Сууну кантип үнөмдөйбүз?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкектеги таза суу тартыштыгы Жогорку Кеңеште бүгүн дагы көтөрүлдү. Депутаттар Дастан Бекешов, Улан Примов жана Максатбек Сарбагышев бул тууралуу шаар мэринин маалымат беришин талап кылышты.
Эртең 8-июнда мэр Эмилбек Абдыкадыров бул тууралуу парламентте баяндама жасаганы жатат.
Соңку айда Бишкектин бир топ аймагында ичүүчү суу тартыш болуп, шаар тургундары кыйналууда. Буга чейин мэрия айрым унаа жуучу жайлардын, мончолордун жана бассейндердин ишмердигин убактылуу токтотууга аргасыз болгон. Анда да маселе чечилбей, эми Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу толугу менен өчүрүлүп жатат.

Сүрөттүн булагы, UNIAN
Бакыт Аскарбеков Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынын тургуну. Суу тартыштыгы ага азыр эле чыга калган көйгөй эмес. Бирок азыр бул маселе кабыргасынан туруп калды. Өзүнүн эле эмес, айылдаштарынын да негизги баш оорусуна айланды.
Бакыт өзү соңку жылдары экологияга зыян келтирбей, энергия, суу, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү колдонуу боюнча жергиликтүү уюмдарда иш алып барат .
Суу тартыштык шартында Бакыт биринчи кезекте өз айылдаштарынын аң-сезимин сууну сыйлоого бурууну көздөп жатат:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Биз көп учурда саркынды сууларды канализацияга кошуп, агызып жиберебиз. Башкысы, үйүбүздөн ары агып кетсе болду дейбиз же болбосо чуңкур казып, агындынын баарын жерге сиңирип салабыз. Чын-чынына келгенде бүгүнкү күнү технологиялар ушунчалык жетишкен. Атайын саркынды сууларды тазалоочу жабдыктар да эчак чыккан. Ошол септиктин ордуна эле ар бир үй-бүлө өзүнө кичинекей тазалоочу жабдыктарды орнотуп койсо дейм. Ал жерден сууну 97-98% чейин тазалап чыгарса болот. Өңү тунук, жытсыз, таза суудан эч кандай айырмаланбайт. Ошол сууну дагы бир чуңкурга тосуп алып, огород, бак-даракты сугарсак болот. Аны үй-тиричилигине техникалык суу кылып колдонсок болот да. Мындайды бүгүн бизде акыл-эстүү адамдар жасап жатышат. Мен азыр айылдаштарым менен сүйлөшүп жатам. Айылдаштардын кат кабар алышкан группасына ушундай тазалоочу жабдыкты орнотуу боюнча видео чыгарайын дедим. Себеби азыр бак-дарагыбызды сугарганга суу жок, баары кургап, күйүп атат. Ал эми биздин таза суубуз жөн эле канализацияга агып же кум-шагылга сиңип кетип жатат”.

Сүрөттүн булагы, Official
Бирок мындай суу тазалоочу жабдыктар баарына эле жеткиликтүү эмес. Мисалы, сегиз кишилик бир үй-бүлөө үчүн суу тазалоочу чакан курулушка бери дегенде 3 миң доллар кетиши мүмкүн.
“Бирок эми бул кымбат дегенде кандай, мисалы азыр жер үйдө жашагандардын көпчүлүгүндө канализация жок, септик койдуруп атышпайбы. Аны убактысы келгенде сордуруш керек дегендей, бир жагынан жердин астындагы сууну да булгап жатышат. Толуп калса, кайра жаңы септик жасаш керек болот. Ал эми муну бир жолу орнотосуз, такай таза суу чыга берет. Аны огород же башка муктаждыктарга техникалык суу катары колдоно берсеңер болот”, - дейт Юнисон Групптун эксперти Бакыт Аскарбеков.
Эксперт мындай ыкма менен таза суунун коромжусун 1,5 эсеге азайтса болорун баса белгилеп жатат.
Бишкектеги суу кризиси
Кыргызстандын борборунда быйыл мурда болуп көрбөгөндөй таза суу тартыштыгы келип чыкты. Бишкек шаарынын чет-жакасында таза суу маал-маалы менен өчүрүлүп, бул калаа тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатат.
Шаар калкынын 40% таза суу менен камсыз кылып келген Орто-Алыш суу кампасында суунун көлөмү аз болуп, буга кошумча калаа тургундарынын үй-тиричилигинде сууга болгон муктаждыгы өсүп жатат. Маселе алар чарба жумуштарына таза сууну колдонуп жатканында болууда.
Бул суу ресурсуна болгон ысырап мамиле, дейт Бишкексууканалдын басма сөз катчысы Эрлан Тимуров:
“Бишкекте таза суу менен камсыздоодогу башкы маселе жер алдындагы түтүктөрдүн эскилиги жеткенинде. Экинчиси, шаар тургундары жана коноктору сууну аябайт, коромжу кылып колдонот. Айрыкча жеке сектордо жашагандардын таза сууну бак-шагын сугарып, машинесин, короосун жууганынан улам ушундай маселе чыгып атат. Таза сууну ичүү үчүн гана пайдалануу керектигин суранабыз”.

