Коммуналдык төлөмдөн чыккан уу-дуу кептин учугу кайда барып такалат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкек шаарынын айрым тургундары соңку эки ай ичинде коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдүн кескин көбөйүп кеткенин айтып даттанууда. Маселе коомдук сайттарда дагы кызуу талкууланып, парламент трибунасында да көтөргөндөр болду.
Өзгөчө бул жагдай пенсия жашындагы адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн чоң түйшүк жаратып жатат,- деди депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.
Ал мындай мүчүлүштүктөр үчүн "Тазалык" жана "Бишкек суу канал" ишканаларынын ишин сынга алды.
"Бул сумма кайдан алынганы белгисиз. Эми пенсия курагындагы адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тиешелүү кызматтарга барып, алардын үйүндө анчалык көп адам каттоодо турбаганын далилдөөгө аргасыз болуп жатышат. Мындай чалмакейди ким чалганы белгисиз. Бирок элге көйгөй жараткан адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек", – деди депутат.
Бекешов шаар тургундарын коммуналык төлөмдөрдү кайра текшерип чыгууга чакырды
"Муниципалдык кызмат силерди алдап койгон болушу мүмкүн. Көптөр текшербей эле төлөп коюшат",- деди Бекешев.
Жыйында дагы бир депутат Бактыбек Марипов коммуналык төлөмдөр боюнча коомдун нааразылыгын ортого салды.
Ал айрым көп кабаттуу үйлөргө декабрь айында жылуулук үчүн 28 миң сомго чейинки төлөмдөр келгенин айтты.
Депутат бул маселе боюнча чара көрүүнү жана эсептөөлөрдү кайра карап чыгууну шаар бийлигинен талап кылды.
"Бирдиктүү статистика, так маалымат жок"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жарандык активист Рита Карасартова базалык статистика жана маалыматтык системаларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, алардын жаңыланбай жатканы өлкөнүн негизги көйгөйлөрүнүн бири экенин айтты.
Анын пикиринде, жарандардын жашаган жерин тактоочу автоматташтырылган бирдиктүү система түзүлүшү зарыл.
"Кайсыл үйдө канча киши жашайт деген так маалымат жок болгондуктан, ар кандай көйгөйлөр жаралып жатат. Бул маселеге буга чейин көз жумуп келишкен. Мунун арты менен айрыкча шайлоолордо ар кандай манипуляция жасалып жүргөн",- деди Карасартова.
Ал чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал келтирип, жарандарды үйүндө канча киши жашап жатканын жашырып-жаппай ачык айтууга милдеттендирүү керек деди:
"Мисалы, чет өлкөдө эгер жаран жашаган жеринен үч күндөн ашык убакытка алыс жакка кетсе, ал ошол жердин муниципалдык кызматына өзү барып маалымат берет. Канча убакытка кала турганын айтат, анан автоматтык түрдө коммуналдык кызмат үчүн тариф аныкталат. Бизде болсо мындай система жок. Мисалы, ар бир үйдө канча киши жашайт, алардын персоналдык номери дегендер кнопканы басканда эле чыгышы керек. Жарандар бала бакчага, мектепке, жана башка ушул сыяктуу маселелер үчүн маалым кат сураганда алардын үйүндө жашап жаткан адамдардын саны, базада көрсөтүлгөн санга дал келип жатабы, катуу көзөмөлдөнүш керек. Ошондо гана бир тартипке түшөт".
Карасартованын айтымында, айрым квартал башчылары жана үй башы болуп шайлангандар коррупцияга жол берип, каалагандай маалымат жазган учурлар да бар.
"Алар саясатташып кеткен. Айрым батирлерге көз жуумп, аз киши жазып коюшат. Бул айрыкча шайлоодо колдонулат. Кийин "мен сен тууралуу мындай эле маалымат берип келе жатам, эми тигил талапкерге добуш берип кой" деген соодалашуулар болот",- деп белгиледи ал.
"Бирдиктүү дүмүрчөк"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкек шаардык чарба департаментинин директору Эмил Жамалов, ноябрь-декабрь айларынан тарта бирдиктүү дүмүрчөккө өтүүнүн натыйжасында коммуналдык төлөмдөрдө айырмачылыктар болуп жатканын билдирди.
Ал белгилегендей, мурда коммуналдык кызматтын айрым түрлөрүнө төлөбөй келген же турак-жайда жашап жаткан кишинин саны аз көрсөтүлгөн учурлар аныкталган.
