"Бул Украинанын багынып бергенине барабар". Трамптын тынчтык планы жөнүндө эмнелер белгилүү болду?

АКШ

Сүрөттүн булагы, Reuters

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы

Соңку күндөрү Украинадагы согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу жаатында АКШнын дипломатиялык аракеттери тууралуу сөздөр кайрадан жанданды. CNN жана Axios маалымат каражаттары согушту токтотуу боюнча жаңы планды даярдоонун үстүнөн ишти президент Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жетектеп жатканын ырасташууда.

Ал арада Украинанын лидери Владимир Зеленский "сүйлөшүүлөрдү активдештирүү" үчүн Түркияга келди. Бирок, журналисттердин айтымында, Украинадагы коррупциялык жаңжалдын фонунда Уиткофф украиндер менен пландалган жолугушууну кийинкиге калтырды.

"Сүйлөшүүлөр ушул аптада кызыды, себеби Трамптын администрациясынын баамында, Кремль макулдашуу үчүн кайрадан даяр болгонун билдирген ишарат берүүдө", - деп айтты CNN каналынын булагы.

АКШнын тынчтык планы тууралуу эмнелер белгилүү?

Axios басылмасы буга чейин атын атабаган булактарына таянуу менен кабарлагандай, жаңы тынчтык планы 28 пунктту камтыйт, алар болсо өз кезегинде төрт негизги категорияга бөлүнөт. Алар: Украинада тынчтык орнотуу, коопсуздук кепилдиктери, Европадагы коопсуздук жана АКШнын Украина жана Орусия менен болочоктогу мамилелери.

Шаршембиде Axios басылмасы планда Украинанын Орусия басып алган аймактарын эмне кылуу сунушталып жатканы тууралуу маалыматтарды жарыялады.

Басылманын маалыматына караганда, планда бүтүндөй Донецк облусун Орусияга өткөрүп берүү, АКШнын Крым менен Донбассты Орусияга таандык деп таануусу, Запорожье жана Херсон облустарындагы фронттун линиясын азыр кандай абалда болсо, ошол бойдон калтыруу каралган.

"Украина жана анын тарапкерлери муну Орусиянын талаптарына ашыкча көнүп берүү катары кабыл алышат. Атын атагысы келбеген америкалык аткаминердин айтымында, Ак үйдүн көз карашы боюнча, эгерде согуш улана берсе, Украина баары бир бул аймагынан ажырайт, ошондуктан токтоосуз мунасага келүү анын кызыкчылыгындагы эле иш", - деп жазат Axios.

Басылманын маалыматына караганда, Трамптын администрациясы Донбасстын аймагын, башкача айтканда, Украина өзү чыгып кете турган Донецк жана Луганск облустарын Орусиянын көзөмөлүнө өткөрүүнү, бирок ошол эле учурда демилитаризацияланган аймакка айландырууну сунуштап жатат.

АКШ Крымды жана Донбассты расмий түрдө Орусияга таандык деп таанууну убада кылууда, бирок Axios басылмасынын маалыматына ылайык, Украинаны муну жасоого мажбурлабайт.

Axios украиналык булакка шилтеме жасап, планда украин армиясын эки эсе кыскартуу каралганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Бул жеңилдиктердин ордуна АКШ Украинага жана Европага коопсуздук кепилдиктерин сунуштайт, бирок кандай кепилдиктер тууралуу сөз болуп жатканы азырынча белгисиз.

Украинанын позициясы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Axios басылмасынын булактарынын ырасташынча, Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеровго президент Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен тынчтык планы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берген жана "[Умеровдун] көптөгөн пикирлери 28 пункттан турган бул планга киргизилген".

Ошол эле учурда украин тараптын булагынын айтымында, Умеров Уиткоффтон жазуу жүзүндө сунуштарды алган эмес – оозеки түшүндүрмөлөр гана болгон. Булактын ырасташынча, Умеров бул оозеки айтылган позицияларга макул болгон эмес жана көптөгөн пункттар боюнча Украинанын каршы пикири бар экенин билдирген.

AFP басылмасынын маалыматы боюнча, Уиткофф Зеленский менен 19-ноябрда Түркияда жолугушушу керек болчу, бирок ал сапарын кийинкиге калтырган.

Анткен менен Трамптын атайын чабарманы сунушталган планды ушул аптанын башында Майамидеги жолугушуу маалында Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен талкуулаганын украиналык булак Axios басылмасына тастыктады.

"Орусиянын позициясына биринчи жолу кулак салышты"

Владимир Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Axios басылмасына берген маегинде бул планга карата оптимисттик көз карашта экенин айтты. "Себеби, Орусиянын позициясына биринчи жолу чындап кулак салышты",-деди Дмитриев.

Ал кошумчалагандай, бул пландын өзөгүн Орусия менен АКШнын президенттери августта Аляскада талкуулаган принциптер түзөт.

"Бул чындыгында кыйла кеңири алкактык макулдашуу, анда Украинада эле эмес, Европада да узак мөөнөттүү коопсуздукка иш жүзүндө кантип жете аларыбыз айтылган", - деди Дмитриев.

"Америкалыктар бул пландын "артыкчылыктарын" европалыктарга да, украиндерге да түшүндүрүүгө аракет кылып жатышат", - деп кошумчалады ал.

