2026-Кышкы Олимпиада оюндары башталды: маанилүү фактылар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Кэти Фолкингем
- Role, BBC Sport кабарчысы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Милан-Кортина 2026-Кышкы Олимпиада оюндары башталды жана Италия "жер жүзүндөгү эң укмуштуу шоуну" өткөрүүгө дээрлик даяр.
90дон ашуун өлкөдөн келген 2 миң 900 спортчу алдыдагы 16 күн бою кар жана муз үстүндө күч сынашмакчы.
Оюндар Италиянын түндүгүндөгү жүздөгөн чакырымга созулган аймактарда жүрмөкчү. Оюндар саркечтиктин борбору Миландан тартып, кооз Кортина-д'Ампеццого чейин, коңшу Доломит регионундагы Предаццо жана Тезеродо, ошондой эле Альп тоолорундагы Ливиньо жана Бормьо курортторунун аймактарында өтөт.
Төмөндө сиз билип коюуңуз кажет болгон маалыматтарды сунуштайбыз.
Ачылыш аземинде эмне болот?
Айрым мелдештер шаршемби күнү башталганына карабастан, Оюндар расмий түрдө жума күнү Миландагы белгилүү "Сан-Сиро" стадионунда ачылыш аземи менен башталат.
Салтанаттуу иш-чарага көптөгөн атактуулардын катышуусу күтүлүүдө. Алардын арасында "Грэмми" сыйлыгынын бир нече жолку ээси Мэрайя Кэри жана италиялык тенор Андреа Бочелли бар.
Олимпиада өтүүчү жайлар бири-биринен өтө алыс жайгашкандыктан, бардык спортчулардын Миланга келиши мүмкүн эмес. Бирок бул башка аймактардагы спортчулар салтанаттан кур калат дегенди билдирбейт. Экинчи азем өзүнүн олимпиадалык оту бар Кортина шаарында өтөт. Ошондой эле Предаццо жана Ливиньодо дагы кошумча салтанаттар уюштурулат.
Эмнеси жаңы?
2002-жылкы Солт-Лейк-Сити Оюндарынан бери Кышкы Олимпиаданын программасына биринчи жолу спорттун жаңы түрү кошулду. Лыжа-альпинизм (skimo) боюнча мелдештер Бормьо курортунда өтөт жана анда үч комплект медаль ойнотулат: эркектер жана аялдар арасындагы спринт, ошондой эле аралаш эстафета.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондой эле "Милан — Кортина" программасына бир катар жаңы тартиптер кошулду. Мисалы: эркектер жана аялдар арасындагы дуал-могул, чана спорту боюнча жуптук мелдештер, тоо лыжасы боюнча командалык комбинация, аялдар арасындагы чоң трамплинден секирүү жана скелетон боюнча аралаш эстафета.
2019-жылы Милан менен Кортина оюндар өтүүчү шаарлар катары тандалып алынган. Аталган калааларда даяр спорттук объектилер бар болгонуна карабастан, хоккей жана башка муз үстүндөгү спорт түрлөрү үчүн жаңы жайлар курулду. Оюндар башталышына бир жыл калганда, Кортинадагы "Слайдинг" борбору жүз жылдык трассанын негизинде кайра курулуп, ага кеткен чыгым 72 миллион фунттан ашты.
Бирок Миландагы "Santagiulia" хоккей аренасы Оюндарга чейин толук бүтпөй калды. Жекшемби күнү уюштуруучулар аталган стадион бейшембидеги биринчи оюнга толук даяр болбой турганын, бирок бардык пландалган матчтар белгиленген жерде өтөрүнө "толугу менен ишенишерин" билдиришти.
11 800 орундуу стадиондун курулушу кечеңдөө жана талаш-тартыштар менен коштолду. Ал тургай, Улуттук хоккей лигасы (NHL) мелдештерге бойкот жарыялоо мүмкүндүгүн да эскерткен. Эл аралык хоккей федерациясы бекиткен Миландагы муз аянты NHL талап кылгандан кичирээк болуп калганы айтылууда. Бул жогорку ылдамдыктагы спортчулардын кагылышуусун көбөйтөт деген кооптонууну жаратты. Ошондой эле муздун сапаты да сынга кабылды.
Олимпиаданын беделине дагы бир сокку урулду: дүйшөмбү күнү италиялык биатлончу Ребекка Пасселер допинг тестинен өтпөй калып, Оюндардан четтетилди.
Орусиялык жана беларусиялык спортчулар Оюндарга катышабы?
Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан бери орус жана беларус спортчулары спорттун көптөгөн түрлөрүнөн четтетилген. Сентябрда Эл аралык Олимпиада комитети аталган эки өлкөнүн спортчуларына катаал шарттарды коюп, бейтарап туу астында (башка өлкөнүн желеги жок) катышууга уруксат берерин билдирген.
Анын негизги шарттарына спортчулардын согушту активдүү колдобошу жана аскердик түзүмдөр менен келишиминин жоктугу кирген. Жалпысынан "Милан — Кортина" оюндарында спорттун сегиз түрү боюнча Орусия менен Беларустан 20 спортчу "жеке бейтарап спортчу" (AIN) макамында катышат.
Бирок BBC Sport тапкан далилдерге ылайык, Оюндарга катышууга уруксат берилген 13 орус спортчунун төртөөсүнүн Украинадагы согушту колдогон иш-аракеттерге байланышы бар экени аныкталган. Азырынча ал спортчулардын бири дагы Би-Би-Сиге комментарий бере элек.
