Сүрөттүн булагы, Official
Буга чейин ишкана шаар ичи рейд кылып, унаа жуучу айрым жайлардын жана мончолордун ишмердигине чек койду.
Бишкексууканал сууну үнөмдөөнү күнүмдүк жашоодогу кичине аракеттерден баштаса болот дейт. Мисалы, идиш, тишти жууп атканда сууну шар агызбоо керек. Үйүңүздө же короодо суу агып жаткан болсо, аны тезинен өчүрүү кеңеши берилип атат. Чарбаларды сугарууну түнкүсүн гана жүргүзүүгө уруксат.
Саркынды сууну кайра иштетүү демилгеси
Ушу тапта борбордо 270,300 миң суу абонент бар, соңку бир жылда эле алардын саны 7% өстү. Шаар калкы көбөйүп, СССРдин тушунда салынган суу инфраструктурасынын шаар тургундарын тейлөөгө чамасы жетпей баратат.
Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэриядан таза сууну үнөмдөө боюнча саркынды сууну кайра иштетүү сунуштарын беришкен. Бирок калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров азыр андай масштабдуу инфраструктурага каражат жетишсиз экенин айтып, мындай жаңы технологияны шаарга адаптациялоо үчүн кеминде 1 миллиард доллар керек экенин айткан.
Азырынча шаар бийлиги суу бөлүштүрүнүү оптималдаштыруу жана жаңы скважиналарды ишке киргизүүдөн башка бул маселени чечүүнүн инновациялык жолдорун сунуштай элек.
Ал тапта Кыргызстанда соңку жылдары жеке бизнесте сууну үнөмдөө боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылып келет. Алардын бири Taza Bio Systems ишканасынын директору Марат Жаанбаев Кыргызстанда таза сууга сый мамиле жок экенин айтат:
“Бул технологияларды Европада окуп жүргөндө үйрөнүп келгем. Алардын сууга болгон мамилеси мени таң калтырды. Биз кыргыздар “сууну башында турабыз”, “сууга байбыз” дейбиз. Бирок биздин сууга болгон сый мамилебиз менин оюмча көрүнбөйт. Европадан атайын технологияны Кыргызстанга алып келип акча табыш үчүн эмес, аң-сезимибиз өзгөрсүн деген мамиледе алып келдим. Биздин система 200 чакты адамдын агынды суусун тазалаганга кудурети жетет. Суу 99% тазаланат. Аны экиге бөлөбүз, жарымы даараткана суусу кылып кайра пайдаланганга кетет, экинчи бөлүгү суу резервуарларына куюлат. Ал жакта балык өстүрүп же башка муктаждыктарга коротсо болот. Бул система Евробиримдик, Россия жана башка жерлерден да стандартташтыруудан өткөн. Айлана-чөйрөгө такыр зыяны жок, тескерисинче тоодогу отелдерге, көлдөгү пансионаттардагы жаратылышты тазалаганга абдан чоң жардам берет. Баары автоматташтырылган”.
Taza Bio Systems сунуштаган жабдыктардын баасы бир жакшы машиненин баасына тете, бул бир караганда кымбат болушу мүмкүн. Бирок аны жардамы менен 200 чакты адамдын күнүмдүк турмушунан чыккан саркынды сууну тазаласа болот.
Кичинеден башта
Би-Би-Си окурмандарга сууну үнөмдөө боюнча кеңеш берүү максатында инженер Айдар Канатбековго кайрылды. Эксперт тиричилик шартында кымбат жабдык сатып алып, акча коротпостон эле сууну үнөмдөөнү эмнеден баштаса болот, аны айтып берди:
“Сууну үнөмдөө боюнча азыр көптөгөн технологиялар бар. Мисалы:
- Чачыраткыч (душевые лейки)
Бул суу чыккан тешикчелери майда чачыраткыч. Жуунуп жатканда суунун көлөмү мурункудай эле көп агып аткандай сезилет, бирок суу 30-40% чейин аз коройт.
- Заманбап чорголор
Алардын көзөнөктөрү да ошондой майда болот. Тешик майда болгондуктан басым менен келген суу атырылып чыгып, аз суу сарпталат.
- Сенсорлуу чорголор
Сууну коромжу кылып агызып алып, ысык, муздагын тууралап олтурбай бул да бир топ сууну үнөмдөйт.
- Саркынды сууну тазалоочу тутум
Бул жабдык абдан популярдуу. Бул колдонулган сууну тазалап, далай ишке жарамдуу кылып берет.
- Тамчылатып, жаадырып сугаруу
Огород, бак-шакты тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сугаруу сууну эселеп үнөмдөйт.
Бишкекте эң эле чоң маселе бул көп үйлөрдө суунун канча колдонулуп жатканын эсептеген эсептегичтер жок. Ошолорду ирээтке келтирсе эле, адамдар сууну үнөмдөй башташат”.
Ошентип буга чейин тонналап таза сууну коротуп келген шаардыктарды эми сууну сарамжал колдонууга үйрөтүү убактысы келген сыяктуу. Анан калса Бишкекте ичүүчү сууга тарифтер да кымбаттап, шаар тургундары үчүн суунун кубометрди 8,1 сомдон 10,45 сомго көтөрүлдү. Бул да болсо элдин суу ресурсуна болгон жоопкерчилигин ойготот деген илгери үмүт бар.