"Мисалы, бир үй-бүлөдөн "Бишкек суу каналда" 2 киши, ал эми "Тазалык" ишканасында 4 киши катталган болсо, жаңы система боюнча бардык кызматтар үчүн 4 кишиге төлөм алынууда. Ошондуктан айрым үйлөрдө төлөмдөр жогору болуп калган болушу мүмкүн",- деди ал.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын башында шаардын калкы 1 миллион 165 миң кишини түзгөн.
Расмийлердин айтымында, учурда тургундардын 36 пайызы коммуналдык кызматтарды акысыз колдонушат.
"Биз бирдиктүү базаны баштап жатканда, "Тазалык" ишканасынын абоненттик базасы боюнча 812 миң 675 адам катталган. Абоненттик базаларды бириктире баштагандан кийин алардын саны 886 миң 33 кишиге жетти. Ошондо 73 миңден ашуун кишинин саны аныкталды.
"Бишкек суу канал" боюнча алганда, баштапкы катталган адамдардын саны 874 миң 266 болсо, учурда 902 миң 78 кишиге жетти",- деп белгиледи Жамалов.
Айтымында, абоненттик базага киргизилген үй-бүлө мүчөлөрүнүн санында айырма болуп жатса, айыл өкмөттөн же Турак жай ээлеринин шериктештигинен (ТСЖ) маалым кат алып келип, эсептерин оңдотуп алышса болот.
"Бул тууралуу бир эле коммуналдык кызматка билдирип койсо, калгандары автоматтык түрдө оңдолот",- деп кошумчалады ал.
Жамалов жарандардын так санын аныктоо алар үчүн дагы көйгөй жараткан маселелердин бири экенин кошумчалады. Бирдиктүү дүмүрчөк системасы менен бирге үймө-үй кыдыруу жана комиссиялык текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Департаменттин маалыматы боюнча, "Тазалык" ишканасы айына бир кишиге 41 сомдон, пенсионерлерге 22 сом 50 тыйындан алат.
Сууга болсо көп кабаттуу үйлөрдүн 48,9 пайызы, жеке секторлордун 5,2 пайызы гана суу эсептегичтерди колдонот.
Эсептегичи жок жарандар адам санына жараша төлөйт. Мисалы, бир адамга суу жана канализация үчүн 147 сом 98 тыйын, канализациясы жок үйлөрдө 111 сом 25 тыйын төлөнөт.
"Эч ким эч кимди алдай албайт"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал ортодо "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы түшүндүрмө таратып, декабрь айында жылытуу жана ысык суу үчүн эсептелген суммалар ноябрь айына караганда жогору болгонун билдирди. Ишкана жылуулук берүү абанын температурасына жараша бөлүнө турганын айтты.
Декабрда абанын орточо температурасы нормадан төмөн, ноябрда нормадан жогору болгону маалымдалды. Ошондой эле мекеме былтыркы жылдын 1-сентябрынан тартып жылуулуктун тарифи кымбаттаганын кошумчалады.
Бишкек шаарынын Отун-энергетикалык комплекси департаментинин директорунун орун басары Мирлан Эрназаровдун айтымында, "Бишкек жылуулук тармагы" тарабынан эсептөөлөр так жүргүзүлүүдө. Эгер техникалык ката кетип калган болсо алар кайра карап чыгууга даяр.
Эрназаров маалымдагандай, Бишкекте 80 чарчы метрге чейинки батир ээлери бир гигакалория жылуулук энергиясы үчүн 1560 сом төлөйт.
Жылуулуктун чыныгы баасы 5998 сом болгондуктан, калган айырманы Бишкек мэриясы өзүнүн бюджетинен жабат.
Ал эми 80 чарчы метрден ашкан турак жай ээлери 80 чарчы метри үчүн 1560 сом төлөп, андан ашкан аянт үчүн чыныгы наркы боюнча эсептешет.
Бишкек жылуулук тармагына дагы абоненттик төлөмдөр туура эмес эсептелип жатат деп нааразы болуп кайрылгандар бар.
"Бирок кайра эсептеп чыккандан кийин эч кандай ката кетпегени аныкталууда. Айрымдар өз батиринин аянтын так билген эмес. Бизде атайын эсептөө бөлүмү бар, эч ким эч кимди алдай албайт. Ар бир чарчы метр так эсептелет, нааразылыкка жол берилбейт",- деп билдирди ал.
Учурда Бишкек жылуулук тармагында 141 миң абонент катталган, алардын 88 пайызы 80 чарчы метрге чейинки батирлер үчүн төлөм жүргүзөт.
Жылуулук берүү боюнча 1137 эсептегич орнотулган. Ал эми ысык суу үчүн 138 миң 889 эсептегич колдонулуп, бул жалпы абоненттердин 68 пайызын түзөт.












