Мьянмада аскер төңкөрүшү болду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мьянманын бийлигин аскерлер көзөмөлгө алды. 1-февралдын таңында өлкөдөгү башкаруучу "Демократия үчүн улуттук лига" партиясынын жетекчилери кармалды. Мамлекеттик кеңешчи жана иш жүзүндө өлкөнүн лидери болуп келген Аунг Сан Су Чжи менен президент Вин Мьин жана башка партиянын жетекчилиги кармалган.
Өлкөдө бир жылга чукул өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды. Акыркы айларда өлкө бийлиги менен армиянын ортосундагы мамиле курчуп кеткен эле. Аскер жетекчилери ноябрдагы шайлоо тыянагына нааразы болуп, бурмаланган деп сынга алды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн аптада башкы кол башчы Мин Аун Хлаинг эгерде мыйзамдар аткарылбаса, анда конституцияны жокко чыгаруу тууралуу кескин билдирүү жасаган.
Мьянманы 2011-жылдагы демократиялык реформаларга чейин аскер жетекчилери башкарып келген.
Акыркы жылдары бул өлкө рохинжа мусулмандарына карата зомбулук аракеттери үчүн эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Өткөн жылы БУУнун Эл аралык соту Мьянма бийлиги рохинжа мусулмандарын басмырлоону токтотушу керек деген чечим кабыл алганы бар.

Сүрөттүн булагы, Reuters
2016-жылы октябрда жана 2017-жылы декабрда Мьянманын армиясы этникалык рохинжалар отурукташкан Ракхайн штатында аскердик операция өткөргөн. Бийлик операция бенгалдык жоочуларга каршы өткөн деп айтып келүүдө. Бирок мунун жыйынтыгы менен жүз миңдеген рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке качып өткөн.
"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун маалыматы боюнча бул окуяларда рохинжалардан 6700 адам каза тапкан, анын ичинде жети жүздөн ашыгы балдар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2018-жылдагы БУУнун адам укугу боюнча комитетинин докладында Рохинжа мусулмандарына карата массалык кыргын жана геноцид белгилери болгон деп айтылган эле.
Мьянма бийлиги айыптоолорду четке кагып, жоочуларга каршы аскер операциясы болгон деп айтып чыккан. Бангладеш өкмөтүнүн эки жолу Рохинжа мусулмандарын артка - Мьянмага жөнөтүү аракетинен майнап чыккан эмес. Себеби, Рохинжа мусулмандары коркуп, артка барсак кайрадан куугунтукка кабылабыз деп чочулап, баш тартып жатышат. (AbA)










