Малала: Билим аркылуу гана күчтүү боло алам

Малала Юсуфзай
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Малала Юсуфзай

Кезегинде пакистандагы талибдердин огунан жаракат алган 16 жашар Малала Юсуфзай тынчтыкка жетишүүнүн жападан жалгыз жолу талибдер менен диалогго баруу деп билдирди. Ал башына ок жегенден берки биринчи интервьюсунда талибдер менен сүйлөшүү туура багыт болоорун айтып, келечек муунга билим берүү менен гана Афганстан менен Пакистандагы экстремизди токтотууга болоорун айтты.

Мындан бир жыл мурда мектеп автобусунда келаткан Малаланы талибандар башка аткан болчу. Ал ооруканада бир ай жатып, бир канча операцияларды башынан өткөргөн. Кыздардын билим алууга болгон укугун көтөрүп чыккан кыздын бутага алынышы Пакистанда жана дүйнө боюнча нааразылыктарды жараткан.

Эми Британиядагы жашап жаткан Малала Би-Би-Сиге маек куруп, террорчулукка каршы күрөшүп, тынчтыкка жетишүүнүн жолу диалог деп белгиледи:

“Талибдер эмнени каалап жатканын бизге айтышы керек. Адамдардын өмүрүнө кол салып, мектептерди жардыруу толугу менен исламга каршы келет. Дин тынчтыкты жана биримдикти даңазалайт”.

Мындан тышкары Малала өзүнө жасалган чабуул тууралуу алгач ирет сүйлөп, мектептин автобусу адаттагыдан бош болгонун айтып, куралчан адам кантип ок ачканын сүрөттөп берди.

Июль айында Бириккен Улуттар Уюмунда сөз сүйлөгөн 16 жаштагы бул кыз Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыктуу делгендердин бири. Ал Пакистанга кайтып, саясатка киришүү ниетин билдирди. Ошондой эле Пакистанда мектепке барбаган 25 миллион балдардын акысыз билим алышына күчүн жумшаарын айтты.

“Мен Пакистанга кайтып баргым келет. Бирок ага чейин мен күчтүү адам болушум керек. Күчтүү болуунун жолу – бул билим. Мен колумдан келишинче көп окуп, университетке, колледжге барам. Буйурса, өзүмө күч топтогондон кийин гана Пакистанга барам”,-деди Малала.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.