Зеленский: Жер берүүгө эч кандай укугубуз жок

Сүрөттүн булагы, Toby Melville/WPA/Getty Images
Украина президенти Владимир Зеленский Лондондогу жолугушуудан кийин журналисттерге билдиргендей, тынчтык келишиминин алкагындагы бир катар маанилүү суроолор али да так чечиле элек.
Анын айтымында, АКШ келишим жетүүгө даяр болсо да, негизги тоскоол нерсе — территория маселеси. «Орусия бизден аймак берүүбүздү талап кылууда», — деди президент.
«28 пункт болчу, азыр 20 калды. Көп жагы теңделди, ачык эле Украинага каршы пункттар алынып салынды. Америкалыктардын маанайы негизинен компромиссти издөө багытында. Бирок, албетте, аймак маселесинде мунаса али табыла элек», — деген Зеленскийдин сөздөрүн «Интерфакс-Украина» жарыялады.
Ал территориялык чегинүүгө барууга укугу жок экенин кошумчалады:
«Бизде мыйзам боюнча да, Конституция боюнча да, эл аралык укук боюнча да, чындыгында моралдык жактан да эч кандай укугубуз жок. Албетте, Орусия аймактарды берүүнү талап кылууда. Биз болсо эч нерсе бергибиз келбейт».
«Суспільненин» маалыматына караганда, Зеленский коопсуздук кепилдиги маселесине да токтолгон. «Биз ала турган эң күчтүү коопсуздук кепилдиги — бул АКШ тараптан боло алат. Албетте, эгер бул Будапешт меморандумундай куру убадалар болбой, АКШ Конгрессинде добуш берүүгө коюлса», — деди ал.
Дүйшөмбү күнкү шашылыш уюштурулган Даунинг-стриттеги саммитке Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германия канцлери Фридрих Мерц катышты. Бул - Украинага көрсөтүлгөн саясий колдоонун символу катары кабыл алынды жана Киевдин Ак үйдүн басымына туруштук берүү аракетин бекемдөө катары да бааланды.
Бул жолугушууда кадимки дипломатиялык сөздөр менен бирге көңүл бурдурган айрым маанилүү билдирүүлөр да айтылды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Германия канцлери Мерц Вашингтондон келген пландын айрым деталдарына "скептикалык" көз карашта карай турганын белгилеп, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын аракеттерин адаттагыдай мактоодон бир аз четтеген.
Франция лидери Макрон болсо Европанын "көп көзүрү" бар экенин айтты. Айрымдар муну Европанын экономикалык жана дипломатиялык салмагына шилтеме катары түшүнсө, айрымдар бул сөздү 2025-жылдын февралында Ак үйдө АКШ менен Украинанын лидерлери ортосундагы жаңжалга түз ишара катары кабыл алышты. Ал кезде Трамп Зеленскийге: "Силердин колуңарда көзүр жок" деп катуу айткан.
Бул окуядан кийин европалык лидерлер Зеленскийди дароо колдогон эле.
Ак үй Киев менен Москваны согушту токтотуу боюнча көп пункттуу планга макул болууга көндүрүүгө аракет кылып жатат. Бирок эки тарап тең жараянга катышып жатканына карабай, олуттуу жылыш боло элек.
АКШ менен Украинанын соңку сүйлөшүүлөрү өткөн дем алыш күндөрү аяктады. Зеленский Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен сүйлөшкөндөн кийин АКШ менен кызматташууну улантууга "чечкиндүүлүгүн" билдирди.
Европалык лидерлер АКШнын тынчтык планынын алгачкы варианттарына каршы чыгышкан. Киeв менен союздаштары бул планды Орусиянын талаптарына өтө эле ыңгайлуу деп сынга алышкан. Кийин план кайра каралып, бир катар пункттар өзгөртүлгөн.
Европа өлкөлөрү өз сунуштарын айтып, Украинадагы тынчтык келишимин көзөмөлдөө үчүн европалык коопсуздук күчтөрүн түзүү идеясын көтөрүгөн. Бирок Москва бул сунушту дароо четке каккан.
АКШнын баштапкы планы НАТО боюнча чектөөлөр, Украинанын армиясын кыскартуу жана Донбастын Орусиянын көзөмөлүндө калышы сыяктуу Москванын талаптарын кабыл алгандыгы үчүн сынга алынган.
Орусиянын президенти Владимир Путин өз кезегинде бул өзгөртүүлөрдү четке каккан.
Орусиянын экономикасына сокку урулганына жана согуш талаасындагы чоң жоготууларга карабастан, Путин негизги пункттар боюнча компромисске барууга даяр эмес.
Ал Украина Донбассты тынчтык жолу менен бербесе, Орусия аны күч менен алаарын дагы бир жолу кайталады. Учурда аймактын 85 пайызы Орусиянын көзөмөлүндө.
"Же биз бул аймактарды күч менен бошотобуз, же украин аскерлери чыгып кетет", - деди Путин India Today басылмасына берген маегинде.
Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, жекшембиге оогон түнү Орусия Украинага дагы ири аба соккусун жасады.
Мурунку күнү Орусия Украинага 653 дрон жана 51 ракета учуруп, мындан улам өлкө боюнча абадан эскертүү берди.
Макрон бул чабуулдарга жооп катары Украина менен "толук тилектештигин" билдирген жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн "америкалыктар менен биргелешкен аракеттерди улантаарын" айткан европалык лидерлердин бири болду.
Ошол эле учурда, өткөн аптада сунушталган АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясы Орусияны Европага коркунуч деп эсептебейт.
Москва бул стратегия өздөрүнүн көз карашына шайкеш келерин айтып, аны "оң кадам" деп мүнөздөдү.
Андан аркы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн алдында Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү АКШны эки континенттин ортосундагы тарыхый байланыштарды сактоого чакырды.
"Бул биздин жалпы коопсуздугубуз үчүн бирден-бир акылга сыя турган стратегия", - деп жооп берди Польшанын премьер-министри Дональд Туск.












