Нобель сыйлыгынын ээси Малала турмушка чыгат

Сүрөттүн булагы, MALIN FEZEHAI
Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын жеңүүчүсү Малала Юсуфзай Бирмингемде ислам жол-жобосу менен өткөн салтанатта түгөйү менен никеси кыйылды.
Малала менен Ассир Маликтин никеси кыйылып, келин менен күйөө чогуу түтүн булатууга макулдугун беришти.
24 жаштагы активист Малала бул анын жашоосундагы “баа жеткис күн” болгонун билдирди.
Аялдардын укугун коргогон пакистандык активист 2012-жылы Талибандын огунан башынан жаракат алгандан кийин Уэст Мидлендсте баш калка алган.
“Ассир экөөбүз өмүр бою түгөй болуу үчүн никебизди кыйдырдык”, - деп жазды ал шейшембиде Twitter барагында. Ал “үй-бүлөсү менен чакан нике салтанатын” өткөргөнүн бөлүштү.
“Биз алдыбызда турган саякатты чогуу басып өтүүдөн аябай куштарбыз”, - деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, MALIN FEZEHAI
Кыздардын билим алуу укугун коргоп чыгып, Пакистанда Талибандын бутасына алынганда Малала 15 жашта эле.
Өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө окуучулар отурган автобуска бир согушкер кирип, ок чыгарганда Малала жана анын эки классташ курбусу да жаракат алган. Малала кол салууда аман калган.
Өлүм алдында жаткан Малала үй-бүлөсү менен Бирмингемге көчүп кетишкен. Кийин ал бул жерди “экинчи үйүм” деп атаган эле. 17 жашында ал Нобелдин Тынчтык сыйлыгын утуп алган эң жаш талапкер болуп калган. Кийин ал Оксфорд университетинде окуп, адам укугу боюнча алдыңкы активистке айланган.
Окууну аяктагандан бери Малала афган качкындарга жакшыраак колдоо көрсөтүүгө чакырып келет. Даректүү тасмаларды тартуу үчүн Apple TV+ менен келишим түзүп, Британиянын Vogue журналынын башкы бетине чыккан. Мунун баарын ал кыздардын билим алуусун жакшыртуу багытында алып барган иштери менен кошо жүргүзгөн.

Сүрөттүн булагы, MALIN FEZEHAI
Мыйзам жактан корголгон келишим болбосо да нике салтанаты ислам үйлөнүү салтындагы биринчи кадам.
Өзүнчө салтанат дагы көбүнчөсү тар чөйрөдө өткөрүлүп келет, активист өз алдынча жарандык салтанат өтүп-өтпөгөнүнү жөнүндө эч нерсе айткан жок.
Малала турмуш куруунун айланасында кооптонгонун айтканы бар.
Vogue журналына июль айында курган маегинде ал төмөнкүчө билдирген:
“Адамдар эмнеге үй-бүлөлүү болушу керек экенин дале түшүнбөйм. Эгерде жашооңдо бир адамдын болушун кааласаң, эмнеге үйлөнүү жөнүндө кагаздарга кол коюшуң керек, эмнеге ал жөн эле өнөктөштүк боло албайт?”
“Апам болсо “Экинчи антип айтпагын! Турмушка чыгышың керек, күйөөгө чыгуу сонун” деген эле”.
Салтанат жөнүндөгү жаңылыктар социалдык тармакта он миңдеген күйөрмандарды кубантып, миңдеген адамдар түгөйлөргө жакшы каалоо-тилектерин айтышкан. (EA)











