Мьянмадагы каршылык: полиция ок атуучу курал колдонду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өлкөнүн экинчи ири калаасы Мандалайдагы каршылык жүрүштөрүн таратуу маалында эки киши каза таап, кеминде жыйырма киши жаракат алды.
Ишембиде каршылык жүрүштөрү өлкөнүн бир нече аймагында өттү. Алар камакка алынган өлкө лидери Аун Сан Су Чжини бошотууну талап кылууда. Айрым митингчилер полицияга таш ыргытканда, алар көз ачыштырган газ, ок атуучу курал менен жооп кылды. Полиция согуштук ок колдонгону белгилүү болду. Демонстранттардын бири башына, экинчиси көкүрөгүнө ок жеп каза тапкан деп кабарлады ыктыярчы дарыгерлер. Полиция эч кандай маалымат бере элек.

Сүрөттүн булагы, Empics
Ишембиде Янгондо 9-февралдагы демонстрация учурунда каза тапкан 20 жаштагы кызды жерге беришти. Ал февралдын башындагы аскер төңкөрүшүнөн кийинки каршылык жүрүштөрүнүн биринчи курмандыгы болгон эле. Мья Тхве Тхве Хайинг башынан жаракат алып, 9-февралда оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Баш калаа Нейпьидодо митингди таратуу маалында курал колдонулуп, ок анын башына тийгени белгилүү болду. Ысымын атагысы келбеген дарыгер Human Rights Watch уюмуна мындай жаракат ок атуучу курал колдонулганын ырастап турат деп билдирген. Мья Тхве Тхве Хайинг бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай жатып 19-февралда көз жумду.
Мьянмада февралдын башынан тарта каршылык акциялары өтүп, төңкөрүш аркылуу бийликти ээлеп алган аскер жетекчилерине нааразылыктар айтылууда. Ошондой эле өлкөнүн лидери катары таанылган Аун Сан Су Чжинин камакка алынышы акцияларга түрткү болду.
Коменданттык саатка жана топтошуп чогулууга болбойт деген талапка карабай, баш калаа Нейпьидодо жана ири шаарлар Янгона менен Мандалайда он миңдеген кишилер демонстрацияга чыгып жатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Алар жаш кызды атып салышы мүмкүн, бирок элдин үмүтүн жана чечкиндүүлүгүн тартып алууга кудуретсиз",-деди БУУнун Мьянма боюнча атайын докладчысы Том Эндрюс.
"Кол куушуруп олтурган болбойт. Тынчтык митингисинин жүрүшүндө кан төгүлдү. Эгерде биз аларга өлкөнү басып алууга мүмкүнчүлүк берсек, дагы көп кан төгүлөт",-деген Рейтерге каршылык жүрүшүнүн лидерлеринин бири Эстер Зе Нав.
Төңкөрүш

Сүрөттүн булагы, Reuters
1-февралда Мьянманын аскер жетекчилери парламенттин биринчи жыйынын үзгүлтүккө учуратып, бир нече бийлик өкүлүн камакка алды. Аскерлердин күчү менен бийликти ээлеп, кечки саат 8ден тартып, таңы 4кө чейин ири шаарларга коменданттык саат киргизди. Ал бир жылдык мөөнөткө киргени айтылды.
Армиянын кол башчысы генерал Мин Аун Хлаин мамлекет башчынын жоопкерчилигин алганын жарыялады. Ал өзүнүн аракеттерин актап, шайлоодө бурмалоо болгонун билдирген. Шайлоону Аун Сан Сунун "Демократия үчүн улуттук лигасы" утуп чыккан эле.
Мьянма аскер режими менен 1962-жылдан 2011-жылга чейин башкарылып келди. 1988-жылы каршылык акциясын күч менен таратуу аракетинен 3 миңдей киши каза тапкан. 2007-жылы 30 кишинин өмүрү кыйылды.
Мьянмадагы окуялар

