Жерүй кениндеги кырсыкта бир киши каза болду

Сүрөттүн булагы, Official
Таластагы Жерүй кенинде 27-январда болгон кырсыкта Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын 1975-жылы туулган тургуну каза болду. Анын сөөгү 30-январда жерге берилген. Окуя кендин шахта бөлүгүндө болгон.
"Кырсык болгон жерде төрт киши болгон экен. Жерүйгө вахта менен барып иштеп келчү. Үч эркек, эки кызы бар эле. Сөөгү жума күнү жерге берилди", - деди маркумдун тааныштары БИ-БИ-СИге.
Ошондой эле бул кырсыктан дагы эки адам ооруканага түшкөнү тууралуу кабарланууда.
Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы кенде кырсык болгонун ырастап, каза болгон жана жаракат алгандар жөнүндө маалымат бере элек.
"2026-жылдын 27-январында +3160 горизонтундагы тилкеде "БПК" ЖЧКсынын (подрядчы ишкана) кызматкерлери бекемдөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда тоо массасынын катмары көчүп кеткен. Окуя болгон учурда аймакта жер астындагы курулуш иштерин аткарып жаткан башкы подрядчы — "БПК" ЖЧК ишканасынын төрт кызматкери болгон. Окуянын себептерин жана чоо-жайын аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган кырсыкты иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү" деп айтылат маалыматта.
"Альянс Алтындын" маалыматына караганда, Жерүйдө 20 подрядчы уюм иш алып барат.
Кызматкери каза тапкан "БПК" компаниясы окуя боюнча маалымат бере элек. Аталган компания тоо-кен тармагында иш жүргүзөт. Расмий сайтында анын 450дөн ашык кызматкери бар экени жазылган.
Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" "Альянс Алтын" компаниясы орусиялык "Восток-геолдобыча" ачык акционердик коому тарабынан негизделип, Кыргызстанда 2015-жылы расмий каттоодон өткөн. Компания Жерүйдү иштетүү жана анын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү лицензиясына ээ. Кыргыз өкмөтү лицензияны аукциондун негизинде 100 миллион долларга саткан.
Жерүй — Кумтөрдөн кийинки эле Кыргызстандагы эң ири алтын кени болуп саналат. Алгач 1969-жылы чалгындалган бул кенде болжол менен 90 тонна алтын жана 25 тонна күмүш запасы бар экени эсептелген. Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин тушунда аны иштетүү укугу бир нече жолу ар кандай компаниялардын колуна өтүп, саясий оюндардын чордонунда болуп келген.
Кенди өздөштүрүүгө жергиликтүү калк бир канча жолу каршы болгон.
"Альянс Алтындын" 60 пайызына орусиялык миллиардер Муса Бажаев ээлик кылса, калган 40 пайызы теги токмоктук, "Граф" деген каймана ат менен таанымал маркум ишкер Алижан Ибрагимовго таандык экени айтылып жүрөт.
Инвестициялык көрсөткүчтөргө таянсак, Жерүй долбоорунун жалпы баасы 600 миллион долларды түзөт. Компаниянын билдирүүсү боюнча, бул каражаттын 400 миллион доллары 2021-жылга чейинки курулуш жана даярдык иштерине жумшалган.
































