миңбашы, Абдыкалык паңсат жана башка басмачы топтор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, куралдарын тапшыртып, совет бийлигин таанып, өз ыктыяры менен багынып берүүгө моюн сундурууну тапшырат.
Алар сүйлөшүү жолу менен Жаныбек казыны ыктыярдуу түрдө куралдарын тапшырып желдеттерин үйлөрүнө таркатууга макулдун бергенге жетишет. Жаныбек казы өз ыктыяры менен багынып берген учурун көзөмөлдөө үчүн атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын курамында: Түркстан коминисттик партиясынын Борбордук комитетинен жана Фергана облустук коминисттик партиясынын жооптуу кызматкерлери: Фурман Виктор Ионович, Арсланов-Сайфулин Мухамед Ханиевич, Камчыбеков Кадырбек жана анын жеке ишенимдүү адамы, ошондой эле комсомолдор: Кудайберген Ниязов, Жоро Зайнебидинов жана Кадырбек Камчыбековдун отрядындагы пулёметчу Данил Кордуб катышкан. Бул жараяндан кийин сүйлөшүүгө катышкандар өкмөттүн грамотасы жана баалуу сыйлыктары менен сыйланган.
1923-жылы Кызыл Армиянын соккусунан талкаланган басмачылардын калдыктарын толугу менен талкалоо максатында Алай өрөөнүнө болгон аскердик экспедиция жөнөтүлөт. Аны Түркстан АССРнин Ички иштер Элдик комиссарынын орун басары Абдулла Ярмухамедов жетектеген. Бул топко Жамшитбек Карабеков(Ош уездик админстративдик бөлүмүнүн (учурдагы облустук ички иштер башкармалыгы) жана ыктыярдуу милиция отряддарынын башчысы Кадырбек Камчыбековдун ыктыярдуу отрядынын тандалма жигиттеринен жана Түркстан двизиясынын 2-аткычтар полкунун курамынан түзүлгөн 300 адамдан турган отряды кошулган. Жыйынтыгында Алай өрөөнүндө Токтомат жана Нурмат корбашылардын басмачы топтору менен салгылашып, бул топторду толугу менен талкалап Токтомат жана Нурмат корбашыларды колго түшүрүп келишкен. Абдулла Ярмухамедов жетектеген бул аскердик отрядда Карабеков Жамшитбек менен Кмчыбеков Кадырбектен башка Оштун өзгөчө бөлүмүнүн (особый отдел) кызматкерлери Шамсудинов Хамид, Ниязов Кудайберген, Данил Кордуб, Тюгаев Василий жана Юнусов Умаралилер катышышкан.

Сүрөттүн булагы, (Сүрөт З.Курмановдун «Фейсбуктагы» жеке баракчасын
Басмачыларды талкалангандан кийин Кадырбек Камчыбековдун ыктыярдуу отряды таратылып, курамдагы аскерлер өз айылдарына кетип, жай турмушка аралашкан. Ал эми Кадырбек менен Жамшитбек ЧК-ГПУ менен байланышты үзбөй мамлекеттик тапшырмаларды аткарып турган.
1929-1930-жылдары коллективдештирүү башталган жылдары Орто Азияда совет бийлигине каршы козголуп, элди тукурган контрреволюциячыл күчтөр баш көтөрө баштаган. Мурда жашырып койгон курал-жарактар таратылып, басмачылар кайрадан колуна курал алып, кан төгүүлөр башталып, айылдарды өрт каптай баштады.
Ошолордун катарында Жаныбек казынын желдеттери кайрадан пайда болду. Ага кошулуп Төрөкул (Жаныбек казынын уулу), Батырбек, Айтмарек корбашылар, Гайып паңсат, Рустам Эшен жана башкалар совет бийлигине каршы чыгышкан.
Алардын алгачкы курмандыктары пайда боло баштады Ош шаарында чекисттер: Хохлов Тимофей Феодорович, Удилов Николай жана мыкаачылык менен Араван-Бура райондук аткаруу комитетинин төрагасы Мамеджанов өлтүрүлгөн.
