"Аскерлер бийликти элге кайтарып берсин": Мьянмадагы иш таштоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мьянманын ири шаарларындагы борбордук көчөлөр кылкылдаган элге толуп, он миңдеген демонстранттар аскер төңкөрүшүнө каршы көтөрүлдү. Көчө демонстрациялары өлкө боюнча иш таштоо менен коштолууда.
Аскер өкмөтү каршылык жүрүшүнө чыккандар кооптуу жолго түшүп алганын эскертип, алардын аракети кишилей жоготууларга алып келиши мүмкүн деп айтты.
Жекшембидеги наарзылык акциялары учурунда полиция менен кагылышуу болуп, кеминде эки киши каза тапты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Каршылык акцияларынын уюштуруучулары кишилерди кагылышууга түртүүдө",-деп айтылды өлкөдөгү алдыңкы мамлекеттик MRTV телеканалынын жаңылыктар берүүсүндө. Хунта көзөмөлдөгөн ЖМКлар жарандарды башаламандыктан алыс болууга чакырууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Нааразылык жүрүштөрүндө аскер жетекчилерин бийликтен четтетүү жана Аун Сан Су Чжи жана анын "Демократия үчүн улуттук лига" партиясынын жетекчилерин бошотуу талаптары айтылып жатат.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Демонстрациялар өлкөнүн ири шаарларын кучагына алды.Коомдук сайттардагы сүрөттөрдөн улам ага өтө көп сандагы кишилер тартылганын болжоого болот.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Frontier басылмасынын редактору Томпсон Чау учурдагы нааразылык жүрүштөрүнө көп сандагы кишилер тартылып, чоң жолдор бөгөлүп, дүкөндөр иштебей калганын айтып берди. Чау Би-Би-Сиге комментарий берип жатып, мамлекеттик сектордо иштегендер дагы демонстрацияга аралашып кеткенин кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Толкундоолорду 1988-жылдын августундагы окуяларга салыштырып жатышат. Ал өлкө тарыхындагы эң кандуу окуялардын бири болуп калган. Анда аскерлер тарабынан жүздөгөн демонстранттар атылган.
1-февралда Мьянманын аскер жетекчилери парламенттин биринчи жыйынын үзгүлтүккө учуратып, бир нече бийлик өкүлүн камакка алды. Аскерлердин күчү менен бийликти ээлеп, кечки саат 8ден тартып, таңы 4кө чейин ири шаарларга коменданттык саат киргизди. Ал бир жылдык мөөнөткө киргени айтылды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Армиянын кол башчысы генерал Мин Аун Хлаин мамлекет башчынын жоопкерчилигин алганын жарыялады. Ал өзүнүн аракеттерин актап, шайлоодө бурмалоо болгонун билдирген. Шайлоону Аун Сан Сунун "Демократия үчүн улуттук лигасы" утуп чыккан эле.
Мьянма аскер режими менен 1962-жылдан 2011-жылга чейин башкарылып келди. 1988-жылы каршылык акциясын күч менен таратуу аракетинен 3 миңдей киши каза тапкан. 2007-жылы 30 кишинин өмүрү кыйылган.












