Би-Би-Си Кыргыз кызматы окурмандарын жаңы жылы менен куттуктайт. 2024-жылы бизди окуган, көргөн жана уккан катталуучуларыбыздын баарына ыраазычылык айтабыз.
Жаңы 2025-жылды планетадагы эл кантип тосуп алганын сиздерге сунуштайбыз.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондон жаңы жылды чоң фейерверк менен тосуп алды. London Eye жанында 12 мүнөттүк фейерверк атылып, музыка жана шоу уюштурулду
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуу Британия убактысынан үч саат өткөндөн кийин Түштүк Америкада жыл жаңырды. Рио-де-Жанейродо атактуу Копакабана пляжында түстүү фейерверк атылды
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы жылды планетада биринчилерден болуп Тынч океандагы Кирибати архипелагынын бир бөлүгү болгон атоллдун жашоочулары белгилешет. Сиднейде жыл сайын чоң масштабдагы фейерверк атылып, шоу өтөт
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сиднейдин атактуу фейерверктерин көрүү үчүн миңдеген адам аптаптуу күндүн алдында сааттар бою күтүшөт (учурда Сиднейде жай мезгили)
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын башчысы Си Цзиньпиндин жаңы жылдык кайрылуусу Пекиндин тургундарына чоң экрандардан көрсөтүлдү
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын Нанкин шаары жаңы жылды дрон шоу менен тосуп алууда
Сүрөттүн булагы, Reuters
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапондор үчүн ыйык саналган Фудзи тоосунан чыгып келе жаткан күндүн элеси Токио мэриясынын имаратында чагылдырылды
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайвань жаңы жылды Бээжиндин улам күчөгөн кысымы алдында белгилеп жатат
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Кореядагы жаңы жыл жекшембидеги авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү учуруна туш келди. Сеулдун борборундагы Босингак павильонундагы салттуу коңгуроонун үнү бул жолу дээрлик угулган жок
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бангкоктун түндүгүндөгү Накхон-Саван аймагындагы храмда буддист монахтар жаңы жылда сыйынууда
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы жылда Индонезиянын тургундары Бали курорттук аралында ушундай улуттук кийимдерди кийип алып бийлешет
Испанияда жаңы жылда түн ортосунда сааттын же коңгуроонун ар бир соккусу угулган сайын жергиликтүүлөр жүзүмдү бирден жеп турушат. Бул салтка айланган.
Даниянын жашоочуларынын кызыктуу салты бар. Алар жыл бою эски идиш-аяктарды, туткасы түшүп калган чөйчөктөрдү, жараксыз идиштерди чогултуп, жаңы жылда кошунасынын эшигине барып сындырат, ага эч ким кыжырданбайт.
Латын Америка өлкөлөрүндө жаңы жылды ачык, жаркыраган түстөгү ич кийимдер менен тосуу салтка айланган. Сары ич кийим кийгенге келерки жылы байлык келет, кызыл кийгендерге сүйүү келет деп ишенишет.
Филиппиндиктер бул майрамда темир тыйын сыяктуу тегерек буюмдарды алып жүрүшөт. Мисалы, тоголок буюмдарды кийимине тагып алышат, тоголок жүзүм жешет.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бангкоктогу фейерверк
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиянын Мумбай шаарындагы жээкке жаңы жылды майрамдоо үчүн миңдеген киши чогулат
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдөгү эң бийик Бурж Халифа имаратында жаңы жылдык шоу өттү
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын Стамбул шаарындагы белгилүү Истиклал көчөсүнө жаңы жылды майрамдоо үчүн чогулгандар көп болду