Ушундай кыйын кезде эл керегине жараган Камчыбеков Кадырбек менен Карабеков Жамшитбек Совет бийлигинин кайрадан чакыруусу менен күжүрмөн ыктыярдуу отрядын чукул арада айылдарынан чакырып, кайрадан куралдандырган. Бирок, басмачылык кыймыл элдин колдоосуна ээ боло албай, ыдырап, талкаланды. 1931-жыдын жай айларында өз элинин Кадырбек менен Жамшитбектей баатыр уулдарынын күжүрмөн эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын эмгекчил элдери тынч жашоого өтүшкөн. Эң өкүнүчтүүсү ошол кездеги жүргүзүлгөн туура эмес саясаттын айынан Жамшитбек Карабеков менен Кадырбек Камчыбековдор бай-манаптын урпактары катары репрессияга туш келип, бейкүнөө өмүрлөрү кыйылган. Андан да кейиштүүсү Совет бийлигин орнотууда алгачкылардан болуп Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген Жамшитбек Карабеков жана Алай райондук ички иштер бөлүмүн биринчилерден болуп уюштурган Камчыбеков Кадырбектер туралуу архивдик маалыматтар ачыкка чыгарылбай өз учурунда тийиштүү деңгээлде бааланбай калгандыгы.
Архивдик документтен
«…Весь род Алымбека датки и Курманджан датки встал на сторону Советской власти, образовав добровольческий 4-й красный отряд. Командиром отряда был Кадырбек Камчибеков - сын казнённого Камчибека, а комиссаром отряда Джамшидбек Карабеков (усыновленный Курманджан даткой племянник Алымбека датки, получивший образование в Казанском университете). Оба были награждены революционными орденами и именным оружием. Затем, когда басмачи были разгромлены и в Средней Азии твердо установилась власть Советов, Кадырбек Камчибеков и Джамшидбек Карабеков были репрессированы и казнены».
Выписка из протокола №33 заседания Секретариата Всероссийского Центрального Исполнительного Комитета Советов Крестьянск. Раб. Красноарм. и Казачьих депутатов.
8 октября 1923г.
Слушали:
О награждении орденом Красного знамени 26 человек работников Туркфронта /Пр. №46, пункт 22/.
Постановили:
Отмечая героическую работу в деле борьбы с басмачеством в Туркестане, Президиум ВЦИК постановляет наградить орденом Кр. знамени т.т.
Хидыр-Алиева Инагамджана
Али-Ходжаева Шамансура
Каримова Абдуллу
Касыма Гафура
Тодорского
Биксона
Ушакова
Поляева
Попова
Халбатырова Шахруха
Нуралиева Балта
Джалилова Курбама
Раджапова Шарифа
Ярмухамедова Абдуллу
Мавлянбекова Ахметбека
Товарищам: Шленову, Тодинскому Ахмеджану, Карабекову Джамшидбеку, Бурлашеву, Ханифу, Уразалиеву Акбару, Рахимбабаеву Раимджану, Сергазиеву Аблаю выдать грамоту от ВЦИК.
Предложить РВСП отметить соответствующим приказом успешную борьбу по ликвидации басмачества в Туркестане.
Секретарь ВЦИК Сапронов
Выписка верна: Секретарь Оргота ...[Подпись]
РВС Туркфронта
Для сведения
23/X 23
№539/с
Секретарь Орготдела Тур... [подпись]

Сүрөттүн булагы, Ош Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси
Тайманбас аскер башчылар Жамшитбек Карабеков, Кадырбек Камчыбеков, Сулайман Кучуков, Арстаналы Осмонбековдор кыргыздардан чыккан аскер жетекчилери катары тарых булактарында жазылып калды.( Чураков Дмитрий Дмитриевич басмачылар менен күрөшүү учурунда ЧКнын кызматкери Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) полковнигинин эскерүүсүнөн. Ош Улуттук тарыхый-археологиялык музей комлексинин архивинен п-5)
Ош уездинде 1923-жылдын 1-октябрына карата ыктыярдуу милиция отрядында 1133 адам болгон. Ал эми жылдын акырына чейин Фергана өрөөнү боюнча 20 миңдей адам өз ыктыяры менен отрядга кирген.
1923-жылдын 9 айы ичинде Фергана өрөөнүндө 320 корбашы жана 3200гө жакын басмачы жок кылынган. Анын ичинен 175 корбашы жана 1477 басмачы өздөрү колго түшүп беришкен. Көршермат 300дөй жигити менен Ооганстанга качып кеткен.
(Айрым кыскартуулар менен берилди. Автордун тарыхый очерктери "Ок астындагы өмүрлөр" деген аталыш менен китеп болуп чыкты).
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












