БУУнун комиссиясы Израил Газада геноцид жасады деген бүтүмгө келди
Бириккен Улуттар Уюмунун иликтөө комиссиясы Израил Газадагы палестиналыктарга каршы геноцид кылды деп билдирди.
Жаңы баяндамада 2023-жылы Хамас менен согуш башталгандан бери эл аралык укукта аныкталган беш геноциддик акттын төртөө жасалган деген тыянак чыгарууга жүйөлүү негиздер бар экени айтылат.

Ага топтун мүчөлөрүн өлтүрүү, алардын денесине жана психикасына олуттуу зыян келтирүү, топту жок кылуу жана аялдар төрөбөшү үчүн атайын шарттарды түзүү сыяктуу мисалдар келтирилген.
Баяндамада геноциддик ниеттин далили катары Израилдин лидерлеринин билдирүүлөрү жана аскерлеринин жүрүм-туруму белгиленет.
Израилдин тышкы иштер министри, баяндама "бурмаланган жана жалган" деп билдирип, айыптоолорду кескин четке какты.
Израил өкмөтүнүн өкүлү, буга чейин четке кагып келишкен "ХАМАСтын толук жалган, башкалар кайталап келген" маалыматтарына таянып, "ХАМАСтын ишенимдүү адамдары" катары кызмат кылышууда деп комиссиянын үч экспертин айыптады.
"Баяндамадагы калптардан кескин айырмаланып, ХАМАС Израилде геноцид жасоого аракет кылган - 1200 адамды өлтүргөн, аялдарды зордуктаган, үй-бүлөлөрдү тирүүлөй өрттөгөн жана ар бир жөөттү өлтүрүү максатын ачык жарыялаган", - деп кошумчалашты алар.
Израил армиясы 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин түштүгүнө ХАМАС жетектеген болуп көрбөгөндөй кол салууга жооп кылып Газада аскердик операциясын баштаган.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Газа тилкесинин ХАМАС башкарган Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, андан бери Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан бери дегенде 64 905 адам өлтүрүлдү.
Калктын көпчүлүгү да кайра-кайра жер которууга аргасыз болушту. Турак жайлардын 90 пайыздан ашууну зыянга учурады же талкаланды. Саламаттыкты сактоо түзүмү, суу, санитария жана гигиена түзүмдөрү кыйрады. БУУ колдогон азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперттер Газа шаарын ачарчылык тооруганын жарыялашты.
Оккупацияланган Палестина аймагын иликтөө боюнча Көз карандысыз эл аралык комиссияны 2021-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши түзгөн. Кеңеш эл аралык гуманитардык жана адам укуктары боюнча мыйзам бузууларды иликтөө максатында иш алып барат.
Үч адамдан турган эксперттик комиссияны БУУнун адам укуктары боюнча мурдагы башчысы, Руандадагы геноцид боюнча эл аралык трибуналдын президенти болгон түштүк африкалык Нави Пиллай жетектейт.
Комиссиянын соңку баяндамасында израил бийликтери жана күчтөрү 1948-жылкы Геноцид Конвенциясында аныкталган беш геноцид актынын төртөөнү жасаганы айтылат. Алар Газадагы палестиналыктарга карата; улуттук, этникалык, расалык же диний топко каршы геноцид болуп саналат.
- Корголгон объектилерге кол салуу аркылуу топтун мүчөлөрүн өлтүрүү; жарандарды жана башка корголуучу адамдарды бутага алуу; жана өлүмгө алып келүүчү шарттарды атайылап жасоо
- Жайкын тургундарга жана корголгон объектилерге түз сокку жасоо аркылуу топтун мүчөлөрүнүн денесине же психикалык саламаттыгына олуттуу залал келтирүү. Кармалган палестиналыктарга катаал мамиле жасоо; мажбурлап көчүрүү жана турак жайларды талкалоо
- Палестиналыктар үчүн маанилүү болгон курулуштарды жана жерлерди кыйратуу аркылуу топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылууну көздөп, жашоо шарттарын атайылап бузуу; жок кылуу жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуу; мажбурлап көчүрүү; Палестиналыктарга керектүү жардам, суу, электр энергиясы жана күйүүчү майды аймакка киргизбөө; репродуктивдүү зомбулук жана балдарга таасир этүүчү өзгөчө шарттар
- 2023-жылдын декабрында Газадагы эң чоң төрөт үйүн бомбалоо менен израил армиясы төрөттү болтурбоого багытталган чараларды көрүп, 4000ге жакын эмбрионду жана 1000 сперманын үлгүсүн жана уруктанбаган жумурткаларды жок кылган
Геноцид Конвенциясында геноциддин укуктук аныктамасына дал келиши үчүн, ошондой эле кылмышкер ошол аракеттердин кайсынысын болбосун топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылуу максатында жасагандыгы далилдениши тийиш.
Комиссия Израилдин лидерлеринин билдирүүлөрүн талдап, президент Исаак Герцог, премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана мурдагы коргоо министри Йоав Галланттын "геноцид комиссиясына шыкакчы болгон" деп айыптаганын билдирди.
Ал ошондой эле Газадагы израил бийликтеринин жана коопсуздук күчтөрүнүн жүрүм-турумунан тыянак чыгарууга мүмкүн болгон "геноциддик ниет бирден-бир акылга сыярлык жыйынтык болгон" деп айтылат.
Коммиссиянын айтымында, геноцид белгилерине оор ок-дарыларды колдонуу менен өтө көп сандагы палестиналыктарды атайылап адам өлтүрүү жана олуттуу жарадар кылуу, диний, маданий жана билим берүү жайларына системалуу жана кеңири чабуулдарды жасоо, Газаны курчоого алып, палестиналыктарды ачарчылыкка туш кылуу фактылары кирет.
Израил өкмөтү, операциянын максаты - Газанын элин эмес ХАМАСтын мүмкүнчүлүктөрүн кыйратууга гана багытталганын маалымдады. Анда, алардын күчтөрү эл аралык мыйзамдардын алкагында иш алып барып жатышканын жана жайкын тургундарга зыян келбеши үчүн колдон келишинче тийешелүү чараларды көрүп жатканы айтылат. NT








