100 айым: дүйнөнүн жарымы сүйлөйт!
Кыздар бойго жетип өз алдынча кадам жасаганда турмуш аны кайда жетелейт? Ал өзү сыяктуу чоңойгон эркек балдардай эле мүмкүнчүлүктөргө ээ болобу же турмуштук жолу татаалыракпы?
Дүйнөдө аялдар шайлоого катышууга укук алгандан бери 100 жыл өтсө да коомдо дале эркектердин үстөмдүгү күч.
Миллиондогон кыздар Батышдагы курбалдаштары карьера жөнүндө ойлонуп жатканда мектепти бүтүрө албай, жашы жете электе көз жарып жатат.
Ошол эле учурда дүйнөдө аялдар үчүн жакшы шарттар да түзүлө баштады. Алар көбүрөөк билимге тартылган сайын энелердин ден-соолугу жакшырууда. Айлыктары көтөрүлүп, аялдар жогорку кызматтарга аралашууда.
Би-Би-Си бүгүндөн тарта “100 айым” аттуу глобалдык өнөктүгүн баштап жатат. Биз ХХI кылымдагы аялдардын жашоосу, күн сайын туш болгон кыйынчылыктары жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылабыз. Октябрь бою бул өнөктүк аркылуу биз жашаган дүйнөгө анын жарымын түзгөн аялдардын көзү менен карамакчыбыз.
Сиз да үн кошуңуз!
Сиздин оюңузча, бул талкууда Кыргызстандагы аялдардын негизги кайсы көйгөйлөрүн көтөрүп чыкса болот? Өз ой-пикириңизди баракчанын алдындагы форманы толтуруп жөнөтүңүз.
- Кыргызстанда аялдардын жашоосу жакшы жакка өзгөрө алдыбы?
- Аялдар саясат жана бизнесте маанилүү ролду ойной алабы? Аларга эмне тоскоол болуп жатат?
- Эне жана жубай болуу айымдардын карьерасына канчалык таасирин тийгизет?
- Дин аялдарга жардам береби же укуктарына шек келтирген учурлар барбы?
- Аялдардын көз караштары маалымат каражаттарында жетиштүү чагылдырылып жатабы?
Бул суроолор боюнча сизден пикирлерди, өзүңүз туш болгон окуялардын таржымалын күтөбүз.
Би-Би-Сидеги бул саамалык 25-октябрда Лондондогу Би-Би-Синин башкы кеңсесиндеги конференция менен жыйынтыкталат. Конференцияга дүйнөнүн булуң-бурчтарындагы аялдар чогулат.









