АКШ Украинага ATACMS куралын берди. Фронтто кырдаал өзгөрөбү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Павел Аксенов, Би-Би-Си
Өткөн жайдан бери украин бийликтери АКШдан сурап жаткан алыскы аралыкка жетүүчү ATACMS ракеталарын украин армиясы колдонгонун Владимир Зеленский ырастады. Би-Би-Си бул ракеталар тууралуу эмнелер белгилүү экенин жана алар фронттогу кырдаалды өзгөртө алабы же жокпу, айтып берет.
“АКШга өзгөчө ыраазчылык. Президент Байден менен биздин келишимдер абдан так аткарылууда – “атакамстар мыктылыгын далилдеди”, - деп билдирди Украинанын президенти видео кайрылуусунда.
Буга чейин Украинанын атайын операциялык күчтөрү убактылуу оккупацияланган Бердянск жана Луганск шаарларындагы аэродромдордо орус аскерлеринин техникасына чабуул болгонун, анын натыйжасында орустардын ар кандай модификациядагы тогуз тик учагы, атайын техникасы, абадан коргонуу системасы, ок-дарылар кампасы талкаланганын, учуп-конуу аянтчалары бузулганын билдирген.
Орусия тараптан жоготуулар тууралуу маалымат чыккан жок, бирок орустардын аскердик телеграм каналдары оор жоготуулар жөнүндө жазып, түнкү соккуну орус – украин согушундагы “эң олуттуу окуялардын бири” деп атады.
Wall Street Journal (WSJ) басылмасынын маалыматына караганда, бул сокку үчүн Украина биринчи жолу Америкада жасалган MGM-140 ATACMS оперативдүү-тактикалык ракеталарын колдонгон. Ал ракеталар түрүнө жараша 165 км же 300 кмге чейин учат.
WSJ маалымат булактарына шилтеме жасап, Украинага аз сандагы ракеталар жашыруун жөнөтүлгөнүн билдирди. Так саны канча экени белгисиз.
Ракетанын "кыска" түрү?
Орус телеграм каналдарында Бердянск аэродромуна сокку урулгун жерден табылган ракета сыныктары жана ракетанын жарылбай калган бөлүкчөлөрүнүн сүрөттөрү пайда болду. Бул сүрөттөрдүн аныктыгы азырынча тастыктала элек.
Ал бөлүкчөлөдү кассеталык бомбалар десек болот – ракета, бомба же снаряд жарылганда ичинен чачырай турган майда бомбалар же болүкчөлөр. Алар кыйроо чөлкөмүн кеңейтет.
Сүрөттөрдүн биринде кластердик дүрмөттүү MGM-140 ракетасында колдонулуучу M74 чакан бомбасына окшогон кичинекей объект көрсөтүлгөн.
Дагы бир сүрөттө ракетанын эң биринчи сериясына - MGM-140A (M39) таандык жана 1996-жылдын октябрында чыгарылган белгилери бар ракетанын бир бөлүгү көрсөтүлгөн. Сүрөт анык болсо, анда бул 165 километрге чейин уча алган, бирок күчтүүрөөк дүрмөттү алып жүргөн ракета.
Бул ракеталардын кийинки моделдери 300 километрге чейин жетет, бирок алардын кубаттуулугу азыраак.
Пентагондун сайты АКШнын Коргоо министрлиги ракеталардын алгачкы версиясын модернизациялоо программасын иштеп чыкканын, анын жүрүшүндө, алардын сокку уруу аралыгы 300 километрге чейин көбөйөрүн билдирди. Бирок канча M39 ракетасы жаңыртылганы белгисиз.
ATACMS ракетасынын түрлөрү

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украина 2022-жылдан бери АТАКМС оперативдүү-тактикалык ракеталарын алгысы келген, бирок АКШ Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын аймагына сокку урат деп чочулаган, анткени бул Вашингтон менен Москванын мамилесин бир топ курчутушу мүмкүн.
Анын ордуна, Украина 90 километрге чейинки аралыктагы буталарды атууга жөндөмдүү GMLRS ракеталары бар M142 HIMARS жана M270 MLRS сыяктуу бир нече ракеталык системаларын ала баштады. Ушул эле ракета атуучу системалар ATACMS ракеталарын да учура алат.
MGM-140 - ракеталардын тобу, алар фугастык дүрмөт же кластердик дүрмөт менен жабдылышы мүмкүн. Экөө тең ачык мейкиндикте начар корголгон буталарды, мисалы, аэродромдогу учактар же тик учактар, артиллериялык позициялар, абадан коргонуу системалары, кампалар жана адамдар көп чогулган жерлерге сокку уруу үчүн ылайыктуу.
MGM-140 ракетасынын алгачкы версиясы эки вариантта чыгарылган - MGM-140A же M39 165 километрге гана жете алат, бирок анын ичинде 950 бөлүкчөсү бар. MGM-140B же M39A1 узак аралыкка жете турган версиясы 300 километрге чейин жетет, бирок ичинде 300 гана бөлүкчөнү алып жүрө алат.
Кийинчерээк, Америка Кошмо Штаттары күчтүү, бирок өтө алыс кетпеген ракетадан баш тартып, MGM-140ты өнүктүрүп, анын тактыгын жогорулатууга багыт алды.
MGM-140 ракеталары Украинанын куралдуу күчтөрү буга чейин колдонгон куралдарга салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ.
Биринчиден, бул учуу аралыгы. MGM-140тын учуу аралыгы 300 эмес, 165 километр, бирок ал баары бир конфликттин эки тарабы тең колдонгон "Точка У" оперативдүү-тактикалык ракеталарынан алыс учат. ATACMS ракеталары GMLRS ракеталарына караганда узак аралыкка жетет жана 90 километрге чейинки буталарга сокку урууга жөндөмдүү.
Экинчиден, боеголовканын күчү. Ракетанын мурунку версиясынын боеголовкасы оор, демек ал бутага дагы эффективдүү сокку ура алат.
Кемчилиги – так сокку уруусу салыштырмалуу төмөн. Ракетанын эң алгачкы версиясы инерциялык навигация системасы менен жабдылган, ал бутасынан 250 метрге четтеп кетүүсү ыктымал.
Бирок, мындай ракетанын күчтүү дүрмөтүн жана ал сокку урчу буталарды эске алганда, мындай тактык чоң көйгөй эмес.
Инерциялык навигация системасы электрондук согуш системаларына каршы чараларга туруктуу келет. Электрондук системага каршы чаралар, адатта, ракетаны башкарып жаткан радиосигналга же навигациялык спутниктен келген сигналга таасир этет. Инерциялык система радиобайланышты колдонбойт, андыктан ага таасир этүү бир топ кыйын.
ATACMS эмнени өзгөртө алат?
Украина 2022-жылы АКШдан жогорку тактыктагы GMLRS ракеталары менен HIMARS системаларын алганда, алар белгилүү бир тактиканын алкагында колдонула баштаган. Украинанын куралдуу күчтөрү аскердик кампаларды ракеталар менен аткылап, фронттогу бөлүктөрдү, биринчи кезекте артиллериялык бөлүктөрдү камсыздоону үзгүлтүккө учуратты.
Бул логистиканы абдан татаалдаштырды, анткени орус тылындагы кызматкерлер алдыңкы линиядан алыс жайгашкан көп сандагы майда кампалардын системасын жасап, камсыздоо системасын кайра курууга аргасыз болушкан. Бул жүк ташуучу унаалардын, персоналдын жана башка нерселердин санын көбөйтүүнү талап кылды.
Украинанын Куралдуу Күчтөрү буга аз сандагы аткыч системалар менен жетише алган.
Мындай ийгиликке алып келген негизги фактор соккулардын ырааттуулугу жана белгилүү бир буталарга концентрация жасоо болду.
Демек, Украина согуштун жүрүшүн өзгөртө ала турган кандайдыр бир керемет куралга ээ болду деп айтууга болбойт. Авиациянын буталарына бир-эки жолу сокку уруу кырдаалды өзгөртпөйт. Бул белгилүү бир маани менен байланышкан буталарга ырааттуу сокку уруу менен гана ишке ашат.
ATACMS ракетасынын мүнөздөмөлөрү бекемделген буталарга сокку урууга шарт түзүшү күмөн: Украина ракетанын узак аралыкка учуучу версиясын алып, аны Крым көпүрөсүнө атса да, анын кассеталык же фугастык бөлүгү чоң бетон конструкцияларына зыян келтире албайт.
Андыктан, Украинанын куралдуу күчтөрү мындай ракеталар менен ачык мейкиндиктеги ири, бирок начар корголгон буталарды атууга аракет кылышы ыктымал. Мисалы, абадан коргонуу же артиллериялык позицияларга, аэродромдорго, кампаларга же аскердик топторго сокку урушу мүмкүн.
Россияда баллистикалык ракеталар менен күрөшүүгө жөндөмдүү абадан коргонуу системалары бар. Мисалы, С-400. Бирок, алар ушул кезге чейин мындай ракеталарды кезиктире элек болчу, андыктан орустарга жаңы коркунучтарды эске алуу менен коргонууну башкача уюштурууга туура келет.
Украина канча ракета алаары белгисиз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирдиктүү соккулар
ATACMSтан тышкары, Украина жакынкы келечекте башка ок-дарыларды - 150 километрге чейинки аралыкка жетчү Жерден учурулчу чакан диаметрдеги бомбаларды (GLSDB) алганы жатат.
Ал M26 ракета бөлүгүн колдонуу менен жерден учуруу үчүн өзгөртүлгөн GBU-39 аттуу жогорку тактыктагы бомба. Ал ATACMS ракеталарын учура ала турган, украиндер учурда колдонуп жаткан M270 MLRS жана M142 HIMARS системалары үчүн иштелип чыккан.
GLSDB бомбасы ATACMS ракетаcынан айырмаланат. Биринчиден, алардын боеголовкасы бекемделген буталарды жок кылууга багытталган (бомба темир-бетонго бир метрге чейин кире алат). Алар бутага багыттоодо спутниктик навигация системасын колдонушат.
Мындан тышкары, ал салыштырмалуу арзан курал болуп саналат - GLSDB буга чейин иштетилип келген ок-дарылардын негизинде өндүрүлгөн, алардын запастары кыйла көп.
Башка курал-жарактарды - Storm Shadow канаттуу ракеталарын (SCALP) же Украина колдонуп келген AGM-88 HARM антирадарлык аба ракеталарын эске алганда, Украинанын Куралдуу Күчтөрү бир куралдын экинчисинен айырмаланган тобу менен бирдиктүү соккуларды жасашы мүмкүн. Мындай чабуулдардын мизин кайтаруу кыйыныраак болот.
Орусия буга чейин бирдиктүү соккуларды колдонуп, мисалы, Украинаны канаттуу ракеталар жана дрондор менен аткылоодо. Канаттуу жана баллистикалык ракеталарды камтыган чабуулдардын мизин кайтаруу андан да кыйын. (DO)