Москванын пайдасына түзүлгөн план

АКШнын жаңы тынчтык планы Орусиянын талаптарынын негизинде түзүлгөн деп эсептешет Financial Times гезитинин жана Reuters агенттигинин серепчилери.

Financial Times гезитинин Киевдеги кабарчысы Кристофер Миллер кабары бар анонимдүү маектештерине таянуу менен жазгандай, АКШнын планында украин армиясын эки эсе кыскартуу жана Украинанын бүтүндөй Донбасстан баш тартуусу да камтылган.

"Бул Украинанын баш ийүүсүнө барабар, билген адамдар бул Кремлдин жөн эле максималисттик талаптары деп айтып жатышат", - деп жазды Миллер.

Reuters агенттиги да шаршемби күнү кечинде АКШнын планына башкалар менен катар украин армиясын кыскартуу да камтылганын кабарлады.

Эки агенттиктин маалыматы боюнча, АКШ Украинанын президенти Владимир Зеленскийге бул сунуштарга макул болушу керектигин ишара кылган.

"РБК-Украина" басылмасы өз булактарына таянып кошумчалагандай, планда Украинанын алыс аралыкка атуучу куралдарга ээ болушуна тыюу салуу да камтылган.

АКШнын делегациясы Киевде

Ал арада Politico жана Wall Street Journal жазгандай, кургактагы аскерлердин министри (бул жарандык адам) Дэн Дрисколл башында турган америкалык аскер адамдарынын делегациясы Украинага келди. Делегациянын курамында АКШнын кургактагы армиясынын штаб башчысы, генерал Рэнди Жорж жана АКШнын Европадагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Крис Донахью да бар.

Алар украин аткаминерлери жана саясатчылары, аскер адамдары жана өнөр жай өкүлдөрү менен жолугушат деп күтүлүүдө. Дрисколл орусиялык аткаминерлер менен да жолугарын WSJ жазды. Бирок, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москванын министр менен жолугушуу планы жок экенин айтты.

"Катчы Дрисколл Украинага жеринде кырдаал кандай болгонун көрүү үчүн барган. Ал жерде жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгын Вашингтонго кабарлайт", - деп билдирди WSJ гезитине америкалык жогорку даражалуу булак.

Дагы бир булактын айтымында, Дрисколл Украинага Трамптын атынан тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу максатын көздөп барды.

WSJ гезитинин маалыматы боюнча, Дрисколлду Украинага жөнөтүү идеясы Трамп менен анын вице-президенти Жей Ди Вэнстин сүйлөшүүсү учурунда жаралган: Вэнс менен Дрисколл Йель университетинде чогуу окушкан.

Америкалык делегация келечектеги ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн гана эмес, дрондорду биргелешип чыгаруу пландарын да талкуулоого ниеттенүүдө.

Америкалыктар Владимир Зеленский менен ал 20-ноябрда Киевге кайтып келгенде жолугушууну пландап жатышат.

Түркияга сапар

19-ноябрда Владимир Зеленский Түркияга иш сапары менен келди.

Украинанын лидери менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада жолугушуп, согушту токтотуунун келечегин талкуулашты. Эл аралык басма сөздү дүрбөлөңгө салган АКШнын жаңы тынчтык планы тууралуу президенттер конкреттүү эч нерсе айтышкан жок.

"[...]дипломатиядагы кырдаалды талкууладык, жасаган ишибиздин баары татыктуу тынчтыкка жана кепилденген коопсуздукка багытталганын камсыздоого аракет кылып жатабыз. Бул багытта Түркия менен көз карашыбыз бирдей: тынчтык жана коопсуздук кепилдениши керек. Биз бардык өнөктөштөр менен тыгыз координациялоону жана иштешүүнү уланта бермекчибиз", - деп жазды Зеленский социалдык тармактарда.

Укрiнформ агенттиги кабарлагандай, Эрдоган "Түркия ок атышуу токточу күндү жакындатып, тынчтыкка жол ача турган сунуштарды Орусия менен талкуулоого даяр экенин" билдирди.

"Бүгүнкү жолугушууда Стамбул процессин прагматикалык нукта жана жыйынтыкка багыт алган мамиле жасоо менен улантуу зарылдыгын баса белгиледик. Эки тарап үчүн согуштун кыйратуучу кесепеттери күчөп турган чакта Стамбулдагы сүйлөшүүлөр дипломатиялык күч-аракеттердин маанилүү учуру деп эсептейбиз", - деп айтты Түркиянын президенти.

Стив Уиткоффтун украин делегациясы менен шаршембиде өтпөй калган жолугушуусу бүгүн болору кабарланууда. Медиа каражаттары Уиткофф буга чейин пландалгандай Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак менен эмес, Зеленский менен жолугушат деп болжолдошууда.

Айрым маалыматтарга караганда, бул жолугушууну америкалык тарап Украинадагы коррупциялык жаңжалдан улам токтотуп койгон.

Ак үй тынчтык планы, Уиткоффтун иш сапарынын үзгүлтүккө учурашы жана америкалык аскер адамдарынын Украинага сапары тууралуу маалыматтарга расмий комментарий берген жок.

Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Аляскадагы жолугушуусунан кийин Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жандандыруу багытында байкаларлык аракеттер болгон эмес. АКШнын президенти акыркы кездери орус президентинен көңүлү калганын көп айтып, алтургай "Лукойл" менен "Роснефтке" каршы санкцияларды киргизген. (ZMa)