Швециядагы зордуктоо боюнча иш. ММК сөз Мбаппе тууралуу деп болжойт, футболист четке кагууда

Килиан Мбаппе

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Швед прокуратурасы зордуктоо иши боюнча иликтөө башталганын 15-октябрь күнү тастыктады. Прокуратуранын билдирүүсүндө шектүүнүн аты-жөнү көрсөтүлбөгөнү менен швед гезиттеринин жазгандарына караганда, сөз "Реал" футбол клубунун футболчусу Килиан Мбаппе тууралуу болуп жатат. Мбаппе прессадагы кабарларды "жасалма жаңылыктар" деп атады.

"Стокгольмдо зордуктоо болгон болушу мүмкүн деген маалыматтар ЖМК аркылуу тарагандан кийин, прокурор полицияга зордуктоо боюнча доо арыз түшкөнүн жана илктөө жүрүп жатканын тастыктай алат" деп жазылган тергөө мекемесинин билдирүүсүндө.

Инцидент 2024-жылдын 10-октябрында шаардын борборундагы отелде болгон.

Aftonbladet жана Expressen деп аталган жергиликтүү эки басылманын маалыматтарына караганда, Килиан Мбаппе зордуктоого шектелип, тергөөгө алынган.

Aftonbladet берген маалыматка караганда, Мбаппе "V" клубуна жөнөгөнгө чейин бейшемби күнү кечинде Швециянын борборундагы Chez Jolie ресторанында топ киши менен болгон жана ошол жерден таанышкан.

Жергиликтүү TV4 News телеканалынын билдиргенине караганда, ишембинин кечинде бир аял оорукананын зордукталгандар үчүн бөлүмүнө кайрылып, жардам сураган. Ал Килиан Мбаппе тарабынан зордуктоонун курмандыгы болгонун билдирген.

Килиан Мбаппе жана Эммануэль Макрон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Килиан Мбаппе жана Эммануэль Макрон

25 жаштагы Клиан Мбаппе "Пари Сен-Жермен" клубунан эркин трансфер аркылуу "Реал" футболдук клубуна өтүп, жаңы клуб үчүн 11 беттеште 7 гол киргизген.

Ал "ПСЖ" клубунан кетип жаткан учурда алар менен мамилеси солгундап кеткен эле. Мбаппе азыркы учурда төлөнбөй калган айлык боюнча соттук териштирүүгө даярданууда. Анын сөзүнө караганда "ПСЖ" ага 55 млн доллар карыз.

Килиан Мбаппе

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Талаш мындан эки жыл мурун оюнчунун келишимин узарткандан кийин башталган. Клубдагы булактардын берген маалыматына караганда, ал учурда эки тарап эгерде Мбаппе экрин трансфер аркылуу кете турган болсо ал кайсы бир финансылык пайдалардан баш тартат деп көрсөтүлгөн. Мында негизинен клубга компенасация катары деп бонустар тууралуу сөз жүрүп жатат.

Соттук угуулар шейшемби күнү өтмөк. Ушундан улам Мбаппе анын зордуктоого тиешеси болушу мүмкүн деген кабарлар бир күн мурун тарап жатканы кокустук эмес деп билдирди.

"Жасалма жаңылыктар!!!. Бул ушунчалык күтүлгөн иш болчу. Угуулардан бир күн мурун чыкканы кокустукпу?",- деп жазды футболчу коомдук сайтка.

"Бүгүн Aftonbladet швед маалымат каражаты жаңы ушак таратты. Бул айыптоолор карагандай калп жана жоопкерчиликсиздик, а аны таратуу кабыл алынгыс. Мындайга чекит коюп, чындыкты далилдөө үчүн юридикалык аракеттердин баары көрүлөт",- деп жазды Мбаппе.