Афганистан: Тизгин талибдерде, бирок каршылык дале бар

айт-намаз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибдер айт-намаздын алдында унааларды текшеришүүдө. 9-июль 2022-жыл

Патрулда жүргөн талибдер азыр мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү. Алар мурдагы ооган өкмөтүнөн да кубаттуу. Бирок кээ бир аймактарда алар каршылык кыймылына туш болуп жатышат.

Мурдагы армиянын аскерлери башында турган партизандардын чакан тобу Андарабда, ошондой эле коңшу Панчия провинциясында чабуул жасап, жакында талибдердин тик учагын кулатууга жетишкен. Кармаштын чыныгы масштабын кандай болгону белгисиз.

Мындайда каршылык көрсөткөндөр өздөрүнүн күчүн көбүртүп айтса, “Талибан кыймылы” дегеле каршылаштардын бар экенин четке кагууда.

"Өзүңөр көрүп турасыңар, бир аз гана аскерлерибиз жүрөт, бул жерде эч кандай маселе жок,"- дейт Дех Салах аймагындагы талиб командирлеринин бири Кари Жумадин Бадри.

Ал буга чейин талибдердин унааларына чабуул коюлганына да комментарий берди.

"Бул бир топ убакыт мурун эле болгон. Биз тоолордо бир нече операцияларды жасаганбыз, азыр ал жакта эч нерсе жок”,- дейт Бадри.

Провинциянын башка жактарында каршылык көрсөткөн согушкерлер талибдердин аскерий постун басып алып, желегин түшүрүшкөнү тартылган видео чыккан. Андараб учурда Талибандын көзөмөлүндө экен.

Андараб провинциясы

Сүрөттүн булагы, reddit

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каршылык күчтөрү өткөн жылдын август айында Андараб провинциясын Талибандан тартып алган. Бирок көп өтпөй ал кайрадан талибдердин көзөмөлүнө өттү

Би-Би-Си ал аймак талибдердин катуу көзөмөлүндө экенин көрдү. Айыл аралаган учурда Абдул Хашем жана Нур Руллах деген адамдардын туугандары алар талибдерге кол салды деп жөн жерден эле айыпталып, камалып, өлтүрүлгөнүн айтышты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул аймакта былтыр бир дарыгер өлтүрүлгөн. Ал талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылынын мүчөлөрүн дарылаганы үчүн жазаланганын анын туугандары билдирген. Жыл башында дагы бир дарыгер өлтүрүлгөн.

Би-Би-Си эл аралап жүргөндө Андарабда эки дарыгер өлтүрүлгөнүн, 4 жаш жигит колго түшүрүлүп, алар да өлтүрүлгөнүн айтып беришти. Маалыматты аларды тааныган адамдар менен күбөлөр айтып берүүдө. Алар камакка алынып, кийин атылганын айтышты.

"Бир дарыгер өз үйүндө өлтүрүлгөн, ал кандайдыр бир жеке чырдан улам болгон. Адамдар үйлөрүнөн чыгарылып, камалып, өрттөлүп же өлтүрүлгөнүн толугу менен четке кагам. Ооба, эгер кайсы бир аймакта атайын операция болуп, кимдир бирөө өкмөттүк күчтөргө күч менен каршылык көрсөтсө, алар өлтүрүлөт же камакка алынат. Бул дүйнөнүн бардык жеринде болуп турат," - дейт талиб командирлеринин бири Кари Жумадин Бадри.

Талиб согушкерлери журналисттерди такай коштоп жүргөндүктөн, жергиликтүү тургундардын чыныгы оюн билүү оңой эмес. Көптөрү менен жашыруун байланышканга туура келет. Алар талибдерге катуу каршы экенин айтышты. Бирок айрымдары каршылык күчтөрүнө да сын айтышты.

Кари Жумадин Бадри
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кари Жумадин Бадри

Би-Би-Си талибдерге каршылардын командирлеринин бири менен сүйлөшүүгө жетишти.

"Биздин күрөшүбүз адилеттик, бир туугандык, теңдик жана чыныгы Ислам үчүн, динди жамандаган Талибандан кийин курулган Ислам эмес. Биздин күрөш кыздардын укугу үчүн. Мухаммед пайгамбарыбыз “Билим алуу эркектерге да, аялдарга да парз”, - деген андарабдык командир Шужа.

Талибандын акыркы жыйырма жылдагы каршылыгына эл аралык күчтөр менен ооган армиясы тарабынан жайкын тургундарды өлтүргөн агрессивдүү рейддерге кыжырдануу себеп болгон.

Андарабда жана анын айланасындагы аймактарда, кээ бир тургундарды жалдаганына карабай, көбү талибдерди келгиндер катары карашат.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: