Мянма: Шахтадагы кырсыкта 100дөй киши дайынсыз болууда

Сүрөттүн булагы, EPA
Мянмадагы нефрит шахтасын жер көчкү басып калып 100дөй адамдын дайыны чыкпай жатат.
Куткаруучулар адамдарды ошол жердеги көлдөн издеп жатышат. Кенчилердин көпчүлүгү мыйзамсыз иштеп жатканы айтылууда. Бир кишинин каза тапканы кабарланды.
Жер көчкү шаршемби күнү таңкы саат төрттө (Бишкек убактысы менен 3:30) өлкөнүн түштүгүндөгү Качин штатынын Хпакант аймагында катталган.
Бурма деген аталыш менен да белгилүү Мянма дүйнө жүзү боюнча нефриттин ири запасына ээ. Бирок өлкөдөгү кен шахталарында көптөгөн кырсыктар катталган.
Ачык шахталарга курулуш таштандыларын төгүүнүн натыйжасында жер көчкү келип чыкканы айтылууда.
Кырдуу шагыл кооптуу эңкейиштерди жаратып, дарак жок болгон аймактарда өмүргө коркунуч жаратышы мүмкүн. Жумушчулар өмүрүн тобокелге салып, кооптуу шарттарда баалуу ташты издөөгө мажбур.
Хпакант жана жакынкы Лон Кин жергесинен чогулган 200дөй куткаруучу кырсык болгон жерде жоголгон адамдарды издеп жатышат. Ал жерге жакын жайгашкан көлдө дагы адамдарды издөө үчүн куткаруучулар кайыктар менен жүрүшөт.
“Жаракат алган 25 кишини ооруканага жөнөттүк, каза болгон бирөөнү таптык”, - деди куткаруучулардын бири Ко Ни. Ал 100дөй кишинин дайыны чыкпай жатканын ырастады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Хпакантта нефрит казууга тыюу салынган болсо да тургундар эрежелерге кулак сала беришпейт. Себеби жумушсуздук жана коронавирус пандемиясы начар шарттарды ого беш бетер катаалдаштырып салган.
Февралдагы аскердик төңкөрүштөн кийин бул аймакта казуу иштери күчөп кеткен. Ал эми жер астындагы миналар бул жакта көп кездешет.
Бир нече күн мурун бери эле дегенде 10 үйрөнчүк кенчи дагы Хпаканттагы нефрит блогундагы жер көчкүдө жоголуп кетишкен эле.
2020-жылы Хпакантта кен казуудан чыккан таштанды көлгө урап түшкөндө 160тан ашуун киши - көпчүлүгү мигранттар - эң коркунучтуу кырсыктардын биринде набыт болушкан.
Баалуу таштарды казуу боюнча жаңы мыйзам 2018-жылы кабыл алынган. Бирок сынчылардын айтымында, мыйзамсыз иштегендерди токтотуу үчүн өкмөттөгү инспекторлордун саны өтө аз жана ыйгарым укуктары да чектелген.
Активисттер нефрит соодасын көзөмөлдөп, баалуу таштарды коопсузураак жана жаратылышка азыраак зыяны тийгидей кылып казып алууда тоскоол болгону үчүн армияны, баңгизат ташыгандарды, козголоңчу топторду жана Кытайдын бизнес кызыкчылыктарын күнөөлөп келишет.
Мянманын нефрит соодасы жылына $30 миллиарддан ашары айтылат. Хпакантта болсо дүйнөдөгү эң ири нефрит кени бар. (EA)












