Оогандык качкын кыз: Кыргыздарга абдан ыраазыбыз
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекте ондон ашуун афганистандык качкын Горький сейил багына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Кыргызстан качкын макамын берүүсүн же АКШ, Канада сыяктуу үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүүсүн суранууда. Кыргызстанда көп жылдан бери жашаган ооганстандык качкындар бар, алардын көбү азыркыга чейин качкын макамын ала албай жатабыз дешет.
Маекте "Талибан кыймылы" тууралуу дагы сөз болот. Маалымкат: "Талибан" Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда Ооганстандан келген 500 киши бар. Алардын 75ине качкын макамы берилген.
Кыргызстанда үй-бүлөсү менен жети жылдан ашык убакыттан бери жашап келаткан оогандык Надира Насири Би-Би-Сиге маек куруп, оогандыктардын Кыргызстандагы жашоосу, арыз-муңу жана өксүгү менен бөлүштү.

Би-Би-Си: Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
Надира Насири: Менин атым Надира Насири, 18 жаштамын. Ооганстандын Газни шаарынан Кыргызстанга жети жыл мурун келгем. Улутум боюнча хазарларга кирем. Азыр атам, апам, иним болуп үй-бүлөбүз менен бул жакта турабыз.
Би-Би-Си: Эмне үчүн Кыргызстанга келүүнү чечтиңиздер эле?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Надира Насири: Бул жакта атам 20 жылдан ашык убакыттан бери жашайт. Ал бул жакта тынч экенин, эл жакшы экенин айткандыктан, биз да келүүнү чечтик. Чын эле Кыргызстанда адамдар ак көңүл, улутчул эмес, боорукер. Бизди эч ким колу менен көрсөтүп, башка жактансыңар дебейт. Башка коңшу өлкөлөргө салыштыра турган болсок, ал жакта “булар афгандар” деп бөлүп, бизге өзгөгө кылгандай мамиле кылышат. Кыргызстанда андай эмес, баары адамгерчиликтүү. Бул үчүн абдан ыраазыбыз. Ошондуктан Кыргызстанды тандап, келдик.
Би-Би-Си: Кыргызстанда кандай көйгөйлөргө кабылдыңыздар?
Надира Насири: Биздин качкын деген макамыбыз жок болгондуктан, жумушка орношо албайбыз, окуй албайбыз. Анткени тиешелүү документтерибиз жок. Мисалы, мен жетинчи классты бүткөндө эле келгем бул жакка. Ошол боюнча окуган жокмун. Билимим жок. Же иштей албайм. Башка маанилүү процедураларды да кыла албайбыз. Эч нерсе кылганга укугубуз жок. Менин келгениме жети жыл эле болду, башка жыйырма жылдап бул жакта жашаган оогандыктар бар, алардын да эч кандай макамы жок. Алардын баары качкын макамын алгылары келет, бул биздин келечек үчүн өтө маанилүү.

Би-Би-Си: Кыргыз бийлиги сиздерге кандай көмөк көрсөттү?
Надира Насири: Биздин бул жакта тынч жашап жатканыбыз эле чоң көмөк. Бирок бул бизге жетишсиз болууда. Былтыр биз макам сурап акцияга чыккандан кийин, бизге үч айга жарамдуу болгон катточу кагазын тапшыра башты. Аны менен үч ай гана жүрө алабыз, андан соң аны жаңылап туруубуз керек. Бирок ал паспорт эмес да. Ошондуктан, биз кыргыз өкмөтүнөн бизге качкын макамын берүүнү же башка үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүшсө деп суранып жатабыз. АКШ же Канада сыяктуу өлкөлөргө барсак, ал жакта бизге статус оңоюраак жана тезирээк берилмек. Менин оюмча, ал өлкөлөрдө биздин келечегибиз жакшыраак болот.
Би-Би-Си: Ооганстандагы жакындарыңыздар менен байланышып жатасыздарбы?
Надира Насири: Ооба, сүйлөшүп эле турабыз. Албетте келгилери келет. Бирок азыр оогандыктар бул жакка келе алышпайт. Виза маселеси бар.
Би-Би-Си: Талибандын бийликке келгенине бир жыл болду. Азыр ал жакта абал кандай экен?
Надира Насири: Биздин жакындарыбыздын айтуусунда, абал өтө эле начар. Талибдер бардык катаал эрежелерди күчүндө калтырышты. Мисалы, кыздар бешинчи класска чейин гана окушат, андан ары окуганга болбойт, аялдарга иштегенге тыюу салынган. Талибанга чейин аялдардын укугу мынчалык тебеленчү эмес. Азыр эркиндик жок, тынч эмес, биз да окугубуз келет, иштегибиз келет. Мунун айынан биз жапа чегип жатабыз да. Ошондуктан биз Кыргызстандабыз. Бул жакта тынч жашап, окуп, иштегибиз келет.
Кыргызстандагы бардык оогандыктардын атынан кайрылгым келет. Бизге качкын статусу берилиши керек же биз башка үчүнчү өлкөгө жөнөтүлүшүбүз керек. Документи жок жашаш кыйын болууда. Мен окуп, иштегим келет. Айдоочулук күбөлүк алгым келет. Менин укугум корголушун каалайм. Официалдуу түрдө жаран болуп жашагым келет.
Кыргыз өкмөтү оогандыктардын сонку суранычы боюнча комментарий бере элек. Мындан улам, Бишкектеги ооган качкындары жакынкы күндөрү кайрадан акцияга чыгууну пландоодо.








