Малала Юсуфзай биринчи жолу Пакистанга кайтып келди

Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган эң жаш адам - Малала Юсуфзай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган эң жаш адам - Малала Юсуфзай

Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган эң жаш адам, Малала Юсуфзай беш жыл мурун талиптердин огунан жаракат алгандан кийин биринчи жолу Пакистанга кайтып келди.

Кыздардын билим алуу укугун коргогон Малала Юсуфзай дүйнөдөгү эң таанымал инсандардын бири, кыздардын билим алуу укугунун "символуна" айланган.

Малала Юсуфзай бейшемби күнү таңга маал ата-энеси менен Исламабад аэропортуна конду.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Адам укуктарын коргогон жаш активист Пакистанда төрт күн болот. Бүгүн өлкөнүн премьер-министри менен жоолугат.

Малала Юсуфзай 15 жашында, Пакистандын түндүк-батышында мектептен үйүнө келе жатканда талип согушкерлер ага кол салган. Малаланын башына ок тийип ооруканага жеткирилген. Кийин Британияда дагы даарыланган.

Бирмингэмдеги ооруканага Малаланын жанында болууга атасы Зияуддин, апасы Туурпекай жана инилери Кушал, Атул да келишкен

Сүрөттүн булагы, UNIVERSITY HOSPITALS BIRMINGHAM

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бирмингэмдеги ооруканага Малаланын жанында болууга атасы Зияуддин, апасы Туурпекай жана инилери Кушал, Атул да келишкен

Бул окуя Пакистан коомчулугунда чоң кыжырданууну жараткан.

Малала 2009-жылдан баштап, талиптердин бийлиги алдындагы жашоо-турмуш туралуу Би-Би-Синин урду тилиндеги сайтында блог жаза баштагандан кийин аты таанылган. Ал кезде Сват өрөөнүн Талибан кыймылы көзөмөлдөп турган. Көп өтпөй, Пакистан бийлиги бул аймакты өкмөттүн карамагына кайтарып алган болчу.

Нобель сыйлыгынын ээси, мусулман кыздарынын билим алуу укугу үчүн күрөшүп келген Малала Юсуфзай БУУнун тарыхындагы эң жаш элчи дагы аталган.

"Өзгөрүү өзүбүздөн башталат жана аны азыртан башташыбыз керек. Эгерде жаркын келечекти кааласаңар, кимдир бирөөдөн күтпөй азыртан өзүңөр эмгектенип баштагыла", -деп Малала Юсуфзай жаш кыздарга кеңеш берген.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш "дүйнөдөгү эң маанилүү нерсе -бул баардыгы үчүн билим алуу" экенин айтып, Малаланы мунун "символу" деп атаган.

Малала Юсуфзайдын өлкөгө кайтып келгенине жергиликтүүлөр абдан кубанды. Малаланын окуясынан кийин Пакистанда кыз-келиндерге карата зордук-зомбулуктун деңгээли кыйла азайганы маалымдалууда.