Сүрөттүн булагы, Reuters
Myanmar Now басылмасы өлкөнүн чыгышындагы Кайя штатында 40тай полиция кызматкери "Биз эл менен!", "Диктатураны каалабайбыз!" деген жазууларды көтөрүп, митинг уюштурган. Алардын айрымдары камакка алынган айтылды. Мандалайдагы акциянын жүрүшүндө отуздай киши кармалды.
Аскерлердин көзөмөлүндөгү мамлекеттик телеканалдарда бул акциялар тууралуу бир дагы маалымат көрсөтүлгөн жок.
Ишембиде бийлик интернетке бөгөт коюуга аракет кылып, анысы майнапсыз болду. Айрымдар роуминг колдонуп, чет өлкөлүк операторлор аркылуу видеолорду коомдук сайттарга жарыялай беришти. Жекшембиде интернет кайра иштеп баштаган.
БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши жума күнү Мьянмадагы кырдаалды талкуулоо үчүн чогулат.
Мьянмабы же Бирмабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
54 миллион калкы бар Мьянма экономикалык жактан начар өнүккөн Түштүк Чыгыш Азиядагы мамлекет. Таиланд, Лаос, Бангладеш, Кытай жана Индия менен чектешет. Калкынын басымдуу көпчүлүгү бирман тилинде сүйлөп, буддизмди тутунат.
Өлкө 1948-жылы Британиянын кол алдынан чыгып, эгемендүүлүгүн жарыялаган. 49 жыл жергиликтүү аскер төбөлдөрү бийлик жүргүздү. 1989-жылы өлкөнүн аты Бирмадан Мьянма болуп өзгөртүлгөн. Бир катар өлкөлөр аны мурдагы эле аталышында атай берген. Бирок акырындап жаңы аталышы сиңе баштады.
Мьянмага демократияны орнотуу күрөшүнүн символуна айланган Аун Сан Су Чжи 30 жыл күрөш жүргүзүп келген. 1991-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган.
Анын атасы эгемендик үчүн күрөштө ысымы белгилүү болгон саясатчы эле. Аун Сан Су 15 жылга жакын камакта отуруп, 2010-жылы эркиндикке чыккан.
Аскер жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, реформаларга жетишүү үчүн алар менен иштөөнү туура көргөн. 2011-жылы генералдар кысымды токтотуп, акырындап демократиялык жолго өтүү тууралуу жарыялайт. Өлкөдөгү шайлоолордун баарында Аун Сан Су Чжинин партиясы утуп келген. Өлкөнүн Баш мыйзамдарындагы чектөөлөрдөн улам ал президент боло алган жок. Мыйзамда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири чет өлкө жараны болсо мамлекет башына келүүгө тыюу салынган. Аун Сан Су Чжинин көзү өтүп кеткен мурунку жолдошу англичан болгондуктан эки баласы Улуу Британия жарандыгында.
Өткөн жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Аун Сан Су Чжинин партиясы добуштардын 80 пайызын алды. Февралдын башында парламент биринчи жыйынга чогулмак. Бирок армия бийликти колуна алып, депутаттардын жыйынга чогулушуна мүмкүндүк берген жок.
Акыркы жылдары бул өлкө рохинжа мусулмандарына карата зомбулук аракеттери үчүн эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Өткөн жылы БУУнун Эл аралык соту Мьянма бийлиги рохинжа мусулмандарын басмырлоону токтотушу керек деген чечим кабыл алганы бар.
2016-жылы октябрда жана 2017-жылы декабрда Мьянманын армиясы этникалык рохинжалар отурукташкан Ракхайн штатында аскердик операция өткөргөн. Бийлик операция бенгалдык жоочуларга каршы өткөн деп айтып келүүдө. Бирок мунун жыйынтыгы менен жүз миңдеген рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке качып өткөн.
Рохинжа кризиси маалында Аун Сан Су Чжи армияны колдоп турду. Эл аралык сот тарабынан геноцид катары таанылган окуяларды ал сындаган эмес.
Ошентип анын эл аралык аброюна доо кетти, ал эми мекенинде буддист калкынын арасында дагы деле колдоосу чоң. Азыркы маалда митингчилер президент Вин Мьинди жана "Демократия үчүн улуттук лигасы" партиясынын лидери Аун Сан Су Чжини, камактагы ондогон саясатчыларды бошотууну талап кылууда. (AbA)











