Мьянмадагы бийликке баш ийбөөчүлүк акциясы

Doctors in Myanmar showing their discontent with the coup, 3 February 2021

Сүрөттүн булагы, MPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үч манжаны көрсөтүү бийликке бийликке баш ийбөөчүлүктү билдирет

Дүйшөмбүдө аскердик төңкөрүш болгон Мьянмада активисттер жарандык баш ийбөөчүлүк акциясын баштады.

Өлкө боюнча 30 шаардагы 70 оорукананын кызматкерлери иш таштады. Эң ири бизнес борбору саналган Янгон шаарында тургундар түндөсү автоунааларын бапылдатып, колуна илинген буюмдарды тарсылдатып, аскер бийлигине нааразылыгын билдирди.

Аскерлер "Улуттук лига" партиясынын камакка алынган саясатчыларын бошото баштады. Аталган партия төңкөрүшкө чейин өлкөнү башкарып келген. Бирок партиянын лидери Аунг Сан Су Чжини бошотушкан эмес. Ал үй камагында кармалып жатат. Ага экспорттук-импорттук эрежелерди бузган деген расмий айып тагылды.

Aung San Suu Kyi attends a meeting on September 1, 2020

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мунун алдында БУУнун Коопсуздук кеңеши Мьянмадагы төңкөрүштө талкулоо үчүн чогула албай калган. Кытай өзүнүн укугун пайдаланып резолюциянын кабыл алынышына каршы болду. Кытай басылмалар коңшу өлкөдө болгон окуяларды "өкмөттөгү орун алмашуулар" деп мүнөздөп жатат.

Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы генерал Мин Аун Хлаин бийликти колго алып, биринчи жыйынын өткөрдү. Төңкөрүштөн качууга мүмкүн болбой калган эле деди ал.

Көпчүлүк жарандар кийимине кызыл тасма байлап алып, бул аркылуу бийликке баш ийбөөчүлүк көрсөтүүдө.

54 миллион калкы бар Мьянма экономикалык жактан начар өнүккөн Түштүк Чыгыш Азиядагы мамлекет.

1962-2011-жылдар аралыгында өлкөнү аскер жетекчилери башкарып, эл аралык санциялардан чыга албай келген. Зомбулуксуз каршылык акциясынын лидери саналган Аун Сан Су Чжи 15 жылга чукул үй камагында кармалды. Ал демократия жана адам укугу үчүн күрөштүн дүйнөлүк символуна айланды. Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон.

2011-жылы генералдар кысымды токтотуп, акырындап демократиялык жолго өтүү тууралуу жарыялайт. Өлкөдөгү шайлоолордун баарында Аун Сан Су Чжинин партиясы утуп келген. Өлкөнүн Баш мыйзамдарындагы чектөөлөрдөн улам ал президент боло алган жок. Мыйзамда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири чет өлкө жараны болсо мамлекет башына келүүгө тыюу салынган. Аун Сан Су Чжинин көзү өтүп кеткен мурунку жолдошу англичан болгондуктан эки баласы Улуу Британия жарандыгында.

Өткөн жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Аун Сан Су Чжинин партиясы добуштардын 80 пайызын алды. Апта башында парламент биринчи жыйынга чогулмак. Бирок армия бийликти колуна алып, депутаттардын жыйынга чогулушуна мүмкүндүк берген жок.

Акыркы жылдары бул өлкө рохинжа мусулмандарына карата зомбулук аракеттери үчүн эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Өткөн жылы БУУнун Эл аралык соту Мьянма бийлиги рохинжа мусулмандарын басмырлоону токтотушу керек деген чечим кабыл алганы бар.

2016-жылы октябрда жана 2017-жылы декабрда Мьянманын армиясы этникалык рохинжалар отурукташкан Ракхайн штатында аскердик операция өткөргөн. Бийлик операция бенгалдык жоочуларга каршы өткөн деп айтып келүүдө. Бирок мунун жыйынтыгы менен жүз миңдеген рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке качып өткөн.

"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун маалыматы боюнча бул окуяларда рохинжалардан 6700 адам каза тапкан, анын ичинде жети жүздөн ашыгы балдар.